Пример HTML-страницы

Туткун кыз 23 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

23-БОЛУМ

ИШКЕ АШПАГАН ПЛАН

 

 

Айланага күүгүм киргенде бардыгы толук даярдыкта турушту. Сегизөө тең бир машинеге тыгылыша короого үч метрдей жетпей токтоп, көчөдөгү элдердин суюлушун күтүп жатышты. Короо жакта эмне кыймыл болуп жатат билип кел деп Рахимди чалгынга жиберишти. Кечки саат он чендерде биринин артынан бири ээрчишкен үч чет элдик машине короодон чыгып каяккадыр жөөп кетишти.

— Кыздарын алып чыгып кетишти, аларың эми күндүзү кайтып келишет.

— Ушуларга кор болгон кайран кыздар…

— Колдоочуң болбосо ушул да, буларың деле бирөөлөрдүн кыздары да.

— Баса, булар Кыргызстадан келген кыздар дейби?

— Ошондой деп угуп атам, бирок ар кайсы улуттагы кыздар экен…

— Ооба, шордуу кыздар экен да, — машиени ичиндегилер өздөрүнчө сүйлөшүп отурушту. Бир аздан кийин Рахим кайтып келди.

— Короону бир сыйра айланып карап чыктым, аркы бетинен секирип өткөнгө мүмкүн эмес экен, бул жак бетинен гана өтө алабыз. Сыягы ичинде иттери да бар окшойт, акырын таш ыргытып тыңшап көрсөм  короонун ичи жагынан алардын үргөн үөдөрүн уктум. Иттердин көздөрүн курутуунун милдетин мен мойнума

алайын. Шапалак камчы менен баштарын жара чабам, айла кетсе бычак уруп өлтүрүм. Кыскасы андан кам санабагыла, иттерди жоготуу менин милдетим.

— Ичинде канча ит бар болду экен?

— Какая разница, иши кылып мен алардын көздөрүн курутуп силерге жол ачып берсем болдубу, — Рахим өзүнө ишенимдүү сүйлөп жатты. Түнкү саат он экиге чейин машинеден чыгышпай былк этпей отурушту. Саат он бир чендерде алиги үч чет элдик машине кайра кайтып келишип короого кирип кетишти.

— Сыягы кыздарын жеткирчү жерине жеткиришип, кайра кайтып келишти окшйот.

— Ооба, таңга жуук дагы чыгышып кыздарын кайра алып келишет.

— Болгону үч эле машине менен жеткирип келиштиби, калган кыздары каякта. Үч машиненин ар бирине бештен кыздарды батырган күндө дагы он беш кыз болуп атпайбы, калган кыздары каякта?

— Балким ушунча эле кыздардыр…?

— Жок андай болушу мүмкүн эмес, алиги кыздын айтуусу боюнча короо ичинде кеминде эле отузга жакын кыз бар экен.

— Анда калгандары каякта?

— Ким билет, ичинде эле да… Көп өтпөй алиги чет элдик үч машине кайрадан бирини артынан бири короодон ээрчишип чыгышты.

— Теперь пора, даярдангыла! — Абдувахабдын буйругу боюнча бардыгы кара кийимдерди, баштарына кара чүмбөттөрдү кийе башташты. Туптуура саат бир болгондо бардыгы жапа тырмак ордуларынан козголушту.

— Оомийин, ишибиз оңунан чыгып Кудайыбыз колдосун! Бардыгы өздөрүнө керектүү куралдарды алышты да үч топко бөлүнүшө короо тарапка жылып жөнөштү. Бул мезгилде дээрлик көчөдөгү кыймылдын баары токтоп, көп кабаттуу үйлөрдүн көпчүлүгүнүн жарыкт ары өчүп, бир тобу уйкуга кетишкен болчу. Бирок ошентсе да кез-кез чочугансып ары-бери машинелер зуулдап өтүп кетип жатышты. Алдыда баратышкан биринчи топ дагы үчкө бөлүнүштү да туш-тушка чачырай айланага көз кырын салыша чалгыз жүргүзө башташты. Эч ким жок келе бергиле деген белги беришкенде экинчи топ дароо короо түбүнө чуркап келишип, илмеги бар аркандарды короонун башына ыргытышып, өтө ылдамдык менен тартынып чыгышты да аркы бетине өтүп  кетишти. Көп өтпөй эле экинчи топ дагы алиги аркан жиптерге тартынып чыга башташты. Ошол мезгилде күтүлбөгөн жерден биринин артынан бири ээрчишкен алиги үч машине пайда болду. Алар булар ойлогондон эртерээк келип калышты. Ойдо жок жерден пландын баары бузулуп кетти, мындай болуп кетээрин эч  күтүшпөгөн эле. Ошол жагдайда короонун ичиндеги иттер да жан алдары калбай үрүп киришти. Рахим шапалак камчы менен үчөөсүн башка чаап өлтүрдү, ары жакта дагы экөөсү бар экен алардын жаагын бычак менен жапты. Биринин артынан бири удаа-удаа ыргытылган бычак экөөсүнүн тең жаагын жапты. Бирок алар жөн өлүшпөй кыңшылап атып өлүштү. Мындай ызы-чууга ары жактан эки-үч адам чыга калышып сактаныша иттер тарапты көздөй басып жөнөштү. Үчөөнүн тең колдорунда тапанчалары бар экен. Бери жактагылар далдлл жерге жашына калышты. Сырттан үчкө бөлүнгөн топ үч-үчтөн болуп бөлүнүшкөн болчу. Биринчи топ Абдувахаб, Рахим анан Чинь деген кытай жигит, экинчи топто Карим, Виктор, Пак анан Ахмед, ал эми үчүнчү

топко болсо Хабибула, Ибрагим жана Жафарлар бөлүнүшкөн. Акыркы топ сырт жакты көзөмөлдүккө алышмак. Эгер бир нерсе болсо бул жакка жардамга келишмек. Алгач короого кирип келишкендер ошол биринчи топтогулар болчу. Короого киришкени экинчи топтогулар да даярданып жатышкан. Колдоруна тапанча кармашкан үчөө иттердин ар кайсы жерде өлүп жаткандарын көрүштү. Бирөөсү акыры кыйкырып

жиберди.

— Кимдир бирөөлөр иттердин баарын өлтүрүп кетиптир! , — ал айтып оозун жыйгычакты эле кандайдыр катуу соккуларга үчөө үч жерге «жалп» дей түштү. Алар ошол боюнча тургуз болушту. Аларды Абдувахаб, Рахим, Чинь үчөө атайын күтүп турушуп, жакын келишкенде таамай соккулары менен эстерин оодара чаап  ташташкан болчу.

— «Урушта туруш жок, кырдаал өзгөрүп кетти, кой тезднбесек болбойт, — үчөө дароо эле караңгы жер менен чоң эки-үч кабаттуу үйдү көздөй чуркап жөнөштү.

— Ошо маалда короонун дарбазасы ачылып, сырттан дагы эки-үч машине удаа кирип келатышкан эле. Аларга «сотовый» » телефон менен бирөөлөр айтып коюшканбы чет элдик автомат, тапанча менен куралданышкан беш-алты адам өтө сактаныша үйдүн ичине чуркап кирип кетишти да эшикти жаап алышты. Сыягы үйдүн  ичиндегилер да кармашка даярданып калышса керек. Мындай окуяларды баштарынан өткөрүшпөгөндүктөн

беркилер кичине шашкалактап калышты. Анткеи тигилердин бардыгы куралчан болчу. Бир нерсе болсо эле ок атканга даяр.

— Шайтан алгырдыкы, карачы планыбыз ойдогудай болбой калды. Эми артка кайтууга жол жок, андан ары аракеттенүүбүз керек.

Көп өтпөй эле буларга сырттан келишкен экинчи топ да кошулушту. Бардыгы тең капкара болушуп кара чүмбөт кийип алышкан болчу. Бул көп кабаттуу чоң үйдүн ичине эшиктен түздөн- түз кирүүгө болбойт, ал эми экинчи кабатындагы терезелери болсо темир тор менен тордолуу экен.

— Балким үчүнчү кабатынын терезелеринин темир торлору жок болуп жүрбөсүн?

— Давай, текшерип көргүлө убакыт өтө тар.

Рахим жүгүрүп барып илгичи бар аркан ыргытып атып, терезенин бир жерине илип алды да көз ачып-жумганча өйдө көздөй тартынып чыгып кетти. Үчүнчү кабаттын терезелери темир менен тордолуу эмес экен, бирок ача албай койду. Анан форточкасы аркылуу ичине кирип, бөлмөнүн ичинде эч ким жок экенине чындап

ишенген соң терезени ичинен чоң кылып ачты да төмөн жактагыларга белги берди. Абдувахаб, Чинь, Карим үчөө үчүнчү кабатка тартынып чыгып кетишти. Алар киришкен бөлмө сыртынан бекилүү экен.

— Кандай болсо да жолун таап коридорго чыгышы керек анын үстүнө ар бир мүнөт алтынга тете, — чын эле убакыт да тар болчу. Убакыттан уттурушса пландары ишке ашпай калмак. Төртөө эмне кылуу, андан ары кандай аракет кылуу жөнүндө жан талаша ойлонуп, план түзө башташты. Эшикти талкалоого мүмкүн эме  болчу, анткени тарсылдактан астыңкы кабаттагылар сезип калышып, чуу көтөрүп жиберишмек. Анда үчүнчү кабатка көтөрүлүп чыгышканы кайсы, бардыгын бөлмөнүн ичинен сыртка чыгарганга мүмкүнчүлүк беришпей

бирден терип атып салышмак. Кандай болсо да аларга күтүлбөгөн жерден кол салуу керек. Биринчи маселе бул сырткы бекилүү каалгадан сыртка чыгуулары зарыл болчу, бирок кантип? Түрмөнүн эшигиндей болгон калың эшиктер таштай капкатуу болуп зыңкыя чыкканга мүмкүнчүлүк бербей турду. Эшиктин айлампа

темирлерин бычак менен кайрып көрүштү эле андан эч натыйжа чыкпай койду. Жыгачты ойгуча көп убакыт кетет.

— Балким, бензин чачып өрттөсөк эмне болот? — Каримдин сунушуна Абдувахаб каршы боло кетти.

— Азыр бензинди кайдан табасың, кайра түшүп машинеге барып алып келгиче бир топ убакыт өтөт. Анын үстүнө убакыт аябай тар, андан көрө башкача жолун ойлонуштуралы.

— Мен бат эле жерге түшүп алып келе калам. Баланча мүнөт убакыт бергиле, ошол убакыт ичинде кайтып келем, — Карим айтканын бербей туруп алды.

— Жок болбойт, андан көрө башкача жолун табалы…

— Мен таптым, — Рахим өз оюн сунуштады, — бул шапалак камчым менен же бобул башында илгичи бар аркан менен тигил катарлаш кошуна терезеге өтүп көрөйүн, балким ал жактын эшиги ачыктыр?

— Болуптур, убакыт тар, кана колуңдан келсе аракеттенип көр. Рахим белиндеги узун шапалак камчыны алды дагы катарлаш кошуна терезесинин чыгып турган нерселерине илмек кылып акырын ыргытып илгенге аракет кылып көрдү, бирок илингени менен кайра тартса эле чыгып кетип атты. Эртеден берки аракетинен такыр  майнап чыгара албаган соң айласы кете өйдө жакты карады. Анан бир нерсе оюна түшкөндөй башында  илмеги бар арканды ала үйдүн эң үстүнкү шыйпыры жактагы илмектерге ыргытып көрдү. Илгичи шыйпырга тийгенде «Тарс!» деген катуу үн чыга бирок илмеги өйдө жактагы бир нерсеге илинип калды. Тартынып чыкмакчы болгондо Чинь аны токтотуп калды.

— Коё турчу, андан көрө мүмкүнчүлүк болсо мага берчи, мен көтөрүлүп чыгайын өйдө карай? Разим ага ишенбегендей бир аз карап турду да ары боло берди.

— Болуптур, бирок абайла кичине жаза тайсаң эле бүттү, төмөн карай учтуң да кеттиң.

— Андан кабатыр болбо, өзүм билем кандай иштешти, — Чинь арканга тартыла мышыктай шыпылдап заматта өйдө карай тартынып чыгып кетти. Шыйпырдын үстүнө чыгып, үч- төрт кадамдай солго басты дагы аркандын учуна илмек таап илип кайра экинчи терезенин тушуна төмөн карай түшүп келди. Тилекке каршы ал жак да бек экен. Көп ойлонбостон кайра тартынып өйдө чыкты. Шыйпырдын үстү менен басып барып бирөөсүнүн четин  сындырып өзү баткандай кылып оюп, алып салды да акырын дабыш чыгарбай ичине кирип кетти. Анын дабышына чатырдын ичиндеги көгүчкөндөр «пырпырап» туш-туш жакка учушту. Чөнтөгүнөн кол фонаригин алып чыгып, шыйпырдын үстүнөн төмөн карай түшчү эшигин таап түртүп ачып көрдү. Аны астынан илмеги менен илип коюптур. Чөнтөгүнөн өзү ачылма ичке бычагын алып чыгып, ичке бириккен тешикке сойлотуп

жиберди да акырын түртүп жылдырып отуруп капкактын астындагы илгичин ачып алды. Анан капкак эшикти ачып, темир шаты менен төмөн карай түшүп келди. Кууш коридордогу бири- бирине окшош эшиктерден кайсы

бөлмөдө экенин өзүнүн кишилерин издей баштады. Акырын өзүнүн тую сезими менен бир эшикти болжолдоп тарсылдатты эле ошол эшиктин ичинде экен. Алар да акырын тарсылдатып жооп беришти. Чөнтөгүнөн кичинекей темир аспабын алып чыгып кулпуну кайрып чыгара баштады. Ошо мезгилде өзүнө жакындап

келаткан кандайдыр бир дабышты сезе коюп тигини чапканга үлгүртпөй ары көздөй буйтап кетти. Ары жактан келаткан караан колундагы нерсеси менен тигини баштан ары шилтеп калган болчу, бирок үлгүрө албай калды. Чапчаң кыймылдаган кытай жигити тигини экинчи чапканга үлгүртпөй бир секирим менен бетке тээп  чалкасынан кулатты. Кайра туруп келатканда акырын үн чыгарбай моюн талаштыра чаап койду. Тигил кың деген жок, жерге үстөмөнөнүнөн кулаган боюнча былк этпей жатып калды. Мунун келгени Чинге кайра жакшы  болду, анын колундагы ломго окшош темирди алып, эшикти кулпусун акырын кайрып сындырып салды да эшикти ачты. Бөлмөдө камалып жатышкан үчөө дабыштарын чыгарышпай коридорго чыга келишти.  Каалганын артында томолонуп жаткан караанды байкап калган Абдувахаб Чинден сурай кетти.

— Тиги кайсы караан жерде жаткан?

— Тигилердин кишилери, сыягы бияк жакка чалгынга келсе керек, ал экинчи тургуз болду… Кой, кеттик.

— Төртөө дабыштарын билгизбей тепкичтер менен төмөнкү кабатка түшүп келишти. Дал ошол кабаттын  экинчи бөлмөсүндө Диана эс-учу жок сулап жаткан болчу. Экинчи кабаттта жүрүшкөндөрдүн бардыгын сулата чаап, жерге жаткырып коюшту. Негизи сокку ура турган адамдары төмөнкүкабатта болчу. Ортодо куралчан турушкан адамдардын беш-алты караандарын көрүштү да төртөө туш-туш жактан чагылгандай тез

ылдамдык менен ошол караандарга кол салышты. Заматтын ортосунда топ караандардын бардыгы ар кайсы

жерге чачылып калды. Көрсө алар адам кейпин кийген жасалма кишилер экен.

— Ловушка, кайра кеттик тепкич жакка! Абдувахабдын кыйкырганы өтө кеч болуп калган эле. Күтүлбөгөн жерден электир жарыгы «жарк» дей түштү дагы туш-туш жактан чет элдик автомат, тапанча менен куралданган адамдар тигилерди курчап калышты.

— Ордуңардан кыймылдабагыла, кичине эле каршылык көрсөтсөңөр атып таштайбыз. Колуңарды көтөрүп желкеңерге алгыла! Тигилердин буйругуна айла жок моюн сунууга туура келди. Төртөө тең колдорун көтөрүшө

желкелерине алышты.

— Дубалга тургула дагы ары карагыла, бери кылчайсаңар эле атып таштайбыз! — төртөө тең катар тизилише буларга далыларын тосуша ары карашты. Ошол убакта бири-бирине ымдап белги беришкен төрт киши бир

мезгилде тигилерди желкеге уруп калышты эле төртөө тең эстерин жогото жерге кулап түштү. Төрдө турганы «буларды байлап салгыла!» деп буйрук берди. Автомат сунуп тургандардын эки-үчөөсү ар кайсы жерде эстери ооп жатышкан кара кийимчен кара чүмбөтчөндөрдү арыдан бери байлап салышты да, баштарындагы чүмбөттөрүн чече башташты. Үйдүн ичиндегилер булардын өйдө жакка аркан менен көтөрүлүп чыгып атышканын көрүшүп, үстүнкү кабаттан кол салышарын сезишкен, ошо себептен атайын алдын ала  даярданышып ушунда  «ловушканы» даярдашкан болчу.

 

КҮТҮЛБӨГӨН КОНОКТОР

 

 

 

— Кана чүмбөтчөндөрдүн башындагыларын чеччи, булардын ким экенин көрөлү, — толмочунан келген мурутчан, такыр баш киши жанындагы жигитке буюра сүйлөдү. Автомат кармап четте турган жигит автоматын артына иле сала жерде байланып жатышкан төртөөнүн башындагы кара чүмбөттөрүн сыйра баштады. Булар кимдер болду экен дегендей баардыгы кызыгыша карап турушту. Жигит төртөөнүкүн тең чечип туруп чалкасынан оодарды да мындайыраак боло берди. Алардын жүзүнө үңүлгөн такыр баш өзүнчө кичине жеңилдей түшкөнсүдү.

— Слава богу, булар милициянын кишилери эмес экен… Коё тур, коё тур бул жигитти мен тааныйм, — ал  Абдувахабдын жүзүнө кунт коё үңүлө карады, — бул багы бизге келген жигит турбайбы. Мынакей карагылачы тааныдыңарбы? Ары жакта тургандардын баардыгы тааныдык дегендей баштарын ийкешти.

Биз менен иштешесиңби дегенде макул болбой койду эле. Эми бул эмне максат менен биякта жүрөт биздин иштерге кийлигишип… Же булар милициянын чалгынчыларыбы атайын бизге жиберген?

Айланасында тургандар билбейбиз дегендей бири-бирин караша ийиндерин күйшөштү.

— Андай болушу мүмкүн эмес, — ары жактан бирөөсү кийлигише кетти, — бул деген өзү криминалдар чөйрөсүнө аралашып жүрбөйбү, Ташкенде бирден бир көрүнүктүү «авторитеттерден» болу жүрөт. Эгер милицияда иштей турган болсо ал жакта иштеген биздин кишилер бул жөнөндү бизге кабар бермек да…

— Кызык, бул эмне максат менен бул жакка келди болду экен, биздин иштерге эмне кийлигишип атат. Же бул кыздардын арасында өзүнө керектүү кыздары барбы?

— Андай болушу мүмкүн эмес, бул жактагылардын бардыгы Кыргызстандан келген кыздар, алардын буга эч тиешеси жок болуш керек…

— Эгер булар бизге карама-каршы чыга турган болушса көздөрүн курутуп, жок кылып коёбуз. Анын жолу жеңил эле. Бардыгын өлтүрүп туруп, кислотага салып жок кылабыз.

— Болуптур муну шашпай «разборка» кылабыз, андан көрө дагы кишилери тияк жакта болуп жүрбөсүн жакшылап текшерип карап чыккыла. Үстүңкү кабатты, чердактардан бери карагыла. Эгер кишилери кокусунан болуп калып силерге каршылык кыла турган болушса, дароо эле ошол жерден атып таштагыла, мен улуксат

берем. Бирок автомат, пистолеттердин башына «глушителдерди» тагып алгыла, үн чыкпагандай болсун, болбосо короонун сыртында жашаган кошуна тургундарыбыздын көңүлүн өзүбүзгө буруп алабыз. Алар

«короонун ичинде атышып жатышат» — дешип милицияга кабарлап коюшу мүмкүн. Автомат кармаган эки-үч жигит тепкич менен жогору карай чыгып жөнөштү.

— Абайлап, сак болгула, мунун кишилери дасыккан спортсмендер, күтүлбөгөн жерден кол салып, силерди торойто чаап салышпасын! , — өйдө көздөй кетип бараткандардын артынан эскерте кыйкырып калды. — Таа-ак, сырт жакты да бир сыйра текшериш керек. Балким булар төртөө эле эместир!

Сыртта калгандар иштин тетирлеп баратканын терезеден өз көздөрү менен көрүп, ар бир кыймылды байкап турушкан эле. Автоматчан үчөөнүн тепкич менен өйдө көтөрүлүп кеткенин көрүштү. Сыртка чыгып баратышкан дагы үч адамды байкап калышып алардан жашырынганга ыктоо жер издешти. Караңгыда эч нерсе байкалбайт болчу, бирок тилекке каршы бирөөсү короонун ичиндеги жарыкты жандырды эле короо ичи

күзгүдөгүдөй эле жаркырай түштү. Тигилер үй артындагы караңгы жерге жашырынганга араң-араң үлгүрүштү. Автоматчан үчөө дароо эле ары жакта ар кайсы жерде сулап жатышкан иттерге барышты. Анан айланага бир сыйра көз жүгүртүшө короонун сыртына чыгып кетишти. Бардыгы Абдувахабка баш ийише өздөрү менен кошо атылуучу курал алышпаганына өкүнүп жатышты. Мындай кырдаалды текке кетирбеш керек болчу. Анткени  тигилердин тобу үчкө бөлүнүп кетишти. Үчөөсү үстүнө, үчөөсү сыртка, ал эми үчөөсү болсо Абдувахабдар байланып турушкан чоң залда калышты. Карим ичиндегилерге көз салып байкап тур дегендей Ибрагимге белги берди эле ал түшүндүм дегендей акырын терезе жакка жылып барды. Үчөөнү ээрчиткен Владимир  Пак акырын дарбазадан сыртка чыгып кетти. Арадан он, он беш мүнөттөй өтпөй алар кайра кайтып келишти. Сырттагы үчөөнү жайлашып, куралдарын тартып алышыптыр. Абдувахабдар жаткан залдагы үчөө эч нерседен бейкапар өздөрүнчө бир нерселерди сүйлөшүп турушту. Сырттан аткан октой ушунчалык тездик менен жулунуп кирип келишкен чүмбөтчөндөр тигилерди эстерине келтиришпей, камдантпай басып калышты. Алар мындай болот деп күткөн эмес, болгону эле ушул төртөө болуш керек деп ойлошуп эч нерседен бейкапар өздөрүнчө сүйлөшүп отурушкан. Үчөөнү арыдан бери куралсыздандырышып, үстүнө кеткен беки үчөөнү күтүп калышты. Алар бул мезгилде үйдүн эң үстүкү шыйпырына чыгышып, көгүчкөндөрдү кубалап кол

фонариктери менен ичин аябай кылдат текшерип жатышкан болчу. Төмөн жактагылар жерде байланып

тургандарды арыдан бери чечип жиберишти. Чинь өйдө көздөй кетмекчи болду эле аны Абдувахаб токтотуп койду.

— Тим кой алар азыр өздөрү келишет. Тигилер кандай бизди ловушкага түшүрүшсө биз дагы буларды ошондой кылабыз. Үчөөнүн куралдарынын окторун алып кайра колдоруна карматышты дагы катарлаш тургузуп коюшту. Төртөө байланган киши болуп кайра жерде жатышты. Арадан он, он беш мүнөт өткөндөн кийин үстүнө чыгып кетишкен үчөө кайра кайтып келишти.

— Үстүнүн баарын карап текшерип чыктык шеф, эч ким жок экен. Булар шыйпырды сындырышып ошол аркылуу түшүшүптүр… Эч нерседен бейкапар өйдө жактан түшүп келген үчөөнүн бирөөсү өзүнүн «шефине» жаңы эле баяндап айта баштаганда сөзүнүн аягына чыкпай оңкосуна сайылды. Ары жактагы экөөсү да эмне болуп кеткенин түшүнбөй колдорундагы автоматтарын заматта алдырып жиберишти. Жерде жаткадар да

ордуларынан туруп келишти. Алтоону тең ары жакка алып барып байлашты да экөөсү буларды кайтарып калып, калгандары шашыла кимдир бирөөнү издей башташты.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE