Ысык-Ата районунда сүттүн сатып алуу баасы бекитилди. Бирок айрым фермерлер ал баага макул эмес

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Ата районунда сүттүн баасы боюнча чечим кабыл алынды. Анын негизинде июнь айынын аягына чейин сүттүн сатып алуу баасы 29 сом болот.

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясында сүт алуучу заводдордун жана райондогу сүттү кайра иштетүү ишканаларынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Жыйынга акимдин орун басары Алмазбек Жумалиев, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Афтандил Исаев жана айыл өкмөт башчылары катышты. Анда сүттүн баасынын кескин түшүп кетүүсү жана райондун аймактарында баа ар кандай болуп жатышы сүт өткөрүүчүлөрдүн нааразычылыгын жаратып жатканы боюнча сөз болду. Ошол эле учурда сүттү кайра иштетүүчү заводдордун жетекчилери сүттү кабыл алууда майлуулугуна жараша баа коюларын, заводдун сүттү кайра иштетүүдөгү чыгымдары жөнүндө айтып беришти.

«Жашыл чөп чыккан мезгилде сүттүн майлуулугу азайып, суюк болуп калат. Ошол себептен жаз-жай мезгилдери сүттү арзан алабыз. Ошол эле маалда күн ысыганда сүт орто жолдо ирип кетиши да мүмкүн», — деди заводдун өкүлдөрү.

Жыйынтыгында райондун бардык айыл аймактарында сүттүн сатып алуу баасын 29 сомдон кармап турууга токтолушту.

Пример HTML-страницы

Фермер Элмира Жапарова жазында сүттүн майлуулугу азайып кетет деген жөн гана шылтоо экенин айтат.

«1-2 уй баккандар талаага айдашат. Алардын ую жашыл чөп жеп, анан сүтү суюк болот. Ал эми ондоп уй кармагандар талаага жайбайт. Сайрада багышат. Мындай фермадагы уйлар кыш-жайы бир эле чөп, бир эле жемди жейт. Сүтү суюлуп кетпейт. Мынча уйду жайганга бизде жер жок. Талаанын баары айдоо болуп, бош эмес. Ошол 1-2 ую барларды айтып, жалпы сүттүн курамы суюлуп кетти деген туура эмес. Фермалардагы уйлардын сүтү майлуу болот. Азыр 30 сомдон тапшырып жатабыз. Бирок, бул баа чыгымды актабайт. 1-2 ую барлардын чыгымын 29 сом актайт. Себеби, алар талаага жайышат», — деди ал.

Элмира айым учурда уйларын сатып, фермасын жаап жатканын билдирди.

«Быйыл кышы менен араң чыктык. Чөптүн баасы 450-600 сомго чейин чыгып кетти. Самандын бир түгү 350-400 сом болду. Жем 20 сомдон 25 сомго чейин, улпактар 16 сомдон 20 сомго чейин сатып алдык. Сүттүн баасы бул чыгымдарды актабай калгандыктан, фермамды жаап жатам. Мен эмес, чоң фермалар жабылып жатат. Эт багытында бука баккандар (500 баштан төмөн) фермаларын жаап жатат. 700-1000 баш бука байлагандар иштеп жатышат.

Мындан тышкары сүт өндүрүүчүлөргө насыяны 6 пайыз эмес, 18 пайыз менен берип жатышат. Министрлик 6 пайыз менен берип жатабыз деп айтууда, бирок андай болгон жок. Мен 6 млн сом алгам. Бир жагынан насыя кыйнап койду. Сүт, эт өндүрүүчүлөр ушул жагынан кыйналып жатат», — деди ал.

Акылбек аттуу фермердин айтымында, азыркы баа менен салыштырганда сүттүн фермадагы баасы 50 сом болушу керек.

«Чөп, жемдин баасы кымбат. Жер айдап, иштетүү бардык эле фермердин колунан келе бербейт. Жер тарыш. Анын үстүнө техникалардын кызмат акысы, күйүүчү май дагы кымбат. Ветеринар жалдасаң, анын кызматы дагы кымбаттаган. Дары-дармек алсак, алар деле арзан эмес. Баары эле кымбаттап жатат. Бир гана сүт кымбаттабай койду. Дүкөндөрдө ошол эле заводдун сүттөрү 65 сомдон 90 сомго чейин сатылып жатат», — деди ал.

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы район боюнча сүттү 29-30 сомдон тапшырып жатышканын билдирди.

Буга чейин Панфилов районуна караштуу Күрпүлдөк айыл аймагында сүттүн баасы 27 сомдон 29 сомго, башкача айтканда 2 сомго көтөрүлгөнү маалымдалган.

Айыл аймакта жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен алектенет. Кышында сүттүн баасы орточо 35 сомдон жогору болсо, жаз айларында 27 сом болгонуна жергиликтүүлөр нааразы болушкан. Бул маселе райондун жетекчилеринин катышуусундагы жыйында чечилип, сүттүн баасы 2 сомго көтөрүлгөн. Келерки жумада дагы күн тартибиндеги маселе карала тургандыгы мерчемделген.

————-

2024-жылдын 8-майында Жогорку Кеңештин жыйынында аймактардагы сүттүн сатып алуу баасы боюнча маселе көтөрүлгөн. Депутат Аманкан Кенжебаев баа 25-29 сомго чейин түшүп кеткенин билдирген. «Эл сүттүн сатып алуу баасы арзандаганына, бирок дүкөндөрдө даяр продукциянын баасы өзгөрбөй турганына таң калып жатат. Бул биздин суроо эмес, бул маселени министрлер кабинети чечиши керек», — деген ал.

Өз кезегинде депутат Акылбек Түмөнбаев 1000 фермер сүттүн баасы боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышын күтүп жатканын билдирди. «Сокулукта азыртан эле митингдер өтүп жатат. Келерки жумада сүт тармагына байланыштуу маселелер боюнча министрлер кабинетин чакырып коюңуз», — деген ал.

2024-жылдын 4-мартында ЖКнын бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет «Сүттү сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карап жактырган.

Токтом долбоорунун демилгечиси — депутат Акылбек Түмөнбаев.

Мыйзамынын долбоорунун негизги максаты сүт рыногунда баа түзүүнү мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жолу менен ата мекендик айыл чарба сүт өндүрүүчүлөрдү жөнгө салуунун жана колдоонун жалпы укуктук жана экономикалык принциптерин белгилөө болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️