Пример HTML-страницы

Баткенде Союз учурунан бери ишке ашпай келген Кара-Кол каналынын курулушу жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Кара-Булак айыл аймагындагы Кара-Кол каналынын курулушу жүрүп жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Учурда узундугу 14 чакырымды түзгөн каналды куруу, калыбына келтирүү иштери аткарылууда. Бул ири долбоор үчүн республикалык бюджеттен 27 млн сом каралса, демөөрчү уюмдан 26 млн сом берилген.

Ирригациялык обьекттин курулушу менен 1000 гектар жер сугат суу менен камсыз болуп, жакынкы айылдарга кошумча суу берүү жакшырат.

Азыркы учурда тоо арасындагы капчыгайдын ичиндеги Сары-Таш, Таңги участкасында темир суу түтүктөрүн ширетүү, монтаждоо иштери жүрүп жатса, Ак-Терек участкасында каналды бетондоо жана даярдоо иштери жасалууда.

Тийиштүү адистер белгилегендей, Советтер союзу мезгилинде бул долбоорду ишке ашыруу аракеттери болгон. Бирок курулуштун татаалдыгынан толук ишке ашпай, канал пайдаланылбай калган.

Аба ырайына байланыштуу каналды кум, шагыл, таштар басып калып, Алтын-Бешик тоолорунан агып түшкөн мөңгү суусунун нугу жоголуп, узак жылдар бою жерге сиңип жаткан.

Натыйжада каналдын курулушу башталып, суу көбөйгөн учурда 1 куб көлөмдөгү сууну пайдаланууга шарт түзүлүүдө.

Кара-Кол каналынын курулушун 2023-жылдын ноябрь айында бүтүрүү пландалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE