Пример HTML-страницы

Жумгалдын борбордук аянтындагы ийне жалбырактуу дарактар куурап калды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунун борбордук аянтында мындан 2-3 жыл мурда отургузулган ийне жалбырактуу дарактар суу жетпей куурап калды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Чаек айылынын тургуну Жыргалбек Исмаиловдун айтымында, жер алдында калган арыктарды калыбына келтирүү керек.

«Акимчиликтин маңдайындагы аянтта куурап калган дарактар. Аталган аянт кароосуз калган. Театр кызматкерлери отургузган гүлдөр дайыма суу жетпей куурап калат. Мурда Чаек автобекетинин жанынан суу бөлүнүп, ушул арык оорукананы көздөй суу алып өтчү. Азыр арыкты таппайсың. Жер алдында көмүлүп калган. Райондук сот, прокуратура, музей, театр, борбордук аянт жана банктардын короосундагы дарактарга суу жетет. Арык ошол мекемелерге чейин барат. Болгону арыктын көзүн ачып, суу кое бериш керек. Мурунку арыкты калыбына келтирүү зарыл. Көбү таза сууну колдонуп, шланг менен чачыратып сугарышат. Ал суу көчөткө эмес, кээде элге жетпей калат», — деди Исмаилов.

Айыл өкмөттүн орун басары Актан Абдилов бул боюнча Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, тазалык ишканасына тапшырма берерин билдирди.

Бул дарактар 2019-жылы Чаек айылынын борбордук аянтын оңдоп-түзөө учурунда отургузулган. Бул иштер демөөрчү тарабынан жасалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE