!!!
Дин душмандарына жана «жон эле» кычаастарга жооп берууну шейх Чубак ажыдан уйронолу:
Суроо: “Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” – деген сөз бекериненби?
Жооп: — Ооба, молдонун айтканын кылам деп убара болбо, колуңдан келбейт.
Суроо: “Тигил дүйнөнүн бар экенин ким көрүп келиптир?”
Жооп: — А жок экенин ким көрүп келиптир?
Суроо: “Молдонун айтканын кыла берсең акмагың чыгат”- дейт эмеспи?
Жооп: — Чынында молдонун айтканын кылсаң акмагың чыгып кетет. Антпесе акмагың менен жашай берип, өзүң да акмак болуп каласың”- дегени.
Суроо: “Мусулмандар Кудайга сыйынабыз деп, эмне үчүн кара ташка сыйынышат?”
Жооп: -Мусулмандар Кара ташка сыйынышпайт. Болгону аны сыйлашат.
Суроо: “Ажылыкта каза болгон кары-картаңдардын жоопкерчилигин ким алат?”
Жооп: — Аларды карылыгында ошол жакка өздөрүн жөнөтүп койгон уулдары алат.
Суроо: “Жылкынын баары жорго болот, жиндинин баары молдоболот” — деп бир олуя айткан экен. Азыр деле андайлар толтура го?
Жооп: — Ооба, жинди атыкпаган молдо чынында жинди. Анткени, пайгамбарыбызды жинди дешкен. Бирок, ким жинди болуп чыкты?
Суроо: “Карыганда деле намаз окуса жетишет да, азыр эртерээк го”
Жооп: — Туура айтасыз, азыр эрте. Өлүм периштеси кечке чейин келип калса керек.
Суроо: “Мечит көбөйдү. Алардын ордуна мектеп курса болбойбу?”
Жооп: — Болот, ким кой деди. Курам дегендер болсо курсун.
Суроо: “Арак деле нан жасалган буудайдан жасалат да. Аны неге арам дейсиңер?”
Жооп: — Энеңиз менен кызыңыз деле аял да, эмнеге аларга үйлөнбөйсүз?
Суроо: “Ажыга барып келсе деле күнөөлөрдү жасап жатышпайбы?”
Жооп:- Мончодон чыкса деле адам кирдеп жатпайбы?
Суроо: “Ажыдан келип алып, мурдагыдан бетер бузукулук кылгандар бар…”
Жооп: -Туура, эшек Аравияга барып келсе эле эшектигин кылбай койбойт.
Суроо: “Кечээ эле арак ичип жүрбөдү беле, бүгүн намаз окуп калыптыр…”
Жооп: — Ооба, сиз дагеле ичип жүрөсүз.
Суроо: “Намазды кыргызча окуса болбойбу?”
Жооп: -Болот, бирок кыраатын кайсы обончуга жаздырасыз?
Суроо: “Эмнеге эле молдокелер арак болбойт, аялга барган туура эмес, тамеки тартпагыла” – дей беришет?
Жооп: -Алар муну мусулмандарга айтып жатышат.
Суроо: “Көп аял алуу кыргыз элине жат көрүнүш. Кайсы кыргыз көп катын алыптыр?”
Жооп: — Манас, Семетей, Сейтек, дегеле эр менен баатырдын баары.
Суроо: “Азыр жаштар ата-бабасы койбогон сакалды коюп калды”
Жооп: -Тетирисинче, азыр ата-бабалар койгон сакал коюла баштады. А силер аны алып салгансыңар. Курманжан даткадан башка кыргыздын бүт жакшыларынын сакалы болгон.
Суроо: “Адам динден көрө илимди үйрөнүү зарыл. Илим гана туура жолго жетелейт”
Жооп: — Илдимпоздордун эң укмушу Акаевпи?
Суроо: “Көзү ачыктар жолун ачып, иши жүргөндөр толтура”.
Жооп: — Анда эмнеге көзү ачыктар өздөрү самсаалап базарларда отурушат?
Суроо: “Жүрөгүм таза болсо болду да, намаз окуп, орозо тутуп эмне кылам?”
Жооп: — Тетирисинче жүрөктү намаз менен орозо тазартат.
Суроо: “Өзү эле кечээ арак ичип жүргөн, бүгүн эле намаз окуп калганын кара”
Жооп: — А сиз дагы эле ичип жүрөсүз. Качан намаз окуп калаарыңызды кудай билет.
Суроо: “Кыздарга жоолук салып, баарын чүмкөп салсаңар эркектер кимди карайт эми?”
Жооп: — Өздөрүнүн кыздарын чечинтип алып карай берсин. Сөзсүз бирөөнүн кызын караш керекпи?!
Суроо: “Жоолукту салынып алып, кылбаганды кылганы канча…”
Жооп: — Ооба, алар али кылбаганын кылып жатат. А силер кылганыңардан али кутула элегиңер канча?!
Суроо: “Кыргыздын кыздары жүздөрүн чүмкөгөн эмес”
Жооп: — Анткени бүгүнкүдөй эркектери болгон эмес.
Суроо: “Шалбырап кийинип алып, үч уктап түшүнө кирбеген жерлерде тентип жүрүшөт”
Жооп: — Анткени сизге окшоп шалбырабагандар кошунасын да тыйып койо албайт.
Суроо: “Чала молдо дин бузат”
Жооп: — Ооба, анткени толо молдосу динди билбейт.
Суроо: “Намазды буйурганда окуйбуз…”
Жооп: — ооба вертолет менен жеке өзүңүзгө буйурат имиш.
Суроо: “Намаз окуганга убактым жок болуп жатпайбы?”
Жооп: — Эч нерсе эмес, өлүм периштеси келгенде табылып калаар.
Суроо: “Сакалчандар террористтер, а терроризм дегени коркутуу дегенди билдирет”.
Жооп: — Туура айтасыз, алар гана тозок менен коркутушат.
Суроо: “Намаз окуп жүрүп деле күнөөлөрдү жасап жатышпайбы?”
Жооп: — Алар жок дегенде намаз окуп жатышат. А силер күнөө да кыласыңар намазды да окубайсыңар.
Суроо: “Эмне үчүн эркек бир нече аял алса болот, аял бир нече күйөө менен жашаганы болбойт?”
Жооп: — Бир эркектин төрт кепичи болсо кандай жана бир кепичти төрт эркек кийсе кандай?
Суроо: “Адалсынган молдодон алты камандын башы чыгат”
Жооп: — Молдоке айылдын баарын тазалаган тура