Пример HTML-страницы

Зектин махабаты 21 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

🌀 ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

21-Болум

 

 

 

Айдарбек ичкери киргенде кемпирине:

-Кемпир сен сыртка чыгып эки жакты аяр карап турчу, үйгө эч кимди киргизбей. — «Сырыңды аялга айтпа» деген сөз бар эмеспи. Анысы сыңары сен Кемелбек экөөбүздүн сырыбызды билбей эле кой, бирок ичиңден жаман ой ойлобо. Биз эч кандай уурулук кылган жокпуз. Эң негизгиси ириде кеп кылган сөзүм отосуно чыкса болгону деди. Айжан экөөнү шектүү карап :

-Ыя, абышка, ушунча жыл чогуу жашап, жакшы эле жүрдүк. Эми минтип карыганда бири-бири бизден сыр жашырышып калдыкпы. Ушул жашка келип сени сатып кетсем, анда эмне болот? Мына пайгамбар жашындай убакыт бирге жашадык, сени тике карап уруштумбу? Адам көңүлү гүлдөй назик экенин эсиңден чыгарба, деп суйлонумуш болду. Айдарбек карыя кемпиринин созуно эч нерсе деп үн катпай, бир ооз гана :

-Кемпир, сыртты карап тур дебедиби, айткан сөзгө көн деди. Айжан байбиче кубуроно сыртка чыкканда, Кемелбек ке :

Эшикти ичинен илип койчу. Бирөө жарым кирип келбесин деди. Кемелбек калың зымдан жасалган илгичти илип, бери басканда:

Толугу менен бар бекен? деп сурап жиберди. Кемелбек токтото:

-Билбейм. А турсун баштыкты алып эле карабастан бери жылды, деп баштыкты Айдарбек карыяга сунду. Айдарбек карыя көзгө тааныш баштыкты колго алып :

-Канча атамдан бери колдон колго өтүп келе жатат, деп сүйлөшүп баштыкты ачып көрүп, көз болжолу менен байкады толук экенин. Экөө кеминде жарым саат — тай убакыт кеңешишти да, өздөрүнө жетишинче алышып, калганын кайра ордуна жеткирип коюш керек деп бир чечимге келишти. Ал турсун бул жөнүндө эч кимге айтпананга дагы убадалашып, антташты. Ойлоп көрөлүчу, бир грамм эле алтындын баасы канча. Айдарбек карыя оор үшкурүнуп:

-Кемелбек, эми сен кайра артка жоно, чай ичип алып. Калган алтынды кайра ордуна алып барып кой. Алтындын азгырыгы жаман. Эгер менин көзүм өтүп кетсе,катуу кыйналганыңда гана пайдалан, болбосо ордунда жата берсин, деп өтүнүч менен суранды. Кемелбек карыянын сөзүнөн чыга албай, башын ийкеп :

-Макул, бирок алтынды эртең жарыкта эле алып барайынчы. Болбосо караңгыда эмне болуп кетет…. деп сөзүнүн аягына чыкпай токтоду. Айдарбек карыя кулумсүрөп :

-Мейли, келе анда баштыкты. Эртеңкиге чейин мен катып коёюн. Тиги кемпир дагы билбесин. Баса, сен эртен менен эрте кет. Түштөн кийин шаарга барып, алтынды акчага айырбаштап келели. Өзүн көрүп турасын сенден башка ишенээр кишим жок экенин. Болбосо, баары башкача болбойт беле. Кемелбек сөздүн торкунуно дароо түшүнүп :

-Макул, эртең менен күн чыга электе келем. Буюрса түшкө жетпей эле келип калам. Ал жагынан кам санабаңыз, деди. Ошентип эртеси эртең менен күн чыга электе келген Кемелбек Айдарбек карыя берген баштыкты коюн чонтогуно салып, тоону көздөй баратып, Айдарбек карыя өзүнө берген алтынды кайра баштыкка салып койду. «Мага эмне кереги бар өзүм армияга кеткени жатсам» деп ойлоп. Шашкеге чейин алтын салынган баштыкты ордуна алып барып катып кайра келип калды. Бул жолу Айдарбек карыя Кемелбекти дагы чыламсыздана күтүп алган. Анткени жанындагы алтынды жалгыз барып алмаштыргандан жазганып турган эле. Кемелбек күн тоонун башынан жаңыдан кылыйганда алтын катылган үңкүр таштын жанында болду. Алтынды үңкүр таштын ичине кирип кайсы жерден алса, так ошол жерге мурдагы жаткан калыбында жактырып, үстүн билинбегендей кылып таш менен бастырып коюп, кайра артка тартты, өзүнүн ою менен алек боло. Эртең мененки сыдырым соккон желге азырак чыйрыга, кийген шырмалынын топчусун топчулап, алыскы тоолорго көз чаптыра аз күндө силерди таштап, алыс жакка жонойм, өз милдетимди өөтө үчүн деп кобуранып алды. Ооба ал кезде аскерге барып келген балдардын баркы укмуш эле го. Мектепти бүткөн балдар аскерге барам деп дегдеп, аскерге жөнөөчү убакытты чыламсыздана күтүшчу эмес беле. Кемелбек дагы таттуу кыялдын кучагына суңгуп кирип, аттын желе жүрүш кыймылы менен жалгыз аяк жолдо келатканда, алдынан айылдын аркы башында жашаган Нуркалый аксакал жолугуп, Кемелбектин саламын алик ала:

-Кемелбек, таң атпай кайдан келе жатасың? — деп суроо салды. Кемелбек бир азга буйдала тушуп: — Тиги кокту жактан эле,жок издеп, демиш болду да, дагы башка суроо бербесе экен деп ойлоп жиберди. Анткени калпы чыгып калары турган иш эмеспи. Нуркалый аксакал Кемелбектин оюн билгенсип, сөздү башка нукка бурду:

-Кемелбек, сени аз күндө аскерге кетет деп уктум. Ушул чынбы? деди. Кемелбек башын ийкеп :

Ооба, убакыт келип жетти. Эл сыяктуу өзүмдүн милдетимди аткарып келбесем болбойт го деп бул жолу берилген суроого көңүлдүү жооп берди. Нуркалый аксакал күлүмсүрөгөн калыбында:

-Ошент, эр жигиттин милдети — Мекенди коргоо. Мына мен дагы согушка катышып денемден жарат алып келген элем. Андай согушту силер корбогуло. Бар эми, барагой, сени Айдарбек карыя эшигинин алдында күтүп турат. Тез бар, кары кишини куттурбөй, деп атына сылай камчы салып жүрүшүн улантты. Бурма Кемелбектин жазган катын алып, бир топко чейин толкунданды. Анан кантсин. Кыз кезинде жигиттердин далай эле жолу кат алган. Ошол жаш кезин эстеп алды. Кемелбектин жазган катын окугандан тажабай кайра — кайра окуду. Көңүлү алып учуп, Кемелбекти көрбөсө дагы аны ойлоп, таттуу кыялдын кучагына батып сүйүү жөнүндөгу ырлардан ырдап, көңүлү көтөрүлдү. Ал турсун Кемелбек менен жолугуп сүйлөшүүнү эңсеп анын жазган катына жооп жазып, кантип жолугуунун жолун сураганды унуткан жок. Ооба, Бурма биринчи күйөөсунон төрөгөн жок. Балалуу болсом дегенде ак эткенден так эткен Бурма эмне деген гана ырыс-жырымдарды жасабады. Бирок этеги канаган жок. Акыры кыз тийген күйөөсү менен сый гана ажырашып тынды. Торобогону үчүн өзүң күнөөлүү сезип, акыры күндөрү жүдөп дагы кеткен. Бирок жүрөгүнүн түпкүрүндө кандайдыр бир үмүттун учкуну очподу. Качан Нурландан Кемелбек жөнүндө укканда, аны менен таанышып көргүсү келди. Балким андан бала төрөп калсам ажеп эмес, төрөбосом дагы аны менен бир түтүн булатып этегин кармап оокат кылайын деген ойго жетеленди. Анан акыры кат жазып, Кемелбек менен таанышып көрүүнү туура тапты да, Нурландан катын берип жиберди. Андан Кемелбек кат алган соң экинчи катты жазып, анын жообун суйгонунон күткөн адамдай чыдамы менен кутту. Ооба, эгер баам салып карап көрсөк, жашкабы, карыгабы сүйүү бирдей келет белем. Бурма чыдамы кете кат кутконү ушундан билсек болот, жумуштан келген соң кечинде дайыма «Мага кат келген жокпу?» деп сураган адатка айланды. Муну байкаган сиңдиси :

-Эже, сизге кимден кат келет эле? Эмнегедир кийинки убакта кат сураганыңыз көп болуп кетти, дегенде гана Бурма ашыкча кетип баратканын билди. Эгер сиңдиси минтип айтпаганда кат келдиби? деп сураганын койбойт эле. Эртең менен жумушка барганы даярданып атып радиодон гороскоп укканды дагы адатка айландырып. Анткени кээде радиодон айткан гороскоп туура дагы чыгып калган убактар болгон. Андыктан ага ишенип алган. Күнгө бейшемби эле. Саатын жебеси жетини көргөзгондо Бурма адатынча жылуу төшөктөн туруп, сыртка чыгып таза абадан жутуп, беш-он мүнөт ары бери басып келди да, жуунуп таңкы наарга отуруп атып, радиону бурады. Бул убакта дайыма радиодон гороскопту айтчу. Суупери жылдызы үчүн бүгүнку кун жакшы күн болот. Жакшы кабар күтүлөт деген сөздү укканда, Бурманын оюна дароо Кемелбек кирди. Андан башка ким кирмек эле. Радиодон уккан сөздү жүрөгүнө жакын кабыл алган Бурма кечинде иштеп келип эле дароо мага кат келген жокпу деп сурады. Ушул эле суроону күтүп тургансып сиңдиси :

Келди, келгенде дагы жигитиңизден келген го, эркек баланын кол жазмасы экен деди. Бурма катты колуна алып эле ичкери кирип шашыла катты ачып бир сыйра окуп чыкты. Бул жолу Кемелбек баштагыдан да көркөмдоп жазган эле. Андан дагы суйуу темасына көбүрөөк басым жасап, ыр дагы жазып жибергенин окуган Бурма бир орунга отура албай калды Ишемби күнү кел. Мен сени күтөм. Ал күнгө мен сүйлөшүп койдум, сени менен свиданием бар деп. Пастортуңду ала кел деген сөздү окуган Бурманын суйунучундо чек жок эле. Тымызын сыр бербеген и менен астыртан даярдана баштады. Жаңы жылда кийген кымбат баалуу койногумду кийип, чачымды химияга берип, анан азыраак белек дагы алып алайын деп ойлогон Бурма ишемби күндүн келишин кутту. Эх, аялзаты! Билинбегендей менен сылаңкороз келишет эмеспи. Кемелбек Бурманын кийген кийимине деле көңүл бурбай. эле. Чын-чынында келгенде майда эркектер гана аялдардын кийиминин арзан кымбатына көңүл бурбаса ичинде кирди жок, жоомарт эркектерди аялдардын кийимдери кызыктырбайт. Алардын өздөрү табият берген турпаты көп кызыктыраары таназар алышпайт. Айткандай Кемелбек Бурманын эки күн даярданган кийимине, чачына боенгонуна көңүл бурган жок. Анын табият берген келбетине гана баам салды. Анткени ошол учурда Бурманын жасаганы эмес, өзү кызыктырган эле. Убадалашкан күнү Бурма кийинип, болушунча боёнуп, абактын астанасын аттаганда, Кемелбек аны утурлай басып жолукчу жерден күтүп калды. Буга чейин Кемелбек эмне деген гана кыялдарга чөмулбөду. Бурма дан экинчи жолу кат алганда көңүлү алда кайда учуп, түрмөдө жатса да өзүн бактылуу сезип, жашоо көзүнө кызык көрүнүп, али көрө элек Бурма менен бирге жашап аткан күндү элестетип, ал турсун экөө балалуу болгонго чейин кыялданып жиберди. Ооба, бир кезде Бурмадан кат ала электе өзүн таштап, ал турсун өзүнүн өлүмүн эле күтүп калбады беле, «Эми менин эч кимге керегим жок. Мага дагы эч кимдин кереги жок» деп. Эмичи, өзгөчө Бурмадан экинчи жолу кат алгандан бери 180градуска бурулуш жасап сакал мурутун алып өзү боюна карап, көңүлү көтөрүлүп баштагыдай чылым көп чеккенин дагы токтотту. Күнүгө эки маал Бурманын жазган катын окуганды адатка айландырды,үмүтү жаңы келечекте. Анан эмне кылат? Абакта түшкөнүнө беш жыл болду. Бир да адам абалын сурап келгенге жараган жок. Анан минтип хлебашы Нурландын пайдасы чоң тийди окунуч жана дембе дем соргон чылымдын күчү бир топ эле ден соолугун жеди. Аны Кемелбек тана албайт. Көптөгөн китептерди окуду. Ал турсун шахматы дагы жакшы ойнойт. Жүрөгүнүн түпкүрүнөн сезген келечегинин алдыда экенин. Бирок ага маани берген эмес. Жолугушучу убакытты белгилеп, Бурмага кат жазганы бүт дити Бурмада болуп калды. Таттуу кыялга баткан убактысы көп болду. Анча — мынча зектерге кадыр баркы бар. Көбү сестенишет жана сыйлашат.Анткени Кемелбек дайыма калыстыктан тайбай түз сүйлөгөнү менен кадырлуу болду. Бир жолу эки бала мушташып кетип разборка болгондо, Кемелбек тиги эки баланын бири өзүн авторитет сезип жүргөнүнө карабай, берки баланы жактап, күнөөлүү ким экенин далилдеп бергенде зектердин билермандарын жана хлебашиарынын алдында зоболосу көтөрүлө түшкөн. Ошол окуядан кийин дайыма разборкага катышып, ишти он жагына чечилишине көмөк көрсөтүп келет. Чындыгында теимр тордун артыньагылар бир сүйлөгөн жана калыс адамды сыйлашат эмеспи.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE