1-болум
Мен Чыгыш университетинин журналистика факултетинде учунчу курста окуйм. Жаш кезимден бери эле журналист болом деп максат кылчуумун.
Максатым ишке ашып азыркы убакта эртеден тушко чейин окуп ,туштон кийин «Ак куш» газета редаксиясында иштейм. Ал жакта мен акчага иштебейм,озум учун ,озумо тажырыйба топтогону иштейм. Ошон учунда алар мени бекер иштетип журушотда. Окуу ,окуудан чыгып жумуш. Кечинде жатаканага барам,эки бала жашайбыз. Ал биринчи курс,башка факултетте окуйт. Бир куну башчыбыз мага келип:
-Абдурашид мындай балам, биздин гезитке ото трагедиялуу ,ото таза сезимдерди чагылырган суйуу жонундо баян керек болуп жатат. Сен жаза аласынбы?
-ойдон чыгарыпбы? Эми колдон келишинче жазамда.
-жок ойдон чыгарып эмес болгон окуяны жазыш керек. Биз башка гезиттерден да озгочо нерсе чыгарсак окурмандарыбыз дагыда кобойот. Ак кушубуз дагыда бийиктерге коколоп учат.
-агай мен кантип табам болгон окуяны?
-мен сага эки жума убакыт берем,жунрналист болуп туруп сен бул ишти аткара албасан анда караанынды корбойун.
Анын ачуу созу кекиртегимден мыжыга кармагандай болуп,озумчо демим кысылып кетти. Мен андайын кайдан жазам деп интернеттен издей баштадым. Бирок ал жактан тапканым менен аларды элдер окуп коюшканда. Эми айлам кетип досторумдан сурай баштадым. Бир нече суйуу баяндары чыкканы менен озгочо эчнерсеси жок. Карап корсон бири-бирине окшош жетпей калган же таштап кеткен. Же конулдору калып кеткен. Эмне болсода мейли бир экоону жазып директорго алып кирсем бир эки суйломун окуп туруп эле бетиме каратып чачып жиберди. Анын буйругу менен мага башка жумуш берилбей бир гана суйуу жонундо баяндоо жумушу тапшырылды. Кызык ал эмнеге мынча мага жабышып алды . Менденда суйуу баянанына. Озу карып калганы менен журогу жаш эме тура. Жумушумдан коп нерсени уйронгонум менен дагыда уйрончу нерселерим бар. Ошого жумуштан кетпестиктин айласын кылып тыным албай китептерге чейин барактадым. Мына бугун эки жумам аяктап директор мени болушунча урушуп,жумуштан кетирди. Кесиптештеримдин алдында аябай уят болдум. Анткени мен алардан калышпаган кучтуу журналист болчумунда. Жумушумдан айрылганыма аябай окунуп жакын арадагы сейил бакка барып отуруп калдым. Ачуум келсе ,тынчсыздансам тамеки чегип озумду басып алчуу элем. Бирок бугун тамекида чекким келбеди. Саат 16:30дар чамасында асманды ала булут каптап,кун куркуроп жаан себелей баштады. Уйго кетип калайын десем жанымда такыр акчам калбаптыр. Тыйыным да уч эле сом. Бугун мага эмне болгон деп жакын арадагы дуконго барып бир даана тамеки алы паны чегип сейил бакты узунан басып жогоруу чыктым. Жатаканамада баргым келбеди. Айылга чалып апамдарга акча салгыла дейин деп телефонумду алсам кубаты очуп калды. /Ушунчалык бактысызмынбы деп озумду озум жаман коруп кеттим. Жамгыр ношорлоп того баштады. Мен атайлап жамгырга отуруп алдым. Элдердин баары чуркап жамгырдан качышат . Башымды жерге салып отуруп бир убакта козумо бир нерсе урунат. Маани бербей кайгырып отура бердим. Коп отпой дагы козумо чагылышып кетти. Ушул эле жетишпей турду эле деп анын жанына барсам кок тустогу чупурок экен. Тышында мончоктор тигилген. Ошол мончоктор козумо чагылышканго. Алайын десем эски эме. Бир тептимда жатакананы коздой басып кеттим. Жолдо баратып бир нерсемди унуткандай эле болом. Жанакы чупурок эске тушуп озумчо ичинде алтын же баалуу нерсе болуп калсачы деп ойлонуп кеттим. Убакытты текке кетирбей кайра чупурокту коргон жериме бардым. Кашайып кайжака тапканымдыда билбейм. Эми ушул эле жетишпей турду эле издешке оттум. Акыры аны издеп таап отургуч суу болгонуна карабай отурдум.Анткени озумда кол шал болуп калган болчум. Туйунчоктун оозу батинке тикчуу жип менен байланыптыр. Катуу жип экен. Чечсем чечилбейт такыр. Же айрып алайын десем агада болбойт. Кармаласам ичинде кандайдыр бир нерсе бар. Бирок мен анын эмне экенин таба албай чонтогумо салып уйго бардым. Кийимдеримди алмаштырдым шеригим жасаган тамактан жеп уйкум келип керебетиме жаттым. Эми эле уктайын десем баягы чупурок эске келип калды.. Кайра ордумдан туру паны алып ,кайчы менен оозундагы жибин ачтым.
Мына кызыктын баары эми башталды.
Чупурок толук жайылганда ичинен салфеткага оролгон буктолгон ак барак жана дагы бир чупурок чыкты. Ал чупуроктун тусуда кок. Аны жайсам саймаланган « Бердибек» деген жазуу турду. Укмуш сайма сайып жазыптыр.
Негедир башкача боло тушуп бир ушкурун алы пак баракты ачтым. Андагы жазуу аз болгону менен менин дене боюмду дуркуротуп, катуу бир ,бир нерселерге чырмап алган ондуу. Терезени карап-карап коём. Андагы жазуу томондогучо болчу:
-Саламатсызбы Бердибек. Мен сиздин суйгонунуз Акылкарачачмын. Мен бугун сизди ардайым биз жолукчуу бактан куттум. Сиз мени башкага башкошуп кетти деп ойлоп жаткандырсыз. Мен жыйырмада сиз жыйырма учто. Биз таанышканыбызга аз болсода ортобузда ыйык сезимди жандыра алдык. Бирок ата-энем ал ыйык сезимдин отун очуром деп мени башкага узатышкан болчу. Сиз мени алардан тартып ала албаганыныз менен ,менин журогумду бутундой тартып алыптырсыз. Мен такыр каршы чыгып ,сиз учун олумго да барам деп аракеттендим. Менин бул аракетимден той токтоду. Эми биз элге корунбой Таласка эски уйубузго кочуп кетмекчи болуп жатабыз. Мен сизди созсуз кутом. Балким сиз башканын жолдошу болоттурсуз. Бирок мен сизди кутом. Мен сизден башка эч бир жанды суйо албайм. Эсинизде болсо таэжем Дилдардын уйуно келип мен жонундо билсениз болот. Дареги Фрунзе \ Белинка биринчи уй,биринчи кабат.
Урматым менен Акылкарачач.
Бул катты окуп бутуп кайра аны ордундай кылып ороп салып керебетиме жатып ойлоно баштадым.
-азыр 2017-жыл болсо ал катты жазган Акылкарачач 1997-жылдары жазган беле. Ал кат ошондон бери эчнерсе болбой менин колума тийдиби? Азыр Акылкарачач кыркка чыгып калдыбы? Хм ,мунун мага не кызыгы бар. Бир байкуштун суйуусу тура деп жаздыгымды ондоп эми эле жатсам шеригим сырттан кирип келип калды. Ал экообуз учурашып мен жумуштан кеткендгим туурасында айттым. Ал эчнерсе дебей стол устундо турган жанакы чупурокту алып:
-Абдурашид байке бул эмне?
Мен аны дароо колунан жулуп алдымда :
-башын жетпеген нерсеге мурдунду тыкпачы.
-э неге кеттиниз озу жумушан?
-тиги бироонун суйуусун… ушул жерден оюма алдагы чупуроктогу кат эске келди. ордумдан ыргып туруп шеригимди которо кучактап:
-ээ сен деген генийсин! Сен менин жумушумду кайрып бердин азаматсын иним.
Ал тушунбой эле:
-байке эмне болду озу?
-эчтеке мага акча берип турчу.
-беш жуз эле барда.
-бер-бер мен сага эртен берем.
-макул…
Инимдин акчасын алып дароо жумушка бардым. Кубанычым койнума батпай чупурокту кайра-кайра ооп, эшиктен эми эле кирсем ичкерки эшиктер тарс жабылып бекитилди. Тээ туш тарапта директор мени жаман коздору менен карап турду. Ачуум келип менда кетип калдым. Кайра уйго барып эртеси кундогудой сабака бардым. Сабактан сон жатаканаг барып кийимиди алмаштырып Фрунзе менен Белинка (азыркы Чынгыз Айтматов)кочосуно барып биринчи кабатка чыктым. Конгуроону бассам бир эже чыкты.
-эже кечирес ушул жерде Дилбар деген эже жашайбы?
-Дилбар?
-ии.
-жок эй адашып калдын. Мен башымды тырмап тушуп баратсам тиги эже токтотуп:
-Дилбар сага неге керек эле?
-эже жумушум бар болчу.
-эмне жумуш?
-кыскасын айтканда мага керек болуп жатат.
-Дилбар эжелер бул жерден кочуп кетишкен.
-Кайжака ?
-тиги Арча-Бешике.
-уйу кайсы кочодо билбейсизби?
-мм уйу кайсы жерде экен билбеймго бирок тиги жаны тушкон Газпром спорт залынын жанына барып Дилбар Жетигенова дегендин уйу каерде десен айтып беришет.
-Дилбар Жетигенова ээ,чоон рахмат эже.
-ай тынчылыкбы озу?
-омей ой тынч,тынчылык.
Ошентип Газпром залынын айланасындагы жашоочуларынан сурай баштадым. Коруп ,билген адам жок. Акыры бир эшикти такырдатсам ал жерден татынакай бетинде сепкили бар кыз башын чыгарып:
-эмне керек?
-тиги Дилбар дегендин уйун билбейсинерби?
-ким?
-Дилбар… Дилбар фамилясы кандай эле кашайгыр унутуп калбадымбы.
-Жетигенова эмесби?
-ии дал ,дал озуда.
Тиги кыздын маанайы суз боло тушуп:
-эмнеге сурадыныз?
-мага керек болуп жаткан.
-мен анын кызы болом. Ал дарбазадан сырткары чыкты,мен суйунуп:
-аа так эле таап келгемго ээ. Кызы болсонор таанышып алалы менин атым Абдурашид.
-кандай?
-Аб-ду-ра-шид.
-бир кызыктай ысымго.
-ээ озундукун билип алчы.
-меникин билесизби?
-ой жоок озумдан чыгып кетти кечирес. Атыныз ким.
-Сауле.
-охоо сонунго бирок бир кызыктай экен хаха.
-ээй десе.
Биз экообуз жаныдан танышсакда тамашалаша кеттик.
-апанды чакырып койчу.
-апам,апам жок.
-кайда?
-билбегениниз онго.
-сураныч Сауле сенден.Ой жалан с тамгасынан суйлоп койдумго. сураныч Сауле сенден деп ахахах. Ал негедир кулгон жок.. Тээ Тоо тараптарды карап:
-апам мындан уч жыл мурун каза таап кеткен.
-а.а.а? кандайча?
-эмне кандайча?
Башымды тырмап ынгайсыз болуп:
-жаткан жери жайлуу болсун. Негизи мен бир эле нерсени сурайын дегем.
-рахмат ,эмнени?
-тиги Акылкарачач деген тууганынар барбы?
-ммм бар .
-журсо керек дагы деле эр албай.
-эр албай?
-э конул бурбай эле коюнуз мен суйлой берем.
-Сауле мага ошол эже керек.
-ал Таласта.
-мага дарегин бере аласынбы?
-жок билбейм.
-Сауле сураныч сенден.
-амей билбесем кайдан? Биз алар менен жакын деле болбой калганбыз.
Акыры мен чупурокту корсоттум.
-бул эмне?
-бул чупурокту кече таап алгам.
-анан? Эмне озгочолугу бар экен?
-бул ошол Акылкарачачтын бир байлыгы.
-байлыгы?
-ичин ачсан озун билесин.
Ал ичин ачып катты окуп туруп калды. Мунайынкы мени карап:
-муну ким берди?
-таап алдым дейм.
-кайжерден?
-сейил бактан.
-мм… неге керек болуп калды бул?
-болгону катты оз ээсине тапшырып коёюн дегем.
-балким жардамым тер. Бугун иним экообуз Таласка бармакбыз сизда биз менен барыныз анда. Мен сизге Акылкарачач эженин уйун корсотуп коём. Бирок мен жонундо эчтеке айтпаныз.
-эмнеге?
-эми ээрчитип келиптир деп соз кылышпасын.
-макул качан жонойбуз?
-сиз автобекетке бара бериниз биз артыныздан барабыз.
-анда мага номеринди калтырып койчу,дагы тапбай журбойун.
-макул жазыныз…
Уландысы бар.









