Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө түнкүсүн унаасы токтотулган жигиттердин кылмышы аныкталды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айылында мал уурдоого шектелип, 2 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 7-март күнү Жети-Өгүз райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери райондун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында кызмат өтөп жатышкан. Саат 03:30 чамасында Оргочор айылынын тушунан «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшерген учурда, айдоочу — Каракол шаарынын тургуну 1994-жылы туулган Ж. уулу Н. жана жанындагы 2005-жылы туулган К.А. экөө унаанын ичине бир баш өңү кара торпокту жүктөп келе жатышкандыгын байкашкан.

Бул факт Жети-Өгүз РИИБдин кылмыштарды каттоо китебине катталып, Жети-Өгүз райондук ЖКККБнын кызматкерлери жана Ысык-Көл ОИИБдин КККнын ӨРнын милиционерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, бул торпок Тоң районунун Эшперов айылынын тургуну И.Р.нын сарайынан уурдап келе жатышкандыктары аныкталган. Кармалган жарандар күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышып, уурдалып келе жаткан торпок далил зат катары алынып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул факт аймактык териштирүү үчүн Тоң РИИБге өткөрүлүп берилип, Тоң РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE