Пример HTML-страницы

Баткендин Рават айылындагы шайлоочулар активдүүлүгүн көрсөтүшүүдө

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Рават айылындагы №8085 шайлоо тилкесинде шайлоочулар күндүн биринчи жарымында активдүүлүк көрсөтүштү.

УШКнын башчысы акыркы маалыматтар боюнча мыйзам бузуу фактылары катталбаганын, техникалык мүчүлүштүктөр болбогонун билдирди.

№8085 шайлоо тилкесинде 1 миң 333 шайлоочу катталган.

Нурлан Ражабалиев 2021-жылы парламенттин 7-чакырылышында Баткен районунан депутат болуп шайланган. Ал мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырды.

Эгерде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутат өз ыктыяры менен мандатын тапшырса, анда шайлоо дайындалат. Бул тууралуу шайлоо мыйзамында айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE