Пример HTML-страницы

Turmush: Сүрөт: Таласта аскер кызматкерлери сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 29-майда Талас шаарында Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлеринин кесиптик майрамы жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде уюштурулду.

Иш-чарага тиешелүү жетекчилер, аскер кызматкерлери, ардагерлер катышты. Анда концерттик программа тартууланып, куттуктоо сөздөрү айтылды. Ошондой эле күжүрмөн эмгеги үчүн ардагерлер жана аскер кызматкерлери Талас шаарынын мэриясынын ыраазычылык каты жана акчалай сыйлыгы менен сыйланды.

1992-жылы 29-майда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү түзүлгөн. Ошол күндөн тарта ар жылы өлкө аймагында 29-май — Куралдуу күчтөрдүн күнү катары белгиленип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE