Пример HTML-страницы

Муздаткычты колдонууну билип алыңыз

https://kyrgyzcha.site/?p=11863&preview=true Пайдалуу кеңештер.

МУЗДАТКЫЧТЫ КОЛДОНУНУН ЖОЛДОРУН БИЛИП АЛЫҢЫЗ

 

 

–Жайдын ысык аптабында муздаткычсыз элестетүү кыйын. Ага үйүбүздөгү жер-жемиш, тамак-ашыбыздын баарын бузулуп кетүүдөн сактоо үчүн салып коёбуз. Бирок, биз ойлогон бардык эле азык-түлүктү муздаткычка салып сактай берүүгө болбосун тактап алуу көп эле кожойкелердин оюна келбесе керек. Анда муздаткычка эмнелерди салуу жана эмнелерди салбоо керек экендигин төмөндөгү материалдан билсеңиз болот.

 

–Муздаткычта сактаганга мүмкүн болбогон азыктар:

 

–Консервалар: балык, туздалган бадыраң, калемпир, салат, козу карын, кыям жана башка оозу чапталгандар. Бирок, оозу ачылгандан соң айнек идишке салып, капкагын бекем жаап анан муздаткычка сөзсүз сактоо керек. Цитрус жемиштери: банан, ананас, манго, киви. Бул өсүмдүктөр муздаткычтан эрте бузулуп кетет. Андан көрө кагаз кутучага салып үй температурасында кармаса көпкө турат. Жашылчалар: ашкабак, помидор, бадыраң, коон, дарбыз, картошка, пияз. Муздаткычтан помидор эзилип, салмактуу болуп калса, картошканын муздак абадан крахмалы бузулуп, шекер кошулгандай таттуу болуп даамын жоготуп коёт. Ал эми пияз муздаткычтагы бардык азыктардын даамын бузат. Жер-жемиштер: алма, алмурут, курма, кара өрүк. Буларды муздаткычка салууга болбойт. Себеби, муздаткычтан эрте бузулуп, керектүү витаминдерден айрылып калат. Буларды үй температурасында сактаса көпкө сакталып, витаминин жоготпойт. Оливка майы жана бал. Бул экөөн тең муздаткычка салгандан көрө караңгы жерде үй температурасында сактаса пайдалуулугун жоготпойт. Момпосуй. Булар да муздак абадан өзүнүн даамын жоготуп коёт.

 

–Муздаткычтан орун алчу азыктар:

 

–Эт, фарш. Буларды муздаткычтын тоңдургучунда сактоо керек. Фаршты муздаткычта үч төрт күн гана сактоого болот. Тоңдургучта тоңуп, кайра ээриген этти экинчи ирет тоңдурууга болбойт. Себеби көпкө турган жана кайра тоңдурулган эттин калориялуулугу азайгандан тышкары даамы өзгөрүп кетет. Сүт азыктары: сыр, айран, каймак май, сүт, йогурт. Эгер эки үч күн аралыгында каймакмайды колдонбогудай болсоңуз, анда аны тоңдуруп койгонуңуз туура. Себеби, көпкө туруп калган каймакмайда бактериялар ойгонуп, көбөйө баштайт. Жашылчалар: сабиз, кызылча, капуста жана тамакка даам берүүчү көк чөптөр. Дароо жерден алынган жашылчаларды, жер жемиштерди жуубай туруп муздаткычка салуу туура эмес.

 

Жууп, кургатып, анан ар бир жашылчанын, жемиштин түрүн өз-өзүнчө бөлүп, айнек же желим оозу жабылган идишке салып муздаткычтын төмөнкү бөлүгүнө салуу талапка ылайык. Болбосо полиэтилен жылтырагына таңгактап салуу туура. Жашылча, жер жемиштердин аралашып салынуусу алардагы болгон даамды жоготуу менен бирге эрте бузулуп кетүүсүнө алып келет. Көк чөптөрдү жуубай туруп жылтыракка салып муздаткычта үч төрт күндөн бир жумага чейин сактоого болот. Балык. Муздаткычтын тоңдургучунда үч төрт күн сактоого болот. Анын жыты башка азыктарга сиңип калбоо үчүн фольга, болбосо полиэтилен жылтырагына салып андан соң тоңдургучтан орун берүү шартка ылайык. Жумуртка. Көпчүлүк жумуртканы муздаткычка салбай эле сактаса деле болот дешет, бирок, бул туура эмес. Муздаткычтагы жумуртка жаңы бойдон турат. Колбаса. Бул эт азыгын муздаткычтын төмөн жагында сактоо талапка ылайык. Колбасаны ачылгандан кийин муздаткычта деле эки үч күнгө чейин гана кармоо керек. Нан. Көгөрбөй жаңы бойдон туруу үчүн муздаткычтын жогорку текчелерине коюу керек. Себеби жогору жагынын температурасы төмөнүрөөк болот. Бышкан тамак. Даяр болгон жаңы тамакты эң көп дегенде үч сутка сактоого болот. Муздаткычка салардан мурда оозун бекем жаап анан салуу керек.

 

–Муздаткычты колдонуунун эрежелери:

 

– Азык-түлүктү алюминий идишке салып муздаткычка салууга болбойт. Себеби муздак абада алюминийден жаман заттар бөлүнүп тамакка аралашып зыяндуулугун тийгизет. – Муздаткычтын эң жылуу температураны кармаган жери бул эшиги. Андыктан, бул жерге сүт, айран, йогурт, каймакмай сактоого болбойт. Эшигинин ылдыйкы бөлүгү шире, спирт ичимдиктеринин орду. Ал эми жогору жагына соус, кетчуп, майонез жана башка тамакка даам берүүчү татымалдар коюлат. Ошондой эле айрым салкын абаны талап кылган дары-дармектердин орду да ошол жер десек болот. – Муздаткычты ашыкча жүк менен толтурууга болбойт. Себеби ашыкча жүктөн муздак аба айлануучу түтүктөрүнө күч келип, туура эмес иштеп, муздаткыч эрте бузулат. – Консерванын идишине азык салып муздаткычка салууга болбойт.

 

Дайыма айнек же фарфор идишине салып андан соң муздаткычка салуу керек. – Муздаткычка ысык тамакты дароо салбаңыз. Алгач үй температурасына чейин муздатып, андан соң салган оң. – Тамак-ашты эч качан капкагы ачык бойдон муздаткычка салбоо зарыл. – Тоңдургучка азыкты полиэтилен жылтырагына же фольгага ороп, таңгактап туруп гана салууга болот. – Муздаткычтын жогору жагынын температурасы ылдый жагына караганда төмөнүрөөк келет, андыктан азыктарыңызды таңгагында жазылган температурасына ылайыктап коюңуз.

 

–Муздаткычты кантип тазалоо керек?

 

– Муздаткычыңыздын ичин бөлүп турган айнек текчелердин дайыма таза, анан кооз болушун кааласаңыз, аларды тамак-аш плёнкасы менен каптап коёсуз. Табитиңизге жараша ар кандай түстөгүсүн же гүлдөрдүн сүрөтү түшүрүлгөн түрүн тандасаңыз болот. Плёнка капталган айнекти сүртүп тазалоо оңой. Каалооңузга жараша убак-убагы менен жаңысына алмаштырып турсаңыз болот.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE