Пример HTML-страницы

Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын намазы

https://kyrgyzcha.site/?p=48803&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын намазы

♥ Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алейхи ва саллам куттуу хадистеринин биринде:

«Намаз – бул көзүмдүн нуру» дейт. Пайгамбарыбыз саллаллааху алейхи ва саллам менен замандаш кутман сахабалар анын намазга өзгөчө маани бергендигин айтышат. Азирети Айша (Алла ага ыраазы болсун):

«Азирети Пайгамбар саллаллааху алейхи ва саллам биз менен маек кура турган. Бирок, намаздын убагы кирген учурда ал бизди тааныбагандай абалга келип, турган турпаты, бүт дили менен Аллага бет алчу».

«Алланын элчиси саллаллааху алейхи ва саллам намазга турган кезде көөдөнүнөн казан кайнап жаткандай добуш келээр эле» (Абу Дауд, Солаат – 157). Бул багытта Азирети Пайгамбарыбыздын саллаллааху алейхи ва саллам: «Намазга турганыңарда эң акыркы намазыңар сыяктуу окугула!» дегени бар (Ибн Маажа, Зухд, 15).

♥ Ал парз намаздарынан сырткары чолосу тийгенде напил намаз окуй турган. Ошондой эле жакшылык иштерге туш келип сүйүнгөн кезинде Жаратканга шүгүр келтирип намаз окучу.

Ал эми кандайдыр бир кыйынчылыкка туш болгондо да дароо намазга туруп, Жараткан Аллага жалынып жалбара турган (Абу Дауд, Татавву – 22, Жихад – 162).

♥ Сүйүктүү Пайгамбарыбыз «Намазыңарды кудум мен окуган сыяктуу окугула!» (Бухари, Азан 18) – деп айтып, намазды ийне-жибине чейин үйрөткөн.

♥ Ардактуу Пайгамбарыбыз саллаллааху алейхи ва саллам түнкүсүн намазга көп турчу. Үммөтүн да түнкү напил намазга үндөп:

«Түнкүсүн турууга аракет кылгыла!

Анткени ал силерден мурунку асыл адамдардын адаты болгон. Түнкүсүн ибадатка туруу, калетсиз, Аллага жакын болуунун талабы. (Бул ибадат) күнөөлөрдөн оолак кармап, каталарга каффарат болот жана дене дарттарын да кетирет» (Тирмизи, Даават 101).

♥ Азирети Умар бин ал-Хаттаб (Алла ага ыраазы болсун) халифа болуп турган учурунда өзүнүн аймактык башкаруучуларына жазган каттарынын биринде:

«Өтө маанилүү ишиңер – бул намаз. Ким аны үзбөй окуса, анда ал өз динин коргогон болот. Ал эми ким намаз окубаса, анда ал динин тез ураткан болот» (Малик бин Анас, Муватта, Вукуутус-солаат 6).

♥ Алланын элчиси саллаллааху алейхи ва саллам дүйнө иштери менен алек болуудан кыйналган учурда:

«Оо, Билал! Бизди ырахатка бөлөчү!» дечү. Пайгамбарыбыз кайсы жерде болбосун намазды убагы киргенде окучу (Бухарий, Солаат 48).

Жараткан Алла намаз окуу маселесинде жалкоолук кылууну, аны оор көрүүнү мунафыктардын (эки жүздүүлөрдүн) сыпаттары катары:

«Алар намазга турганда жалкоолонушат, эл көрсүн дешет. Алланы аз эстешет» (Ниса 142) деп буюрган.

♥ Пайгамбарыбыз саллаллааху алейхи ва саллам катуу ооруган учурларда да намазын таштап койгон эмес. Бул дүйнөдөн өтөөрүнө жакын ооруусу аябай күчөп, ал-күчтөн тайган кезинде да бешим жана аср намаздарында эки кишинин жөлөөсү менен бөлмөсүнөн чыгып, мечитке келип, намазды жамаат менен бирге окуган. Өлүм алдында кыйналып турган учурунда да үммөтүнө пайдалуу маселелерди айтууга жан үрөгөн.

Ардактуу Пайгамбарыбыз саллаллааху алейхи ва саллам соңку осуятында да: «Намазды таштабагыла!

Намазга бекем болгула!

Ошондой эле кол алдыңардагылардын (кул-күңүңөрдүн, жубайыңардын жана балдарыңардын акысын бербөөдөн) Алладан корккула!» деп айткан (Абу Дауд, Адаб 123-124).

♥Сүйүктүү Пайгамбарыбыз саллаллааху алейхи ва саллам момундардын жаш кезинен тартып эле намазга үйрөнүүсү үчүн өзгөчө көңүл бурган. Балдар жети жашка чыкканда аларга намаз окууну үйрөтүүнү, ал эми он жашка келген кезде намаз окууга үндөөнү, зарыл болсо бир аз мажбурлоону буйруган. Куранда минтип айтылат:

«Үй-бүлөңө намаз окууну буйругун!

Өзүң да аны сабырдуулук менен уланткын!

Биз сенден кандайдыр бир ырыскы сурабайбыз. Тескерисинче, сага ырыскыны Биз беребиз! Жакшы акыбет такыбаларга» (Таха, 132)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE