Пример HTML-страницы

Баетов—Кош-Дөбө жана Нарын—Баетов жолдору асфальт төшөөгө даярдалып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов—Кош-Дөбө жана Баетов—Ак-Тал унаа жолдоруна асфальт төшөө үчүн даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун 6 чакырым аралыгына, тактап айтканда Баетов айылынан Ак-Чий айылына чейин жана Баетов—Ак-Тал унаа жолунун 36 чакырым аралыгына асфальт басылат.

Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров быйыл район боюнча 45 чакырым аралыкка асфальт басыларын айтты.

«Быйылкы жылы Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун 6 чакырымына, Жаңы-Талап айылынын борбордук көчөсүнүн 2 чакырымына жана Кызыл-Белес айылынын 1 чакырымына республикалык бюджеттин эсебинен асфальт төшөлөт. Ошондой эле, «Капиталдык салымдар» беренесинин негизинде Нарын—Баетов унаа жолунун же тактап айтканда Баетов айылынан Ак-Тал айылына чейинки 36 чакырым жолго 2 катмар асфальт төшөлөт», — деди аким.

Ал эми райондук жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Максат Орозалиев Баетов—Кош унаа жолунун 6 чакырым аралыгына асфальт басыларын белгилеп өттү.

«Баетов—Кош-Дөбө унаа жолуна асфальт төшөө иштери колго алынган. Айтсам, өткөн жылы аталган жолго асфальт төшөө иштери башталып, Баетов айылынан Ак-Чий айылын көздөй 4 чакырым аралыкка басылып бүткөн. Быйыл асфальт токтогон жерден тарта улантылат. Ошондо 6 чакырымына төшөлөт. Ар бир чакырымына 7 млн 200 миң сомдон каражат каралган. Ак-Чий айылынын кире беришине чейин асфальт басылат. Июнь айынын аягына чейин бүткөрүлөт», — деди М.Орозалиев.

Ал эми «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо-изилдөө институту мамлекеттик ишканасынын техник-лаборанты Айбек Жунусов Баетов—Ак-Тал унаа жолуна 2 катмар асфальт төшөлөрүн айтты.

«Асфальт басыла турчу жолдун узундугу 36 чакырым. Учурда Кайыңды-Булак айылынын тушундагы унаа жолдун алдына дренаж куруу, кыянын алабын кеңейтүү иштерин жана асфальт басууга даярдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Жакында күндө атайын техникалар келет. Учурда колубузда болгон техникалар менен ишти жүргүзүп жатабыз. Асфальттын туурасы 7 метр болот. Ал эми асфальтка чейин 36 метр кум, шагыл төгүлүп бийиктетилет. Асфальттын биринчи катмары 7 сантиметр, экинчи катмары 5 сантиметр болот. Буюрса, акча каражаты өз убагында бөлүнүп, техникалар берилсе, жолду күзгө чейин бүткөрүп, пайдаланууга беребиз», — деди А.Жунусов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE