Пример HTML-страницы

Баткенде өзүн милиционер катары тааныштырып, жарандарды алдаган жигит кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 52 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 16-февралында белгисиз адам өзүн «Баткен облустук ички иштер башкармалыгында иштеймин» деп тааныштырып, Кызыл-Кыя шаарынын 52 жаштагы тургуну У.З.ны алдап, анын Өзбекстан Республикасынын жараны болгон таанышына Кыргыз Республикасынын жарандыгын алып беремин деп, 40 миң сом акчасын алып, эч кандай жарандыкты алып бербестен, же акчаны кайтарып бербестен, изин жашырып качып жүргөндүгүн билдирген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн белгилер менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда З.У. көрсөтмө берип, анда жаран А.Р. 40 миң сом акчаны жана Өзбекстан Республикасынын жараны Х.А.га таандык туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, аскердик билетин жана паспортун да алгандыгын билдирген.

Баткен ОИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну А.Р. кармалып, Баткен РИИБдин убактылуу кармочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кимде-ким ушундай көрүнүшкө душар болсо, анда 03622-5-02-26 0778-32-99-92 номуруна кайрылсаңыздар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE