Пример HTML-страницы

Депутат Ленин көчөсүндөгү имараттын тагдырына кызыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-майда Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында шаардык оорукананын эски имаратынын жанындагы имарат тууралуу маселе көтөрүлдү.

Сессияда күн тартибине 15 маселе коюлган. Бирок анын ичинен 1 маселе күн тартибинен алынып салынды. Жыйынга 41 депутат, Ош шаарынын мэри, вице-мэрлер, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.

Депутат Алмаз Иминжанов Ленин көчөсүндөгү курулуштун тагдырына кызыкты.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Канышай Имарова суроону кайталап коюуну суранды.

Төрага Салман Назылбеков сөзгө аралашып, депутат Жантөрө Сатыбалдиевдин (мурунку премьер-министр) эски оорукана тараптагы имараты тууралуу сурап жатканын айтты.

Канышай Имарова аталган имарат соттун чечими менен бузулуп, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алынганын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE