Пример HTML-страницы

Зектин махабаты 24 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

🌀 ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

 

24-Болум

 

Менде кайдагы акча. Нурлан азыраак акча тапса керек. Сени ортого салып сүйлөш деп акылды Нурлан айтты.Өзүн билесиң, менде бир жан жок, болсо эмдигиче бирөө басып келип абалымды сурайт эле го. Дагы жакшы Нурландын бул аракети эмне деген сөздү айтып турат. Кеңешбек сөздү бөлүп :

-Нурландын бошогонуна аз эле болбодубу. Кайсы жакта иштеп жатат? — деп Кеңешбек кызыгуусу арта сурады. Кемелбек жооп бергенге шашылбай, чылымын соруп ырахаттана түтүн үйлөп:

-Тактай базарда. Иши ак кишинин иши алга жылат. Нурлан жөн жерден кесилип келбеди беле. Мына эми үй сатып алды. Үйлөнүп балалуу да болду. Кеңешбек :

-Анын бошогонуна аз эле убакыт болбодубу.Анан кантип балалуу болгонго улгурду ?

-Ал эми өздөрүнүн иши да. Билесиңби бир кыз свиданияга келип жүрчү эмес беле. Кеңешбек сөздү аягына чыгарбай :

-Ооба, түшүнүктүү. Биз негизи сөздөн четтеп кеттик окшойт. Кемелбек башын ийкеп :

-Ооба, сөздөн четтеп кеттик. Кыскасы, канча сомдун тегерегинде сүйлөшүп бере аласың, ачыгын айт? — деп Кеңешбектин шаштысын кетире суроо салды. Кеңешбек берилген суроого так жооп бергенден тайсалдап :

-Эртең эмес, бүрсүгүнү айтам жообун. Аны менен сүйлөшкөнгө уруксат бер, деди да Кемелбекти карады. Кемелбек башын ийкеп :

-Ал жагын өзүн бил, деп сөздү башка жакка бурду.

 

Убакыт учкан куштай өтүп, арадан бир ай убакыт тез эле көз ачып жумганча өттү. Кемелбек Кеңешбектин жардамы менен отуз миң сом берип, абактан бошонуп чыкты. Абактан чыккан Кемелбекти Нурлан менен Бурма тосуп алды да, алдыртан сүйлөшүлгөн сөз боюнча Бурманын сиңдисинен сатып алышкан үйүнө ээрчитип келишти. Кемелбек мындайды күткөн эмес. Болгондо да ошол эле күнү борбордук мечиттен имам чакыртып келип, Бурма экөөнө нике кыйдырышты. Мындайды күтпөгөн Кемелбек менен Бурма азыраак каршы болгон болушту. Бирок буйруктан эч кайда кача алышкан жок. Нурлан бир кой алып келип сойду да, кошуналарын чакырып, коноктогон болду. Элдер тараган соң Нурлан Кемелбек менен Бурманын чакан үйлөнүү тоюна каалоо тилек айтып :»жакшы эс алгыла, калган сөздү эртен сүйлөшөбүз» деп, Тахминаны жана баласын ээрчитип үйүнө тартты. Көптөн күткөн күндүн келгенине ишенбей, Бурма менен Кемелбек эмне кылышарын билбей туруп калышты. Кемелбек Бурмага жакын келип :

-Бурма, эми бизге эч ким тоскоол болбойт. Ушул күндүн келеринен күмөн санаган элем, деп Бурманын денесинен кыса кучактап, эрдин эрлине такады. Ушуну эле күтүп турган белем, Бурма үнүн алсыз чыгарып:

-Кемелбек, шашылбачы, эшикти илип, анан… деп сөзүнүн аягына чыкпай калды. Кемелбек шашыла басып барып эшикти илип келди да, бери жактагы калың салынган төшөккө Бурманы көтөрүп жөнөдү. Эх, чиркин, эки дене бир денеге айланганда баарын унутулуп калат эмеспи. Анын сыңары эки жаш бүт дүйнөну унутулуп, кийимдерин туш келди чече ыргытышып, төшөкто жатышты. Сүйүүнүн даамына тойбой таң согулуп баратканда гана экөө кучакташкан бойдон таттуу уйкунун жетегине жетеленип кете беришти. Бул түнү Бурма такыр болуп көрбөгөндөй бийиктикке жетип, боюна бүтүп калганын жүрөгүндо сезди.Эртен менен Кемелбектин курс курс жөтөлгөн үнү Бурманын уйкусун бузду. Дароо адатынча дубалда илинип турган саатка көз жүгүртүп, Кемелбектин кең көкүрөгүнө башын жөлөдүу. Дагы бир сааттай убакыт эки жаш бири-бирине эркелеше жатышты да, жаңы эле турганда, эшик чертилип Нурлан кирип келип:

-Кандай эс алдыңыздар? — деп сурап койду. Кемелбек жан алы калбай :

-Кир, Нурлан, жогору өт деди. Бурма сыртка чыгып келип тасмал жайды. Аңгыча бир чыныдан чай ичкенде, Нурлан чөнтөгүнөн акча алып чыгып :

-Кемелбек байке, бул жерде дагы эки жүз отуз миң сом бар. Алыңыз? — деди. Кемелбек чочуп :

Кой эми калганын өзүн керегиңе жарат. Эгер сен болбосон, мен абактан чыгып, Бурмадай жарлуу болбойт элем го деди. Нурлан Кемелбектин сөзүн угуп болуп :

-Кемелбек байке, анда акчаны тең бөлөлү. Тең бөлгөндү тенирим жалгаптыр дейт. Байке сиз жаңы тирилик болуп жатасыз. Акча керек, бизнес кылыңыз деди. Кемелбек акчаны колуна алып, жүз миң сомду өзү алды да калган жүз отуз миң сомду Нурланга сунду. — Ме, Нурлан, сенин эмгегиң зор. Бир машина алып ал. Калган акча Бурма экөөбүзгө жетет. Бул акча болбосо деле жашообуз өтмөк. Ошол акчанын сексен миңине Нурлан кыпкызыл кудум Бактиярдын «Аули80» деген машинасындай машина алды да, калган акчаны бизнеске салды. Иши алдыга жылып, үйүн оңдоп, жашоосу ойдогудай өтө баштаганда баягы зексиң деп бетинен өптүрбөгөн эжесинин балдары үйүнөн чыкпай калышты. Бир кезде жактырбаган эжеси менен жездеси жагалдана сүйлөп, ат тезегин кургатпай үйгө келгендери көп болду. Баарына текши ой жүгүрткөн Нурлан ичинен сызды. Эмне мынча адамдар эки жүздүү. Эжем, жездем, балдары эми эмне үйдөн чыкпай калышты деп ойлоп ичинен аларды жек көрүп кетти. Кечке жуук иштен келген Нурландын алдынан кичүү жээни чуркап чыкты. Аны көргөн эжеси :

-Нурлан өөп койсоң боло, бала эмеспи дегенде Нурлан :

-Зек кантип өпсүн? Билесизби бир кезде зекке өптүрбөйм деп ыйлаганын деп кесе айтып, үйгө кирип кетти. Жээни менен эжеси бир жарым жыл болгон окуяны эстеп, бозоруп эле туруп калышты. Нурлан жээнинен убагында өчүн алганына өз деңгээлинде кубанганы менен наристенин шагын сындырып алганына азыраак өкүндү. Бирок туура кылдым деп, ички үйгө кирип, көзүнүн терисинен жасалган колдолонго чалкасынан жатып, өткөндү эстегенде өттү. Мына акчанын күчү. Азыр баарынан акча бийик туруп калганын турмуш шарт коргозуп турат. Абакта жаткан убагында бир жолу басып барып абалын сурабаган эжеси менен жездеси күн алыс келип, үйүндө конок болгонду адатка айландырышты. Баарыдан да жээндери «Ауди — 80″машинасын алганы таякелеп жанынан чыкпай калганы Нурландын ачуусун келтирди. Бир сыр берген жок. Азыр деле сыр бербейт эле. Эжеси Нурлан, өөп койсоң боло, бала эмеспи деп айткан сөзү ачуусун чегинен чыгарып жиберди. Эгер эжеси эя сөз айтпаганда, анда баланын көңүлүн калтырбайт эле. Нурлан көңүлү суз бир топко жатты. Алгач наркозатты сумкасына салып берген айылдашы түштү. Ошондо адамдын бузулганын биринчи жолу билди. Көз көрүнө танып, жандалбастаганын көрүп күнөөнү өз мойнуна алып, аны көз карашы менен гана билгизип койгон. Ушундай эки жүздүү адамдын тагдыры менен ойногонун өтө пас адам катары сезилгени эле, ал адамга жетиштүү жаза болгон. Бирок ал деле көп узаган жок. Алты айга жетпеген убакта колго түшуп, чоң салмактагы наркозат менен кесилип кеткен. Бирөөно ор казсаң тайыз каз, өзүн түшүп каласын, демекчи, ал деле оңолуп кетпегени Нурланлы ойго салды. Ал аны менен бүттү. Эми гана эркиндиктин абасын жутуп, даамын жаңы тартканда көңүлгө көлөкө түшүп, кичүү жээни өптүрбөйм сиз зексиз деп айткан сөзү сөөгүнөн өтүп, чучугуна жете түшкөнүн кантип унутат. Таяктын уусунан дагы сөздүн уусу катуу тиерин Нурлан ошондо билген. Болгондо да кичинекей тестиер баладан күткөн эмес эле ал сөздү. Сырттан кирген Тахмина Нурландын оюн бузду. — Нурлан, сага келишти, чакырып жатат деп бакыракай көздөрүн тигип, Нурланга шектүү карады. Нурлан абакта жүргөндө психолог болуп калгандыктан, Тахминанын көзүнөн билди шектүү бирөөлөр келгенин . Ордунан атып туруп сыртка чыкканга шашты. Анткени Тахминанын көз карашы кандайдыр бир жагымсыз окуяны тартуулаган эле. Ички үйдөн сыртка чыкканга чейинки убакытта Нурлан эмне деген ойду ойлободу. Күлүк ойлор биринин артынан бир келип, кандай ылдамдыкты чыкканын да билбей калды. Дарбазанын кичине эшигинин жанында бейтаныш эки баланын турганын көрүп көңүлү иренжий түштү. Анткени алардын турган турпаттары эле кандайдыр бир жагымсыз окуядан кабар бергенсиди. Жакын келген Нурлан каада боюнча салам берди да, колун сунду. Толмочунан келген каратору, орто бойлуу бала алгач кол сунуп:

Кандайсын? — деди. Нурлан экөө менен кол алышып учурашкан соң силер кимсиңер деген мааниде карады. Бирок экөөнүн бирөө көзүнө жылуу учурап, кайсы жерден көргөнүн эстей албай турду. Ортодо бир аз тынчтык өкүм сүрдү. Алгач алиги толмоч бала:

— Нурлан, сен мени тааныдыңбы? дегенде Нурлан дароо өткөн окуяны эстеди. Ооба, эми тааныдым деп кыска жооп берип, эмнеге келдиңер деген мааниде карады. Алиги толмоч жигит айта турган сөзүн унутуп калган түр көргөзүп шашып калды. Анткени Нурлан ушундай бир көз караш менен караган эле. Себеби ал бала автобекеттен токмок жеп, менттерге арызданганы, сүйлөшүлгөн убаданы бузганы эле. Эгер бул бала болбогондо экинчи жолу абактын эшигин аттабайт болчу.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE