Пример HTML-страницы

Каракол капчыгайында бээнин сүтүн ичүү сезону башталды. Баасы канча сомду түзөт?

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол капчыгайы шалбаа жана карагайлар, түркүн бак-дарактар менен курчалып, өзүнүн кооздугу менен эс алуучуларды тартып келет. Ал жерде жылына бээ сүтү, кымыз ичкендер жаз айынын аягы, жай менен көп келишет. Быйылкы сезон да башталды.

Ал жерде эс алуучуларды кабыл алып иштеген жарандардын айтымында, быйыл бээнин сүтүн ичүү сезону аба ырайына байланыштуу 10-15 күн кеч башталды.

«Биз акыркы 16 жылдан бери капчыгайга бээ байлап, боз үй тигип конокторду кабыл алабыз. Жылда бээ сүтүн ичүү сезону 10-майда башталчу, быйыл жаан-чачындан улам кечирээк башталды. Бизге көбүнчө ден соолугун чыңдоо үчүн учурда бээ сүтүн ичүүгө келип жатышат. Анда күнүнө бир кишиге 300 сом, беш маал 200 граммдан ичишет», — дейт эс алуучулар менен иштеген Назира Сабырова.

Назира айымдын айтымында бээ сүтүн эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 17:00гө чейин ар эки саат сайын ичишет.

«Боз үйгө жатып, сүт ичип, 3 маал тамагы менен кошо дарылангандарга 1500 сом болот. Ал эми бардык шарттары менен жатаканага керек болсо, 2500 сомго чейин барат», — дейт ал.

Бээнин сүтүн ичүүгө жергиликтүү тургундар жана Чүй өрөөнүнөн келишет. Бээ сүтү ден соолукка пайдалуу болуш үчүн 6-10 күнгө чейин ичүү керек.

Бээнин сүтүнүн пайдасы — эң биринчи адамдын боорун тазалайт. Боор адамдын организимин тазалоочу башкы орган болгондуктан, ал тазаланганда бардык органдар кошо тазаланат. Ошондой эле ашказан, ич катып ооругандарга пайдалуу болуп, иммунитетти көтөрөт. Кыш айларында тынбай сасык тумоолоп чыккандар ден соолугун чыңдоо үчүн сүткө көп келишет.

Бээ сүтү менен дарылангандар 10 күнгө келишип, анын жарымында бээ сүтүн, андан кийинки күндөрүндө саамал (сүттүн кымызга чейинки абалы) кылып ичкендер да болот. Анткени саамал организм үчүн сүттөн жеңилирээк болорун айтышат.

Назира айым үй-бүлөсү менен каалоочулар үчүн ат менен сейилдөө уюштурушат. Анда убакытты пайдалуу жана көңүлдүү өткөрүүгө болорун айтат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE