Пример HTML-страницы

Эки куйоолу аял 17 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37401&preview=true Кызыктуу окуялар.

Эки куйоолу аял.

17-болум.

Отур, кызым.

 

— Рахмат.

 

— Тартынба, бала кезиңден эле көрүшүп жүргөнбүз, тамактанып ал, азыр Замир келет, ал келсе жолго чыгасыңар.

 

— Каякка?

 

— Айткан жок беле?

 

— Жо-ок, — Камила жер карай жооп берди.

 

— Кызым, түшүнүп турам, бул өмүрдү Жараткан адамга бир жолу эле берет экен, канча жаш берет, канча жашайт аны биз билбейбиз, силер жашсыңар. Бакыт-дөөлөттү да өз убагында кармап калыш керек, байкабай калып өз мүмкүнчүлүгүңдү өткөзүп жибербе, дөөлөт тоголок, мээнет жалпак деген. Сени келин кылабыз деген оюбуз бар эле, сени окууга кеткен дешти, анан… Замир чатак чыгарып барган жериңден алып келем деди, атаң экөөбүз тыйдык. Замир биздин жападан жалгыз балабыз экенин билесиң, аны болбой бир абройлуу адамдын кызына үйлөнтүп койдук… — Зыйнат үшкүрүнүп алды, ошол кезде үй кызматчы аял столдун үстүн толтуруп, тамактарын алып келди. — Ала гой, Камила, сен менин кызымдай эле бол, эч тартынба. Замир эрке чоңойду, атасы оозунан чыкканын аткарат, ошондуктан өз билгенин кое бербейт. Сени айтып жүрүп аялын карабай койду, атасы экөөбүз канча айттык болбоду, акыры келинибиз кетип калды…

 

— Анан көз жаш менен көкүрөктөн бакыт издеп жүрөбү?

 

— Ыя?! — Зыйнат селт эте Камиланы карады, бул көз карашта «чунак го» деп ойлонуп калганда Камила өзүнөн сөз күткөндөй жүрөгүндөгүнү айтып жатты:

 

— Ооба, ал менин күйөөмдүн жанынан тартып келди, коркутуп жатып максатына жетти, мен энемин, кызымды ойлонуп сыздап отурам.

 

— Мунуң болбогон сөз, адам кандай болбосун бир келген өмүрдө жакшы жашап өтүүгө тийиш, кызым, жаштык кылба! — Зыйнат чыйрала токтоо сүйлөдү. — Күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго мин деген, аманат жашоодо өксүбөй өтүү ар бир пенденин тилеги.

 

— Ар бир адамдын ар башка түшүнүгү бар, сүйүүсүз жашоо калагы жок кайыкта сүзгөндөй, жүрөгүндө сезими бар адам эч качан байлыктын кулу болбойт. Жансыз буюмдардын кучагында калган менен жүрөгүң каалабаса кантип кабак ачып, кантип өмүр сүрүүгө болот, айтыңызчы мага, аял, эне катары түшүнсөңүз?!

 

— Тамагың муздап калды, — ошол кезде Замир келди да:

 

— Камила, бол даярдан, самолет төрттө учат, жөнөшүбүз керек, — деди.

 

— Балам…

 

— Апа, биз бир-эки ай Америкада болобуз, иштер боюнча, сүйлөшүп турам, — деп Зыйнатты сүйлөтпөдү. Камила зыңгырай туруп, үстүңкү кабатка көтөрүлдү: «Бүттү баары, эми болду, Денистин, кызымдын, апамдын амандыгын гана тилеймин» деп ойлонуп кийинип алып, кайра келди. Замир аны колдон алып жөнөгөндө Зыйнат:

 

— Кудай жолуңду ачсын, — деп кала берди.

 

— Чалам, апа, — деп Камиланы жетелеп машинага отургузду да, жөнөп кетти. Экөө тең үнсүз, Замир аны көз кыйыгы менен карап коет. «Неге мынча мисиреет, күйөөң менен кызыңды сакташ үчүн эле менин жанымда жүрөсүң, көрөөрбүз сенин зымырайганыңды» деп ойлоп баратты. Ошол күнү алар Америкага учуп кетишти…

 

***

 

Денис жаман абалда калды, ар мүнөт сайын Камиланын кылыгын, элесин эстеп алып, жаман болуп кетти. Кызын көтөрүп алып досторуна, жолдош балдарына барып алаксыйт. Ата-энесине эч нерсе айткан жок. Болгону «атасы болбой алып калды, мени менен жашашымды каалабайт, кызымды гана бергиле деп сурангам, Камила зорго көндүрсө керек» деп койгон. Өз ичинен ойлонуп анын аргасыз гана калганын сезди, жүрөгү ооруп аябай арыктап кетти: «Дагы жакшы мени ошол жерге өлтүрүп таштап кетсе эмне кылат элем, карга-кузгунга жем болмок экенмин» деп да ойлонуп кетет кээде. Денистин ошондо жүрөгү түшүп калганбы өңдөн азып баратты.

 

— Кагылайын, бир жериң ооруп жүрөбү? — деди бир күнү Ажар.

 

— Жок, апа.

 

— Анда Камиланы ойлоп жүрсөң керек, эмне кыласың эми, насиби жок болсо кантебиз, кызыңды жакшы кара да келин-кесек иликтей бер, жүрө бермек белең, үйлөн, айланайын.

 

— Апа, азыр үйлөнгөндү кое турайын, балким Камила келип калаар… — Денис ойлуу жер тиктеди.

 

— Ал эми келбей калды го, балам, Камила жакшы келин болот эле бечара, ошондо барбайм дегенде тим койбой…

 

— Кайдан билдим, мындай болоорун билгенде барбайт элек да?

 

— Кой эми, кеч кирип келатат малыңды кара, балам, атаң ооруп калган го, ордунан туралбай жатат.

 

— Макул, апа, Аруужан кайда жүрөт?

 

— Балдар менен ойноп жүрөт окшойт.

 

— Суук тийип калбасын, таап келейинчи, — Денис жол жакта ойноп жүргөн балдарды карады, Аруужанды чанага салып, Алмаздын чоң баласы ойнотуп жүргөн экен. — Амантур, Аруужанды үйгө алып кир!

 

— А-азыр, — деген Амантур кайра оюнга алаксып кетти.

 

Денис жолдон бери машина бурулуп келатса эле Камила келаткандай жол караганды адат кылып алган. Азыр дагы келе жаткан машинаны көрүп карап калды. Ал бул жердеги машиналардын баарын тааныйт, бул чоочун машина экен, көпкө турду, жакындаганда кууш көчөгө бурулуп кетти эле шаабайы сууй түштү. Шылкыя мал короо жакка басты. «Эми Камила келбейт, телефону болсо өчкөн, аны дагы эле камап атса керек, болбосо келип калмак» деп ойлонуп малдарын жайлап жүрдү. Бир убакта чөнтөгүндөгү телефону чырылдап калды. Шашылып ала койсо чоочун номур, Жийде экен.

 

— Алло, Денис, жакшысыңбы, Аруужан чоңоюп жатабы?

 

— Жакшы, чоңоюп жатат, өзүңүз жакшысызбы, апа?

 

— Жакшы эле, жакында ооруканадан чыктым, Камила телефон чалдыбы?

 

— Жок.

 

— Мейли, балам, чала тагдыр экен, мен сендей күйөө балам бар экенине кубанып жүрдүм эле, заматта баары будуң-чаң түштү, жакшы жүр, Аруужанды өөп кой, садага! — деди да, телефон түтүлдөп калды. Денис малын жайлап коюп, үйгө кирип колун отко кактап кызын карап отуруп калды. Ал эбак кирип куурчагын алып ойноп жаткан экен.

 

— Аруужан, келчи бери.

 

— Ата, ойноп атам, — Аруужан кыйыктана болбой атты.

 

— Бери келсең, конфет берем, — деди эле баары үмүттүү карап калды. — Кел, келегой, бол эрте.

 

— Кана момпосуй жок, — ал дале болбой моюн толгоду.

 

— Мына, — деп чөнтөгүнөн конфет алып чыкты эле жүгүрүп келди да, ала койду, Денис шап кучактап эки бетинен өөп алды, — Эми ойной бер! — деди да калган момпосуйларды өзүн карап турган инилерине берди.

 

— Айлөк, айлөк меники кө-өп, сенники аз, — Аруужан эки колундагы конфеттерди көрсөтүп мактанып калды.

 

Кызынын ар бир кыймылын Денис Камилага окшоштура берет, бирок анын келбесин эстегенде оор үшкүрүнүп алчу болду. Калмурат менен Ажар кеңешип туруп Денисти доктурга көрсөтмөк болуп турган. Ошол убакта бийликке жаңы президент келип, аттуу баштуунун баары эл кыдырып тизмелеп каттап жүрүшкөн. Ал тургай жетишпеген үйбүлөгө дешип ун, кант, чай-май таратып калды. Калмурат:

 

— Ээ, кемпир, буйруган ашың турат, жулунган дагы өтөт бу аманат дүйнөдөн, бей күнөө момун да өтөт, тиги дүйнөдө ар кылган иштин сурагын берүүгө туура келет.

 

— Эмне эле тиги дүйнө, тиги дүйнө деп калгансың, эл катары буйруганын көрөбүз да, өлүп көргөн ким бар, дегеле ак жүрөк болуп кетет.

 

— Мейли, кемпир, эмне десең ошо де, пайгамбар жашына келген адам чын дүйнө камын көрбөй болобу, кудайга шүгүр бирөөдөн сурап көрбөдүң, бергенде берип каласың, тобоо дейли, быйыл жайда ылдыйкы жерге үй сала баштабасак болбойт.

 

— Өзүң бил, — Ажар тим отуруп калды: «Ырас эле пайгамбар жашынан өттүк, кудай дейинчи, балдарым аман болсун, кезек күтүп албаса албай эле коелу», деп ойлонуп жатты. Азим түштөн кийин атына баштык менен мүшөк артынып келип калды.

 

— Эмне алып алгансың? — Калмурат эшикте турган ормойо карап калды.

 

— Ата, жардам берип жатыптыр сиздин атыңыз чыгып калды, анан алып келе бердим.

 

— Аа-а, сыйлап жазып коюшкан тура, — ветеран деген го? — деп үйүнө кирип кетти.

 

— Сен аерге эмнеге бардың эле? — Ажар таңгала карады.

 

— Мен жөн эле базарга баргам, элдин баары эле үйүлүп жатат, барып карап турсам атын айтып чакырып жаткан тыңшап калдым, бир кезде атамын айтканынан «бар» деп койдум эле ушуларды берди.

 

— Мейли, насип буйруса ушинтет тура, атаң ветеран да, тиги Анар кемпирди жазыптырбы?

 

— Билген жокмун.

 

— Ошол алсын байкуш, өмүрү жетишпей эле келатат, — деп Ажар ары карай басты. Аймиранын бөлүнөм деген үмүтү өчүп аргасыз отуруп калды. Камила кеткен бойдон келбегенин божурап айтып бүтө албай жүрөт. Сайраш менен бир күнү базар жакка баратып:

 

— Ата-энеси аябай жаман экен, жанагы кичинекей кызын өлтүрөбүз дешип зорго ала качып келгенбиз, — деди.

 

— Чын элеби?

 

— Ооба, үч миң доллар алып келбесең кызыңдан айрыласың деген экен Камила ыйлап отуруп бизди чакырып, — деп болгон сөздү жашырбай айтып жатты.

 

— Ай-ий, кызык тура, ошондо эле аны таштап баса берсе болот эле да?

 

— Кимди?

 

— Камиланы.

 

— Аа-а, биздин бала аялын аябай сүйгөн окшойт ай, азыр аябай жаман болуп жүрөт.

 

— Чын эле, ооруп жүргөндөй.

 

— Көрдүң го, тим эле кесел кишидей болуп баратат, анысы да укмуш болчу, буларды күч менен эле ажыратып коюшту, болбосо экөө аябай ысык болчу.

 

— Акем сизди сүйөбү? — деди Сайраш күлө, анын күйөөсү Азимден кичүү болчу.

 

— Билбейм, балалуу болгондон кийин сүйүүң балдарыңа өтүп кетет деген чын, болбосо биз укмуш сүйлөшчүбүз да, аны ойлосом өмүр бою кыз бойдон жүрө бергим келет, — Аймира каткырып койду.

 

— Укмуш ойлойт экенсиз, — экөө күлүп жатып, базарга жете келишти. Ошентип айыл ичи шумдук кепке толуп, бири-биринен угуп жакасын кармап, тобоо кылгандар болду. Бара-бара убакыттын өтүшү менен ал дагы унутула баштады. Денис өңүнөн азып кичине эле көзү илинсе чочуп кетчү болду. Бир күнү апасына айтты эле ал Калмуратка айтып молдого дем салдырып, кичине өзүнө келгендей болду.

 

— Катуу корккон экен, акырындап отуруп өтүшүп кетсе оолукма ооруга чалдыгып калмак, — деди молдо.

 

— Эмнеден коркот, капырай дагы жакшы…

 

Ажар ойлонуп калды: «Кайнатасы коркутуп бирдеме десе керек, кийинки кызына барганда», деп шекшигени менен аныгын биле албады, өзү айтпады. Ошону менен эч кимиси кеп козгобой жашоо өтүп жатты, жарым жылга жакындап калганда Денисти үйлөн деп шаштыра калышты. Аруужан болсо тили буудай кууруп, энесинин этегине эрмешип жүгүрүп жүрөт. Денис аны жанындай көрөт. Атасы өзү ошол айылдан илгертен жакшы теңтушуна сүйлөшүп, мектепти жаңы бүтүп үйдө жүргөн кызын алалы деп макулдашып койду. Айымкан жакшы кыз, Денисти сыртынан таанычу, анын кызы бар экенин да билет. Калмурат көп өтпөй эле ага сөйкө салды да, алып кетти. Денис көпкө кыйналып жүрдү, уктап жатып Камиланы элестетип бекем кучактап алат да, чочуп кетет. Анткени Камила толук болчу, Айымкан ичке узун бойлуу кыз. Кучагына толбой ага көнбөй жүрүп жаш кыздын ажарлуу жүзү, жарашыктуу мүчөсү, күлгөндө чукурайып кетчү ууртундагы чуңкурчасы, койчу баары аны өзүнө тартып баратты. Ал тургай Айымкандын көздөрү күлүп эле турчу. Кээде карап туруп ичи элжиреп: «мен Камиладан башканы сүйбөйм дечү элем, бул мени азгырып өзүнө имерип баратат, көрсө баары алмашып, жаңыланып турат тура, эми Айымкан деп жашоого аргасызмын» деп ойлонуп, терең улутунуп алат. Аруужан аны жеңе дейт, ага Ажар ошентип үйрөтүп койгон. Денис ошентип экинчи аял алууга үлгүрдү, Камиланы ойлогондо: «Деги тирүүбү, аны өлтүрүп койбоду бекен, же аргасыздан ал дагы бирөөгө башын байладыбы, болбосо келет эле» деп ойлоп кетет. Жашоо өз нугу менен өтүп жатты. Камиланын ичи чоңоюп, унааларда жүрө албай кусуп кыйналып калганда аны бөлмөдөн чыгарбай карап жатты Замир. Камила ичиндегисин алдырып коймок болду, бирок эч мүмкүнчүлүк болбоду. Бир күнү кеч келген Замирге:

 

 

Уландысы бар…..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE