Пример HTML-страницы

УУЛДУН АТА-ЭНЕНИН АЛДЫНДАГЫ МИЛДЕТТЕРИ

https://kyrgyzcha.site/?p=37315&preview=true Пайдалуу кеңештер.

??УУЛДУН АТА-ЭНЕНИН АЛДЫНДАГЫ МИЛДЕТТЕРИ????

 

 

 

Шарият боюнча баланын ата-энесинин алдында төмөнкүдөй милдеттери бар: ата-энени ачка калтынбоо, кийим-кечеден кемитпөө, ал-акбалынан тез-тез кабар алып туруу, чакырса ылдам барып, дайындаган ишин аткаруу, аларга алакчылабай тең кароо, ата-энесинин өмүрлөрүн узун болуусун тилөө, ата-энененин алдында дайым адептүү болуп, муңайын сүйлөшүү, аттарынан атап чакырбоо, чогу бир жака жөнөгөндө алдына өтпөй, артта же катарлаш басуу. Бул милдеттер уулга да, кызга да бирдей тиешелүү. Кыз турмушка чыккандан кийин күйөсүнүн эркине өтөт. Анын уруксатысыз эч кандай ишти аткара албайт. Ошондуктан ал ата-энесинин алдындагы көп милдеттерден бошотулат.

 

Бул милдеттердин ичинен күч-кубат менен аткарылчулары: ата-энеге дайыма кызмат кылууга, урмат-сый менен мамиле жасоого , ата-энесин бирдей чакырып калса, адегенде энесине баруу, иш дайындаса жалкоолонбой ыкчам аткаруу, эгер шариятка туура келбей турган ишти дайындаса (мисалы:арак ичүү, уурулукка баруу) аны аткарбоого, ата-эненин уруксаатысыз сапарга чыкпоо, ата-эне келгенде аларга таазим кылып, алардын оордуна отурбоо, эгер бир жака чогуу бара жатышса, жол баштап, эгер алдыда коркунуч болсо, аларды коргоп басууга тийиш. Ата-эне менен жумшак сүйлөшүү, ангемелешкенбе добушун бийик чыгарбоо, бакырып сүйлөбөө, буйрук берип же кекээрлеп сүйлөбөө, алардын алдында үшкүрүнбөө.

 

Уулдун ата-эненин алдындагы дили менен аткарчуу милдеттери: ата-энеге ырайымдуу болуу, алардын кубанычына ортоктош болуп, кайгысын бөлүшүү, оорусуна дарман болуп, өзүнүн кыжаалаттангандыгын же кейигендигин ата-энеге билдирбөө, сүйлөгөндөрүн жактырбай кыжырланбоо, аларга азар бербөө, аларды эч качан капа кылбайм деп ниет кылуу, алардын өмүрүн тилөө.

 

Каражат менен аткарылуучу милдеттер: өзүнүкүнөн мурда алардыкын орундатуу, алардын тамак-ашын өзүнүкүнөн сапатуурак жасоо, бирге даам татышса, аларга жакшыларын берүү, эмнени эңсесе, алып берүү, турмуш-тиричиликке керектүү баардык нерселер менен камсыздап туруу, колдоруна акча берүү, менин малым силердики, ала бергиле деп короосунун эшигин ачык коюу, эгерде ата-энеси бөлөк жакта жашаса, тез-тез чакырып коноктоп туруу, алардын досторун дос деп, душмандарын душман деп билүү, досторун чакырып меймандоо.

 

Уул баланын ата-энеси өлгөндө аткарчуу милдеттери мына булар: эң биринчи мейитти тез көмүүгө аракет кылуу. Анткени өлүктүн бир гана ызат-урматы болот: ал өлүк жыттаны кете электе тез көмүш.

 

Баланын андан кийинки милдеттери: өлүк үстүндө бакырбоо, бетин жулуп, кийимин тытып, бежай болбоо, башкаларга да, айрыккча кыздарга антпегиле деп буйруу. Бакырып өкүрсө, көзү өткөн маркум мүрзөсүндө кыйналат. Тазиясында жана андан кийинки каадаларында ысырапкерчиликке жол бербөө, өлүктү таза жуундуруп ак кепиндетүү, илимдүү болсо, ата-энесинин жаназа намазын өзү окуусу дурус. Жаназа намазынын артында ага катышкан кишилерден ата-энесинин жакшы адам болгондугуна күбөлүк беришин сураш, алардын сөгүн кабырга өзү коюу.

 

Ата-эне түрүү кезинде кимден карыз алып, кайтарып беришке үлгүрбөгөн болсо, аларды төлөө. Алар мал-мүлкүн кайсы баласына осуят кылып калтырган болсо, аны ошого бериш, эгерде осуят кылбаса, мураскорлор ынтымакчылык менен Куранда көрсөтүлгөн өлчөмдө бөлүп алуу.

 

Айт күндөрү, орозо мезгилинде жана жылдын башка да каалаган ай, күндөрүндө сообун ата-энелеринин рухуна багыштап, муктаждарга садака берүү, колунан келсе курбан айтта алар үчүн курбандык чалуу, ата-энесинин жакшы көргөн тамактарын жасатып, пакыр, бечара кембагалдарды меймандап, сообун ата-энесине атап дуа кылып туруу.

Ар бир намаз окугандан кийин ата-энесине дуа кылып туруу, нафил намаз окуп, нафил орозо тутуп, сообун ата-эненин арбагына багыштоо, алардын берген таалим-тарбиясын сактоо, өз балдарын өстүрүүдө ошол таалимден пайдалануу, айтылган насаат сөздөрүн дайым эсте тутуп, калтырган осуяттарын орундатуу, эгер тирүү кезинде алар баласына бул жоругуңду ташта, мындай ишти кылба деген болсо, бирок ал аны аткарбаган болсо, ата-эне кайтыш болгондон кийин, ал жоругун таштоо, бирөө менен уруша кетсе тигинин ата-энесин акаарат кылбоо, эгерде ал антсе ал да мунун ата-энесин тилдейт, андан ата-энеге азар кетет. Ата-эненин туугандарын тууган тутуу, туугандыктан баардык салттарын сактоо, алардын досторун урматоо.

*Айланайын балдар! «Балам, балаңдан көр», «Өлбө, житеп, очок башынан кетпе, теңелгин итке, талангын битке!»*-деген өңдүү каргыштарга кала көрбөгүлө. *»Ата-эненин зыркырап ыйлап жатып кылган каргышы аткан октон түз жана тез тиет»*,-деген сөз жадыңардан чыкпасын.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE