Пример HTML-страницы

Москвада киши колдуу болгон Анвардын апасы тергөөнүн жыйынтыгын күтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushРоссиянын Москва облусунда бычакталып каза болгон Кыргызстандын жараны — Анвар Кубанычбек уулунун өлүмү боюнча кармалган 4 жарандын үчөө камактан бошотулганына маркумдун апасы Махабат Жанышбаева нааразы болууда.

Анын айтымында, Анвар Кубанычбек уулунун каза болгонуна 2 айдын жүзү болду. Бирок, ушул кезге чейин сот процесстери баштала элек. Тергөө амалдары солгун жүрүп жатат. Мындан улам ал президентке кайрылып, бул ишти көзөмөлдөп берүүнү суранып жатат.

Буга чейин Россиянын Москва облусунда Кыргызстандын 2005-жылы туулган жараны К. уулу А. бычакталып каза болгондугу кабарланган.

Маалым болгондой, 22-мартта таңкы саат 04:10 чамасында Павшино кичи районунун полиция бөлүмүнө Подмосковный бульварындагы үйдүн жанында эс-учун жоготкон адамдар жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Полиция кызматкерлери Кыргызстандын эки жаранын бычакталган абалда табышкан.

— Алардын бири — Чүй облусунун Сокулук районунда 2005-жылы туулган К.уулу А. Ал тез жардам бригадасы жеткиче каза болгон;

— Экинчи жабырлануучу — Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 2004-жылы туулган тургуну Х.Р. аймактык ооруканага жаткырылган.

Бул факт боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (киши өлтүрүү) менен 30-105-беренесинин (эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Павшино кичи районунун полиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү менен бирдикте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында 2003-2002-жылдары туулган 4 шектүү кармалган. Баары Кыргыз Республикасынын жарандары.

Расмий маалымат боюнча, шектүүлөрдөн пневматикалык тапанча жана бычак табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка чыр негиз болгон.

Маркумдун агасы (аталаш) Дыйканбай Муктарбек уулу окуя тууралуу айтып берген.

«Анвар үйгө саат 23:30 чамасында келген. Чогуу жашаган 2 бала менен бөлмөсүндө болчу. Мен түнкү саат 01:30 чамасында ажатканага чыкканда уктап жатышкан. Анвардын үстүн жаап, эшикти илип жаткам. Мен уктап калганда үйдөн чыгып кетишиптир. Ойгонуп эле телефондоруна чалсам, үчөө тең такыр албай коюшту. Сарсанаа болуп издебеген жерим калбады. Ошентип милицияга кабар берилип, инимдин жансыз денеси кийинки райондон табылды. Ал жакка 3 тааныш кыз чакырып, булардан жардам сурашкан экен.

Иним, кайын иниме, дагы бир бала кыздарга жардам беребиз деп барып, ушул окуяга кабылышкан. Ал жерден иниме жана кайын иниме бычак сайыптыр. Иним окуя болгон жерден каза таап, кайын иним учурда ооруканада оор абалда жатат. Россиянын полициясы, ИИМдин Россиядагы өкүлдөрү тез эле 4 баланы кармашты. Алардан жанынан бычак жана курал чыккан. Берки үч кыздын бирин кармап, экөөнү Кыргызстанга депорт кылышыптыр. Негизи булар тобу менен жоопко тартылышы керек. Кыргыз жана Россиянын бийлигинен өтүнөм, мындайларга катуу жаза берилиши керек», — деген ал.

Маркум үй-бүлөдө 3 бир тууган болчу. Анын артында апасы, улуу эжеси жана иниси калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE