Пример HTML-страницы

Асел Исакова жердештеринин конок тосуу түйшүгүн жеңилдетип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТаластын 41 жаштагы тургуну Асел Исакова куда тосууда, ар кандай мааракелерде кызмат кылат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, буга чейин бир нече ашкана, ресторандарда иштеген.

«Мен үйгө чакыруу менен барып, конок тоскон айымдарга жеңилдик кылам. Мен үчүн тамак жасоо алгач хобби болчу. Бирок азыр жумушума, бизнесиме айланды. Кесибимди абдан жакшы көрөм. Тамак жасоодогу талантым апамдан, чоң энемден өткөн. Кичинемден тамак жасаганды жакшы көрчүмүн. Азыр үйлөрдө той өтүп, конок келгенде ашпозчу болом. Бизде чакан, бирок ынтымактуу команда бар. Менюда даамдуу-даамдуу закускалар жана ысык тамактар бар. Бир кишиге 250 сомдон алам. Бирок тизмеде комплекстүү меню, биринчи тамак, экинчи тамак, мөмө-жемиштердин кесимдери, эт кесимдери, салаттын 3 түрү, ар кандай закускалар бар.

Ар кандай жумуш сыяктуу эле кыйынчылыктар болот. Кээде коноктор келгенге чейин өз убагында бүтүрүү үчүн өзүңдүн жумушуңду токтотуп коюп, бир нече күн иштөөгө туура келет. Бирок ошого карабастан бул ишти тандап алганыма кубанам. Бүгүнкү күндө кулинардык искусстводо көптөгөн түрдүү идеялар бар. Биздин шаарда азыр фитнес салаты, уй этинен жасалган салат, жашылча булочкасы популярдуу. Бизде оромо шорпо деге тамак бар. Бул уйдун сорпосундагы камыр.

Буга чейин бир нече ашкана, ресторандарда иштегем. Эсимде, биринчи иштеген күнүм болчу. Шеригим экөөбүз Талас шаарындагы ресторанда казан күйгүзгөнбүз. Майды көп ысытып алып, ушундан улам өрт чыгып, бат эле жайылып, шыпка чейин жеткен. Бирок Кудайга шүгүр. баары жардам бере калып, бизди аман алып калышкан (күлүп). Бирок баары ойдогудай болду, жардам бергендердин баарына рахмат. Көп зыян болгон жок. Бирок биз аны төлөйлү десек ресторандын ээси акча алуудан баш тартып койгон. Ага жөнөкөй адамгерчилик үчүн рахмат», — деди ал.

Ашпозчу жолдошу экөө 3 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE