Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын Терек айылында 14 миң түп теректин көчөттөрү тигилди

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Терек айылында 14 миң түп терек тигилди.

Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Жусупжановдун айтымында, Баетов айылынын баш жагындагы дамбадан тарта Терек айылынын кире беришине чейинки аралыкка 14 миң түп теректин көчөтү отургузулду. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 430 миң сом бөлүнүп, көчөттөр сатып алып келинген. Көчөт отургузууга жергиликтүү тургундар жана мекеме-ишкана кызматкерлери тартылган.

Ал эми райондук токой чарбанын башчысы Рысбек Каналиевдин айтымында, быйыл Баетов айыл аймагына 14 миң түп терек, Ала-Буга айыл аймагына 10 миң түп терек, 250 түп карагайдын көчөттөрү тигилсе, Тоголок Молдо айыл аймагына 13 миң түп теректин көчөттөрү тигилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE