Пример HTML-страницы

Куршабдагы эң чоң сейил бакты пандемияда талкалап кетишкен

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айыл өкмөтүнүн балансында турган сейил бак кароосуз калды.

Айыл өкмөт башчы Саткан Келдибековдун айтымында, сейил бактын 51 сотых аянты жеке жактарга өтүп, 1,70 гектары 2036-жылга чейин арзан баада ижарага берилген. Буга чейин паркын жалпы аянты 4 гектар 70 сотых болгон. Учурда сейил бактын 2,5 гектары айыл өкмөттүн карамагында турат. Бирок бүгүнкү күндө ал жер да иштетилбей, кароосуз жатат.

«Парктын 51 сотыхы 1995-жылы менчикке өтүп кеткен экен. 2019-жылы 1,70 гектары 2036-жылга чейин ижарага берилген. Быйыл алар иштеткен жок. Аларды чакырып, көрктөндүрүп, иштетүү керектигин айткам. Биздин балансыбызда азыр 2,5 гектары калган. Бишкектен да инвесторлор келип, ал жерди ишке киргизебиз деп аракет кылганбыз. Бирок ижарага алган адам «мен ижарага алгам, өзүм каалагандай иштетем» деп көнбөй койду. Сатып алган тарап да «менчикпиз, эч кимди киргизбейбиз» деп көнгөн жок. Сейил бактын бир тарабы сатылып, бир тарабы ижарага берилип кеткендиктен азыр биздин баланстагы жер ортодо болуп, калып калды», — деди айыл өкмөт башчы.

Куршаб айыл өкмөтү буга чейин жеке менчикке өтүп кеткен 51 сотых жерди кайра кайтарып алуу аракетин көргөн. Бирок Саткан Келдибеков оң жыйынтык чыкпаганын кошумчалады.

Айыл өкмөт менен сейил бакты ижарага алып иштетүүгө Куршаб айылынын Маматсабыр Топчубаев атууу тургуну келишим түзгөн. Анын айтымында, келишимде жердин аянты 2 гектар 5 сотых деп көрсөтүлгөн. Бирок айланада жашагандар парктын жерлерин кошуп, короолорун чоңойтуп, тосуп алган.

«Ал паркты куруу үчүн 6 млн сом акча сарптагам. Балдарым Россияда жүрүп тапкан акчаларын баарын жумшаган элем. Башында баары жакшы болду. Пандемия убагында паркты такыр талкалап кетишкен. Жасаган отургучтардын жыгачынан бери сындырып, жарыктандырууга коюлган мамыларлдан бери талкалап кетишти. Мен кайрадан чыгымга учурадым. Учурунда таштанды таштоочу жай болчу. Баарын оңдоп, тазалап чыкканбыз. Келишим боюнча 2 гектар 5 сотых. Адамдар короосун чоңойтуп, парктын жерин кошуп тосуп алышкан. Аны айыл өкмөттүн жер адиси, архитектурадан келип, чече албай коюшкан. 1,7 гектар чыкпай калат. Анткени адамдар парктын жерине такыр эле кирип кеткен. Азыр иштеп жатат. Айыл өкмөт менен сүйлөшүп, дагы 200 миң доллар коротуп оңдосом деп турам. Коркуп да турам, курсаң эле талкалап кетишет», — деди ал.

Жергиликтүү тургундар бул паркты «Чынар бак» деп да аташат. Анткени парктын ичине союз учурунда катар чынарлар отургузулган. Азыр ал көчөттөр эки адам кулачы жеткис болуп чоңойгон. Алар бак-дарактуу салкын жер кароосуз калганына нааразы.

«Бул Куршаб айыл аймагындагы эн чоң сейил бак. Качан ачылганын так билбейм. Менин жашым 60ка кетип жатат. Бала кезимде бар болчу. Бирок аябай салкын, кооз жер. Адамдар отуруп эс ала тургандай оңдоп койсо жакшы болот эле. Бирок канча жылдан бери каралбай турат. Эч нерсеси калган жок. Баарын талкалып, сындырып кетишкен. Муну башка жактан келип талкалап кеткен жок, өзүбүздүн жергиликтүүлөр жасашты. Оңдоп койсо жаш-кары дебей келип, эс алмак», — деди жерликтүү тургундардын бири.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE