Пример HTML-страницы

АПА ЖЫТЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=47879&preview=true Кызыктуу окуялар.

АПА ЖЫТЫ

 

Жайлоо. Желедеги бээлерди саап жүргөн эки бети кызыл, коюуу узун кара чачын өрүп таштап коюп, бутундагы маасы көлөчү кечээги жамгырга ылайкы болгон көк чөпкө тайып жыгылып кетейин деген Марал жүрөт. Желедеги бээлер жат адам келе жатканын кабарлагандай кишинеп кирди, айгыр ат желедеги бээлерди башка айгырдан кызганган түрдө алдыңкы буттары менен жерди ойо чапчып желени тегерене кетенчиктеп кошкуруп калды. Марал башындагы ак жоолугун, маңдайына түшүп калган көкүлүн кошо колу менен өйдө имерип кылчайып артын карады. Тоо капталында кашка ат минген, кара мойлоочон, башына тебетейин баса кийген сүрдүү көз карашы менен караган эркек:

— Арыбаңыз сулуу. Жок издеп жүрөм. Кулагында эни бар, сол мүйүзү жарымы сынык, куйругунун учу ак, өзү кара түстүү болгон торпоктуу уй жоготтум. Көрбөдүңүзбү?

— Келиңиз, баатыр, жол болсун. Жоктун эби табылар,- деп боз үйгө шашып кирип чаначтагы кымыздан бир чыны куюп, дасторконго тандыр нан, май токоч кошуп бейтааныш жолоочуга сунду. Суусап калган Эрмекбай ат үстүнөн түшпөстөн, ээрде отурган жеринен кымызды түк көтөрүп ууртап жиберди, анысы бел ашып келгенге суусап калганы билинип турду. Май токочтон сындырып каймакка малып бир илип оозуна салып, эки чайнап жутуп жиберип өзөк жалгап алган соң гана:

— Атыңыз ким сулуу кыз? — деп көңүлдөнө шайыр сурады.

— Марал. Атымды ыраматылык атам койгон экен.

— Эрмекбай болот менин атым, менин атымды да атам койгон экен, ким билет өзүнө же агаларыма эрмек болсун дегенби, ошондойго чамасы.

— Ии, баса жок издеп жүрөм дебедиңизби. Сиз айткандай «Куйругунун учу ак, бир мүйүзү сынык, торпогун ээрчитип адашып биздин малдарды ээрчип келгенинен байлап койдум»- деп кошуна Арапат эжебиз айтып жатты эле, Сүйүнчүсү болобу?- деп тийише тамашага салып сүйлөгөнчө кымыз куюлган чыныны Эрмекбайдын колунан алган кезде, жанатан бери жагымдуу сүйлөшүп жаткан эки жаштын көздөрү бири-бирине чагылыша түшүп «чарт-чурт» эткен чагылган түшкөндөй жүрөктөрү лакылдап согуп, өпкөлөрү тамагына жармашып калгандай аба жетпей кызара түшүштү. Марал желени көздөй басып жөнөдү да:

— Эрмекбай аке, Арапат эженин боз үйү ушул кырдын башында, кызыл жардын тушундагы жалгыз үй, түз барсаңыз адашпай таап аласыз.

— Сиздей сулуу, жогумду таап берип турса, суусунумду кандырып кымызын сунуп турса, түз баспаган адам арам өлөт ко. Сүйүнчүсү сөссүз болот, күтүңүз.- деп Эрмекбай кыр башына, жар тушун көздөй атын чапкылаган бойдон шашып кетти.

«Сүйүнчүсүнө»- деп атам Эрмекбай, «Марал апама»- деп алтын сөйкө, алтын билерик тагып бүтүп, атка өңөрүп «Ойнотуп келемин»- деген шылтоо менен ала качып баратканын апам сезип, атама апамын да көңүлү түшүп, экөө сүйдүм чок, күйдүм чок болуп «Дүйнөдөгү жалгыз жана түбөлүк сүйүүбүздү таптык. Эми өмүр жолдо өмүр өткүчө бир болобуз. Бирибиз өлсөк ошол күнү экинчибиз да өлөбүз»- дешип катуу антташат. Ал антты алты уулу бир кызы бой жетип чоңоюп калган кезде деле бири-бирине тамаша салып эстетип калгандарын угуп ата- энебиздин махабатына тан берчүбүз.

Айылыбыздагы көп эле үй-бүлөлөрдүн жазылбаган эреже-салты боюнча эң кенжеси эркетай атыгып, эң чоңу ата-энеге бел кубат болуп колдон ишти алса, биздин үй-бүлөдө ортончо уул атыккан мен — Жолборс — үйдүн эркетайы болуп жашым жыйырмадан ашса да апамды кучактап эмчегине бетим менен түшүп моокумум кангыча, көңүлүм тойгуча жыттап-жыттап кучагынан чыкпай жата берчүмүн. Ошону менен бирге атама канат болуп, пайтоосун байлап өтүгүн кийгизип, чөп чабыкка бирге чыгып, ууга чыкса Акжолтой итти ээрчитип кийиктерди үркүтүп берчүмүн. Кышындасы атты токуп минип дүкөндөн ун ташып, кар күрөп бүт үй иши да менин моюнумда болуп ата-энеме да жөлөк болуп калдым.

Шумдуктуудай тебинчек ала уйубуз бар эле, аны сатып жибербей чарбада кармаганыбыздын себеби желини чоң келип сүттү көп гана бербестен сүтү майлуу болуп коюуу болчу. Апам ала уйду саап жатканда уй тээп жибербесин деп, атам куйругунан кармап моюнун кашып, торпогун салып берчү.

Атам айылдагы орто мектепте орус тили мугалими, таң эрте туруп ишке жөнөгүчө, апам шорпо асып бышырып, чыныга куюп нан туурап коёр эле. Алтурсун апам, атамды бир жолу «Эрмекбай»- деп атын атап чакырганын укпапбыз.

Атам, апамды өмүрү «Энеңди»- деп сөккөнүн, же кол көтөрүп кокус-мокус кылганын көрбөдүк. Ал эми апам болсо атама карап бир жолу сөөмөйүн кезеп «Өлүгүңдү» дегенин кулагыбыз чалган жок. Оюбузда ушинтип эле атам менен апам бактылуу өмүр сүрүп, жүзгө чыгып, өздөрү антташкандай бир күндө көз жумса керек деп кыялданып алганмын. Бирок турмуштун, Жараткандын, тагдырдын буйругу башкача болот тура. Апамдын өмүрүнүн элүү сегизинчи жазы келип, байчечекей чыгып, көктөм көгөрүп, жайлоого ана чыгабыз мына чыгабыз деп турган кезде капыстан «Апаң көз жумду, кайрат кыл»- деген суук кабар мени жыйырма алты жашымда, жаш, эми бүрдөп кирген талды белинен сындырып салгандай акыбалга кептелдим.

Апам жарык дүйнө менен кош айтышкан кезде жаңы эле үйлөнүп, бир кыздуу болуп, Ош шаарынан бир кааналуу батир алып, кызыл Жигули унаасын сатып алганыма бир апта убакыт боло элек болчу. Ушул дем алуу күндөрү атама, апама сүйүнчүлөп айылга барам. Апамды машинемдин алдыңкы отургучуна, жаныма олтургузуп, эл кыдыртам, жер кыдыртам деген тилегимди таш капты.

Үйгө, маркум апама жеткичекти көзүмөн аккан жашы соолуп, көкүрөк бугу жүрөгүмдү өйүтүп буулугуп бараттым. Апам өлгөнүн уккан соң мен үчүн жашоонун эч кызыгы калбады.

Ошентип апамды жерге бердик, «үчүлүгү» болду, андан соң «кыркы» чыккан күнү эки кой союп куран окуп жакын туугандарды топтоп апамды эскердик. Кеч кирип, эл тарап жакын туугандар калганбыз, дасторкон үстүндө олтурган кезде туугандар:

— Эми Эрмекбай, Марал кетти. Өлгөн менен кошуп өмүр токтоп калбайт тура. Эркексиң, келиндериң жаш, кийим кечеңди жууганга, төшөк салып, ооруп сыркасаң каралашканга аял алып берейли. Эмне дейсиң?- деген сөзүн укканда, Атамды карасам «Жок» дебей, «Ооба» дебей, бирок макул болгондой башын жер салып туруп бергенде мен жарылып кеттим

— Ата, бирибиз өлсөк, экинчибиз ошол күнү өлөбүз деген убадаңыз кана. Экөөңүздөр бири-бирибизди өмүр өткүчө сүйүп жашайбыз дегениңизчи. Апамдын кыркы чыкпай, төшөк жаңырт дегендерге макул болуп турасыз. Эгерде апамдын арбайын сыйлабай аял алам десеңиз, анда Жолборс уулуңузду кечип, жок деп коё бериңиз,- деген бойдон үйдөн безип качып жөнөдүм. Чоң жолго чыгып аспалт жол менен чуркап келе жатам, атам үйлөнсө апамды бат эле унутуп сатып кетеби деп ызаланып олтуруп чоң көпүрөгө жетип калыпмын. Жаман ой тез каптайт экен, оюмда: «Апама барам. Атам апамды сатты, сүйүүсүн сатты, бизди сатты, ооба мен апамдын жанына барам, апамдын көкүрөгүнүн жытын кучактай жатам. Өгөйдүн ашын ичип, анын көзү менен тегеренип жашагандан өлүм артык»- деп көпүрөдөн ылдый шар аккан, жазгы кирип турган, терең дайрага боюмду таштадым. Сууга түшкөндө алгач аптыгып сууну жутуп аба жетпей кыйналып, кыстыгып барып өзүмдү жоготуп койдум. Суу алдында топурак кумга аралашып агып баратканда: «Уулум, эркетайым. Көкүрөк күчүгүм. Кагылып кетейиним- деген апам көкүрөгүнө кыса кучактаганда мен тааныган жыт мурдума уруп, кубанып кетип, апамды тиктесем мээримдүү көзү менен карап — Уулум, эсиң менен бол, ээнбаштыкка жол бербе. Үйдүн эркеси да түркүгү да сенсиң садагаң кетейин! Атаңа, беш эркекке, бир карындашыңа бел бол, бутуна тургуз,- деп колумдан тартып, дарыя жээгине алып чыгып, — көкүрөгүңдөгү эки топчуңду топчулап ал балам»- деп, өзү асманга көтөрүлүп, көзгө көрүнбөй жок болгуча жылмая тиктеген элестер менен жок болуп кетти. Өзүмө келсем дарыя

жээгинде жатам, көйнөгүм жалжайып, чындап эле апам айткандай эки топчум чечилип калыптыр, аны топчулап жатып, апамды сагынып, үнүмдүн болушунча өлгүдөй эчкирип ыйлап жаттым. Кулагыма апамдын шыбыраганы угулуп жатты: «Атаңа, беш эркекке, карындашыңа бел бол, бутуна тургуз»- деген. Мен болсо: «Апаа….Апа дейм…, Апоов! Кетпеңизчи»- деп ыйлап олтуруп, үйгө барбастан жолдон жүк ташыган унааны токтотуп Ошко жеткенимди не билип, не билбей нес абалда батир эшигин ачып ичкери кирсем, аялым кызым экөө ойлуу терезе тиктеп турушуптур. Чекилик кылып атам менен апам уруш кылганын көрбөгөн соң кызым уктаган кезде аялыма кайрылдым:

— Жийдеш, мен жоголом. Үйдөн кеттим, айылга да барбаймын.

— Ажырашайлы дейсиңби?

— Каалаганыңды кыл. Ишенсең, апам өлгөндөн кийинки жашоо мага эч кызыгы жок,- деп сыртка чыксам кошунам Вася жүргөн экен ага Жигулимди айдатып алдым да күчүмдү Арактан чыгарып иче баштадым. Түн оокумга чейин арак ичип, үйгө кирбей Васянын батирине кирип куладым. Бир кезде Жийдеш кирип: «Айылдан атам келиптир»- дегенде эндирей түшүп, үйдү көздөй жөнөдүм. Батирибизге киргенде Жийдеш эшикти култтап, ачкычты чөнтөгүнө салганда, атам келбегенин билдим, Жийдеш көзүнө жаш алып ыйлаксырап сүйлөп кирди:

— Сен жоголсоң, анда сени менен кошулуп мен да жоголом, сен өлсөң мен да өлөм,- дегенде соолуга түштүм, ошону менен бирге Жийдештин ушул сөзү мени алдыга үмүт болуп жарык чачып, канат болуп алдыга жетелеп, апам жок болсо да Жийдеш үчүн, чырпыктай болгон Камила кызым үчүн жашоом керек. Эми атам экөөбүз элдешип алсак жакшы болот эле деген бүтүмгө келип жашагым келип, жашоого кызыгуум пайда болуп көңүлүм жай алып уйкуга кеттим.

Таң атты. Уйкудан турдум, тыңшасам кухнядан тааныш эркектин үнү чыгып жатат, байкаштырсам атам да уйкусу качып мага боор ачып таң эрте бизге жетип келиптир. Бети башымды жууп, сакалымды алып атам экөөбүз кучакташып апамды эстеп ыйлап кирдик. Атам: «Уулум, эч кабатыр болбо, мен үйлөнбөйм»- деп, бир түн мурунку тилегим орундалып, ата-бала бавырап чай ичтик. Үй ичинде кырк күндөн бери чыкпаган күлкү аралады, ошону менен бирге кут береке келе баштады.

Кытайга темир-тескек алып кирем, ал жактан кийим-кечкек ташып бат эле бутума туруп кеттим. Айылдагы атам салган эски үйдү жер менен бир кылып тегиздеп туруп, заманбап үй куруп бердим, эки агамды, инимди үйлөп, карындашымды турмушка эл катары узатып жакшы, бактылуу күндөр өтүп жатты.

Кудай экинчи кызды берген жылы жээним Эрланды шерик кылып ишкерликке үйрөтүп Кытайга чогуу кирип-чыгып жаттык. Ошол күндөрү жүк ташуучу унаабыздын суусу тоңуп Тоң мурун ашуусунда калып кеттик. Шоопур кыймылдаткычын чукулап оңдоо менен алек Эрлан экөөбүз жөн турбай жолдо иччү эмеспиз, үшүк албасын шылтоосу менен бөдөнө суусунан култуйтуп уруп кирдик. Ичибизге кирип жазылып калганга дейди сөздөр чыга баштады. Мен Эрланды чычалатып каптап киргенде оозунан мындай сөз өзү эле ыргып чыгып кетти:

— Тага, дердеңдебей атаңызга аял алып берип койбойсузбу. Эмне кыйынсыйс,- дегенде ээк туштай берип, Эрланды тоголото койдум. Ал жуваримбек бош келбей, жаткан жеринен туруп мени басып жыгылды. Экөөбүз ак кар, көк муздун үстүндө күрөшүп тоголонуп чарчаган кезде, аны жаныма чакырып, жаныбардай айкырбай, тууганча жумшак сүйлөп кирдим:

— Жээним бул кепти кайдан таптың, ачыгын айт?

— Тага, ишенсеңиз Эрмекбай тагам аябай эзилип кыйналып жүрөт, «Жолборсумду капа кылып алам, болбосо бир кемпир алып алсам жакшы болот эле. Түн ичинде ысытмалап ооруп сыркайт экенсиң, далың карышып, дарыга жетпей карылыкка моюн сунуп энтигип таңды атырат экенсиң. Түн ичи же уулуңа же келиниңди жардамга чакыруудан айбыгат экенсиң»- деп айтканын өз кулагым менен уктум,- деген Эрландын кебин укканга демим кыстыгып, денемди тер басып кеткенге Тоң мурун ашуусунун суугун сезбей күпайкемдин жакасын жагжайтып төшүмдү шамалга тосуп муздак кардан колума уучтап оозума тыгып атып да ичимдеги күйдүргү ыссыкты баса албай койдум.

Шаарга келип, айылдагы атамды үйгө чакыртып, ал келгиче атам жакшы тааныган шаардык курдашы Исмаил акени кошо чакырып: «Үйлөн- деп,- атама сиз айтыңыз»- деп ич ара кепти бышырып, даярданып алдык.

Дасторконго тегерене отуруп табак үйүлүп үстүнөн пулоосу чыгып дем жеген аш келди. «Ал-алга» келип, аш желип ортолоп калганда, кепти Исмаил аке сөз баштады:

— Эрмекбай, Маралдын көзү өткөнүнө мына эки жыл өттү. Аял киши жесир калса, неберелерин каралашып, үй -оокатка аралашып, кайра турмушка чыкпай эле, бала-бакыра неберелер менен эрмектешип жашоосу улана берет тура. Ал эми жесир эркектики кыйыныраак экен. Уулуңкунда келин жат, кызыңкында күйөө бала жат болуп, бүлө болуп кетиш оор экен.

Биз, Жолборс экөөбүз макулдаштык, ырас көрсөң сен кемпир таап баш кош,- дегенде атам бурулуп мени карады, мен атам жакты караганда көздөрүбүз чагылышып, каканактап, жарылып ыйлап кирдик. Мен, атам, Исмаил аке, Жийдеш төртөөбүз төрт жерде апамды эстеп, атамдын жесир калганына боор ооруп ыйлап, үйдү эки көтөрүп алдык.

Акыры бет аарчылар менен көз жашыбызды аарчып, атам мени тиктеп:

— Уулум сен тандаган аялга баш кошом,- деди.

Издештирип жүрүп үстүңкү айылдан чалы өлүп жесир калган кемпирди таптык. Сураштырсак тааныш агалардын чоң эжеси экен. Болочоктогу өгөй апам кадимкидей кийит суратыптыр. Модалуу Лама пальто, чоң пух жоолук, бутуна маасы көлөч. Атамдын жүзү деп сарпайды сураткандай Кара-Суунун «Тураталы» базарынан алдырдым. Өгөй апамды көчүрүп алты аял ээрчип келиптир. Союш союп, дасторкон жайып жакшы сый көргөздүк. Андан соң кийит кийгизип жатканда Өгөй апам Лама пальтону кийип, чоң пух жоолугун салынган кезде негедир ички дүйнөм дүрбөлөң салып: «Ушул кийимдерди өгөй эмес өз апам Марал кийсе болбойт беле»- деген ой басып, үйдөн атырылып сыртка чыгып кеттим. Мен жыйырма алтымда жаш кезде болуп, апамды жакшылап ичирип жедирип, кийинтире албай калганыма өкүнүчүм кызыл өңгөчүмө такалып, буулукканымдан көзүмдөн аккан жаш көлдөй төгүлүп, көчө бойлоп жөнөдүм. Нияз досумдун үйүнө жакындап калганда жолбун иттер ырылдаган абалда мага асылып киргенде, кайдан-жайдан пайда болгон Акжолтой баарын тиштегилеп качырып кирди.

Жанагында апамдын кыркылыгында дарыяга бой таштап чөккөн кезде суудан сууруп чыгып сактап кол сунган апам болсо, эми минтип иттер таландыга алайын дегенде күчүк кезинен апам сүт берип чоңойткон Акжолтой кайдан -жайдан пайда болуусуна апамды жоруп, эстеп алып кайра ыйлап кирдим. Нияз досума жоолугуп, көптөн бери ачууну оозума түк албай жатканга экөөбүз экини тоголоттук. Таң атып калганда Акжолтойду ээрчитип үйгө келдим. Шорпо, аш тартылып, устукан берилип бүткөн соң, өгөй апамды көчүрүп келген алты аялды Жигулиме салып үстүңкү айылга үйлөрүнө жеткизип келдим. Өгөй апам менен ийри отуруп түз келиштик, мен айттым: Бир туугандарымдын улуулары Сизди эже деши мүмкүн, кичүүлөрүнө «Апа»- деп атагыла дейм, анан мага капа болбоңуз апа дей албайм, «Мамаша» деп атайын деп айтканымды туура көргөндөй унчукпай калган.

Саат чак- түш маалы болуп калган кезде Ошко кетүүгө даярданайын деп, үйгө эми баш багып кирип баратып өгөй апам, атама сүйлөп жатканын угуп калдым:

— Эрмекбай кичүү уулуң, келиниң менен бул үйдөн көчүп чыксын. Өзүбүз эле мал-жанды карап жашайлы. Сиз али күүлүү күчтүүсүз. Төрт кара мал менен он жандык бир атты кантип карай албайсыз,- дегенде башыма кан тээп ачуум мурдума такалып атырылып үйгө кирдим:

— Иним эч жакка көчпөйт. Атамды оор иш кылдырбай, асырап карап келе жатабыз. Эки түнөбөй кылгылыкты кылып жатасыз, асти колуңуздан жакшы иш келчүдөй эмес, машинеге чыгыңыз,- деп өгөй апамды машинеге салып өзүнүн айылын көздөй айдап жөнөдүм. Жаңжал чыкканда иним, келиним, атам, Жийдеш болуп бири да: «Кой, токтот»- деп, мени тыйышпады. Өгөй апамды үйүнө жеткизип, калган жүгүңүздү иним жеткизип берет деп келе бердим.

Апамдын көзү өткөнүнө он беш жылдан ашуун мезгил өттү. Андан бери далай шаарларды кыдырдым, кооз жерлерди айландым, бирок жер жүзүндө Апа жытына жеткис балалык баёоо жыт таппадым!

Бир айда апам түшүмө бир кирсе сүйүнөм, менин түшүмө бир эле нерсе кирет, апам жана бүт Ааламга алмашкыс Апа жыты.

 

Соңу.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE