Пример HTML-страницы

Негизгиге Менин баяным

https://kyrgyzcha.site/?p=51866&preview=true Кызыктуу окуялар.

Негизгиге Менин баяным Жумагүл: Баламды түйшүктѳн аяп катуу жаңылыптырмын Жумагүл: Баламды түйшүктѳн аяп катуу жаңылыптырмын 608 Жумагүл: «Баламды түйшүктѳн аяп катуу жаңылыптырмын» «Баланын бары да балаа, жогу да балаа» дейт элибиз. Бакыт-таалайым ушул деп бапестеген бала кандай күндѳ балаага айланат? Бир канча себептерди санаса болот. Алардын бири ушул эненин мисалында ачык-айкын түшүнүктүү болот. «Баарыбыз күткѳн бала» — Турмушка кеч чыкканым аз келгенсип кош бойлуу боло албай эки жылым бош кетти. Жолдошум экѳѳбүздүн балалуу болушубузду баары зарыга күтүштү. Себеби мен эркек балдардын арасындагы жалгыз кыз болгонго ата-энем бактымды тилеп жашашса, жолдошум үйдүн улуусу эле. Кайнене, кайнатам биринчи небересин зарыга күтүштү. Эки жыл азыр кѳзгѳ илешпей эле ѳтүп кетет. Ал эми күтүүнүн чеңгелиндеги адам үчүн эки жыл эки кылымдай эмеспи. Зарлап тилеген уулубуз жарыкка келгендеги кубанычты сѳз менен айта албайм. Жарыктык кишилер, чоң атасы менен чоң апасы той кылып эле жатып калышты. Бирок жашоонун бизге камдаган катаал жактары да бар экен. Той гана ѳтчү үйүбүздү аза томсорткон күндѳр келди. Кайнатам оорудан каза болду. Эки жылдан соң күйѳѳм жол кырсыгына кабылып, бизди таштап кетти. Чиедей уулум менен чырылдап жесир калдым. Жолдошумдун жылдыгынан кийин кайненем мени батасы менен узатты. Жарыктык киши «балаң эрке жетим экен, энеси менен калды. Жакшы багып чоңойторуңа ишенем. Кѳзүм ѳтүп кеткенче учураштырып тур. Атасынын жерин билип ѳссүн» деп суранды. Акылмандык кылыптыр, баламды учураштырганы келдим деп бир нече жолу чоң энесинин жанына калтырып кетип жүрдүм. Себеби жалгыз бой жаным жаш бала менен тиричилик кылуудан кыйналдым. Айрыкча базарга жаңы чыккан кезде уулумду кошо алып жүрүш кыйын эле. Тилекке каршы, кайненем да кайгыга тез жеңилип, уулу менен абышкасынын жанына кетти. Ошентип, баарыбыз күткѳн бала жалгыз менин жоопкерчилигимде калды. Уулумду алаканга салып бакчу адамдардын баары узап кеткенине кабыргам кайышып, кайра алардын үмүт-тилеги акталбай калбасын деп белимди бекем бууп жашоо менен жалгыз күрѳшкѳ чыктым. «Байпактан башталган базар жашоосу» — Карылыгы жеткен эне-атам мага аманчылык тилегенден башка жардам бере алышпайт эле. Эркек бир туугандын кандай болорун эл билет да. Алардан жардам сурамак турсун жакшылап иштеп ата-энемди колума алууну да кыялданчу элем. Бирок ал тилегиме жете албадым. Алар турсун жалгыз баламды араң багып, ѳзүм бир күнү ач, бир күнү ток жүрдүм. «Дордой» базарынан арзан баада байпак-чүйпѳк алып, башка базарларды кыдырып сатам. «Дордойдун» эн белгисиндей болгон чаар ала баштык таң агаргандан каш карайганга чейин ийинимде артылып, белимди талытат. Жүрѳгүмдѳ уулум. Аны жашы ѳтүп калган бир эжеге каратчумун. Кечке иштеп тапканымдын теңин дароо эженин күндүк акысына чыгарам. Анан батир акысы үчүн тийиштүү бѳлүгүн катам. Минтип күнүгѳ чогултпасам болбойт эле. Андан ашканына күнүмдүк тамак-аш алам. Анда-санда бир муштумдай эт алганга жетип калса, менден бактылуу адам жок. Уулума эт жедирип, ысык шорпо ичирдим деп кудуңдайм. Кайда жүрсѳң ошол жактын сырын үйрѳнѳт экенсиң. Байпак сатып баштаган базар жашоосун жакшы ѳздѳштүрүүгѳ тырышып жаттым. Анткени башкалар кѳз алдымда байып баратышты. Мен да алардын катарына кошулуп, балам окуганча үй алып калууну максат кылдым. «Агы сеники, карасы меники» — Күндѳр куушуп, жылдар жылышып жатты. Баягыдай кыдырбай бир орунду ээлеп отуруп сатууга жетиштим. Бир күнү бала багуучу эже ооруп калды. Уулумду жаныма алып чыгуудан башка арга калган жок. Ишенсең, шаарга келгениме далай убакыт болсо да, бир адам менен тааныш болуп, чай ичишпептирмин. Жаңы тааныш күткѳндү кой, туугандар менен катышып, кошуналар менен таанышууга убакыт жок эле. Бала багуучум ооруп калганда ушуну билдим. Кеч күздүн суук таңында уулумду ээрчитип базарга келем. Байкушум карайлап отурган жерине кыйшайып уктап калат. Турган ордум ушунчалык кичинекей болгондуктан уулум менин ордума отуруп уктаса, мен кѳчүк айланбаган жерде тик туруп соода кылам. Буга чейинки ыза-арманым бир тең да, баламды ээрчитип иштеген ушул он күн ичиндеги аны аяганым бир тең болду. Акыркы күндѳрү ал да базар дегенди уккусу келбей «барбайм» деп ыйлап, беймаза болдук. Кудай жалгап эже сакайып, баары ѳз ордуна келди. Ага зар болгондон улам айлык акысын дароо кѳтѳрүп бердим. Ал эми балама мындан ары базардын азабын кѳрсѳтпѳѳгѳ ѳзүмѳ убада бердим. Качан болбосун «атасы болгондо балам кандай багууда чоңоёт эле?» деген суроо мээмде кайталана бере турган. Албетте, «азыркыдан бактылуу, бардаштуу чоңоймок» деген бир эле жооп бар. Эми кандай болгон күндѳ да аны ошондой жакшы шартта чоңойтушум керек дейм. Уулум менен сүйлѳшүүдѳ ар дайым «агы сеники, балам, карасы меники» деп боорума кысчумун. Элдин балдарындай бакчага берсем деп жүрдүм. Бирок ал кезде азыркыдай жайнаган жеке менчик бала бакчалар жок эле. Документтерибиз туура келбей мамлекеттик бакчага да бере албадым. Мектепке берерде да бул маселеге кабылбаш үчүн жанымды сабагандан сабап иштеп жаттым. «Балама апа эмес, акча табуучу болуп калыптырмын» — Тилегенимдей, уулумду жакшы деген мектепке киргиздим. Бирок үйгѳ жетүү оңойго турган жок. Бул учурда эки кабат контейнерге ээлик кылып, чоң сумма менен товар айлантып калгам. Үй алуу деле оңой чечилерине кѳзүм жетип, жакшы батирде жылуу-жумшак жашап жаттык. Башталгыч класс кезинде бала багуучум дагы деле баламды карашып жатты. Кийин ал чарчаганын, андан да уулум кадыресе чоңойгонун айтып бизден кетти. Мектепке ѳзү барып келгени менен башка түйшүктѳрү бир далай эле. Сабакты ѳз алдынча даярдоого үйрѳттүм. Аны менен сабак окууга убактым да, кубатым да жок болчу. Бир маселе – тез-тезден боло берчү ата-энелер чогулушу болду. Эки-үч курдай барып тажаганда класс жетекчисинин чѳнтѳгүн акырын кампайтып койдум да, «уулумду ѳз балаңыздай тарбиялай бериңиз» деп экинчи чогулушка чакырбоосун кыйыттым. Ушундан кийин бул маселе да жоюлду. Маал-маалы менен эжекесине белек-бечкегимди, анан сѳзсүз акча берип жүрдүм. Азыр ойлосом, бул менин акчага чиренип, баарын акча чечет деп калган кезим экен. Уулум кантип 8-класс болгонун байкабай да калдым. Балам атасын тартып бойлуу эле. Андан да ѳңдүү-түстүү болуп ѳзгѳрүп баратты. Баламды карап кубанам. Баарынан да бир кезде ѳзүмѳ берген убадага туруп, аны базардын түйшүгүн тарттырмак турсун кѳрсѳтпѳгѳнүмѳ шерденем. Эми уулум мектепти аяктаганча үйлүү болуш керек деп жер алып, дароо пайдубалын куйдурдум. Баламды бир ээрчитип барып кѳрсѳтүп, эми ушул жерде ал үчүн сонун үй тургузуларын убада бердим. Кийинки жылы курулуш иштери башталган маалда катуу ооруп жатып калдым. Жайдын мээ кайнаткан ысык кези эле. Уулум колунан келишинче тамак жасап, жанымда. Эрмеги компьютер оюндары. Турсам эле башым тегеренип сулк жатам. Жалдаган дарыгерим маал-маалы менен келип асма ийнеден дары куюп, кан басымымды ченеп, дарыларымды берип кетет. Аздан ѳзүмѳ келип бараттым. Кечке маал уктап кеткен экенмин. Бир маалда: Мама, фуу! Тур, жуунчу, сасып жатасың! – Балам мурда мага минтип бир да үн кѳтѳргѳн эмес. Ырас, ысык күндѳ тердеп жатып жыттанып кеткен чыгармын. Бой тартып калган уул баланын алдында ыңгайсыз болуп кеттим. Аңгыча: – Эртерээк айыкчы. Усталар кечке чалып жатат. Акча таап, сурагандарын алып бербейсиңби? — деди. Абалымды түшүнүп койбой кагынып, дагы талап коюп турган балама капа болуп ыйлагым келди. Муну эмнеге айтып отурам? Себеби мен балам үчүн апа катары анчейин баасыз экенимди ушундан кийин байкай баштадым. Анын ар бир сѳзүнѳн, кыялынан, мамилесинен мен ага «эне» эмес, акча алып келүүчү орунда экенимди билдим. Балам экѳѳбүз жалаң акча жана жаңы буюмдарды сатып алуу тууралуу гана сүйлѳшѳт экенбиз. Кичинекей кезиндегидей эркелетким келет, жыттагым келет, боорума кысып уктагым келет. Балам болсо мага сыртын салып, кагып, тескери басат. Ѳткѳѳл курактан улам ушинтип жатат деп чечтим. Ал учур ѳтүп кеткенге чейин сабыр кылууга чымыркандым. «Менин жашоомо кийлигишпе» — Баламдын ѳткѳѳл курагы турсун жашы да ѳттү. Азыр отузга чыгайын деп калды. Бир кезде ѳзгѳрѳт, кыялын оңдойт деп күтүүдѳн тажадым. Он жылдай убакытта беш унаа алмаштырды. Эсептечи, ушул эле канча акча. Жер үйдү заңгырата бүтүргѳнбүз, бирок жанга тынч деп кабат үйдѳн эле батир алып чыгып алган элек. Жер үй ижарада. Анын акчасын мага жеткирбей алып, жоготот. Ѳмүрү базарга басып барбаган балам менин ижарада турган контейнерлеримдин акчасын чогултуу үчүн таң азандан туруп жѳнѳйт. Башка күндѳрү түш оомоюнча турбайт. Себеби түнү бою бир жактарда жүрѳт. Унааны алып-учуп айдаган «оорусу» бар. Ушинтип жүрүп бир балаага кабылабы деп менде уйку жок. Жасаган тамагымды да жактырбайт. Ресторандын тамактарына салыштырып меникин шылдың кылат. Кайсы бирин айтайын. Бир күнү үйлѳнѳм деди. Кубанганымды айтпа, башкасын коюп неберелүү болорумду элестетип жыргап алдым. Тааныштырам деп ресторанга чакырды. Алам деген кызы алгач кѳргѳндѳ эле жаккан жок. Келин болчу неме созулганды кой, канткенде бирди эки кылып акча жасаш керектигин саймедиреп, акыл айтып отурду. Ошол эле күнү балама каршы оюмду билдирдим. Ансыз да араң турган жаныбыз ушундан кийин таарынычыбыз дагы күчѳдү. Кандай келиндүү болгум келет, кандай жашоону каалайм, баарын ыйлап айтып бердим. Баламдын кенедей тоготкон түрү жок. — Мама, кел анда мындай кылалы. Ѳзүң айткандай чын эле бизде баары бар. Ооба, сен ѳмүр бою базарда иштеп куурап, оорулуу болдуң. Эми сен да каалаганыңдай жаша. Бир суранарым, менин жашоомо кийлигишпей жаша. — Макул, кийлигишпейин, бирок бир шарт менен. Жанагы кызды жаныңа жолотпойсуң. — Ансыз жашай албасамчы?! — А менсиз жашай бересиң да, ээ? — Тууй, мама, башты чактың го! Жаман карып баратасың. — Балам, укчу?.. — Мен сенсиз эле жашап, чоңойбодумбу? Же калппы? Жаңжалыбыз бүтпѳй койду. Себеби балам менин ѳмүр бою тапкан-тергенимди бир кол менен зымырата кармап, оокат кылып кетчү келин каалап жатканымды түшүнбѳй койду. Ѳзү болсо бир оокатты баалап койбойт. Чачканды мыкты билгени менен тапканды билбейт. Байлыгына карап илешкен бирѳѳ болсо байкушумду заматта сызга отургузуп кетеби деп чочулайм. Ошол үчүн каршы чыгып жатканымды түшүнбѳй, андан бетер мага ѳчѳшүп күнүмдү караңгы кылып турат. Жакында анын баягы кыздын үстүнѳ кирип жашап алганын угуп кан басымым кѳтѳрүлдү. Ойлобогон ой, санабаган санаам калган жок. Баламды базардын жашоосун кѳрсѳтүп ѳстүрсѳм мындай болбойт беле дейм. Бирок баарына кеч болуп калды. Калган күнүм кандай ѳтѳт? Караан туткан жалгыз балам канткенде акылына келет? Башым маң.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE