Пример HTML-страницы

Баткенде апта ичинде мас абалында унаа башкарган 19 айдоочу аныкталды

TurmushБаткен облусу боюнча акыркы жумада, тагыраагы 22-майдан 28-майга чейин жалпы 1072 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Мас абалында унаа башкарган 19, айдоочулук күбөлүгү жана автоунаага тийиштүү документтери жок унаа башкарган 31 айдоочу токтотулду.

Кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашырып айдаган 156, алдыңкы айнегин мыйзамсыз караңгылаткан 1 айдоочу аныкталды. Ар кандай жол эрежелерин бузган 818 айдоочу аныкталса, убактылуу токтотуучу айып короого 48 автоунаа токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE