КАРООЛ.(АНГЕМЕ) 1-БОЛУМ.

https://kyrgyzcha.site/?p=102595&preview=true Кызыктуу окуялар.

КАРООЛ.(АНГЕМЕ)

1-БОЛУМ.

 

Жаназа окулуп бүткөндөн кийин тургандар бир дүрбөп алып анан маркумдун жакындары табытты дарс көтөрө жай гана сыртка алып жөнөп калышты. Аялдардын коштошуу ыйы узатып жатты маркумду. Албетте, туулгандан берки түнөгүнөн күдөрү үзүлүп, түз насиби түгөнүп,жакындарынын көмөгүндө чыныгы түбөлүктүү үйүнө баратпайбы маркум. Бейит айылдын эле четинде болгондуктан колмо- кол эле көтөрүп бара беришти, парзын өтөгөндөр. Артта күбүр -шыбыр болгондору да жок эмес. Жайы каттуу чыгып кабырдын кечиккенин айтып жатышты. Тим эле топурак чиештей болуп казуу өтө кыйын болуптур айтымдарына караганда. Пендечилик да, кандай жагдай болсо да гыйбат сөздөн эч өксү эмеспиз. ,, Пейилине жараша да» деп бири айтса экинчиси ,,жер кабыл алса болду» деп жакасын кармана тобоо кылган болот. Маркум чыныгы үйүнө жетти. Ырасмиси менен койулуп эл артка кайтышты.

-Жалгызынан топурак буйурбады,жарыктык.

-Деги ал баласы бар бекен?

-Бар дешет.

— Тирүү болсо келмек. Ооуу,көп жыл болду жоголуп кетти дегендерине.

— Дайынын билбегенден кийин өлдүгө чыгарган болбойт.

— Кудай билет эми.Көп жоголгондор табылып жатпайбы.

Бейиттин кетмен күрөктөрүн ордуна койуп элден кечигип баскандар бейиттен узай бергенде иттин муңдуу улуган үнүн угушуп эки жагын каранышты. Жакын арада эч кандай ит көрүнбөдү. Үн бейит тараптан угулуп жатты. Бири- бирин карай жүрөктөрү үшүй кадамдарын тездетишти.

Алдыда бараткандарга кошулганда бирөөсү чыдабады.

— Чыга бергенибизде иттин улуганын уктук. Башкача улуду.

— Иттин жүрбөгөн жери барбы.Бир дейди иттир да.

Көпчүлүк кепке камырабады. Беркилерге таасир эткенчелик туйулбады. Жымыраган денелери жазыла түшүп адамдардын этибар бербегенинен бири бирин карап гана тим болушту.Кун да кечтеп ире- шире шам болуп калган.

Кантсе да, жакшыбы жаманбы өмүр шеригинен ажырап, оор жоготуунун заптысын сезе баштаган Гаухар көңүл айтып жөнөгөн аткандар менен коштошо жалгыздыкты сезе баштады. Анын жакын тууган- туушкандары алыста кошуна өлкөдө болуп, кабар жетип-жетпей келишкен деле жок. Мындай эле айылдагылар, эринин жакын туугандары болгондуктан баары тарап бүтүштү. Үй тиричилигиндеги буйумдарын жыйыштырган болуп убакыттын өткөнүн да сезбеген Гаухар бир топто ичкери кирди.

— Тообо,- деди үй ичин айландыра карап.,, Мурда өлүм- житим болгондо, жумалап жакындары кетпей, жыт чыгарышып, келди- кеттини кошо узатышчу. Алаамат эле заман болуп калды ээ. Оору жугузасыңар, көп топтолбогула деп эле элдин башы бирикпей,бытырап баратканыбыз… Кудай сакта жакшылык эле болсун. Чачылган жаман го. Жараткан жакшы күндөрүн ата кылсын.»деп ойлоно чалынын жаткан диванына барып учкай отурду.

— Ушинтип кете бердиң ээ,- деди диванды сыймалай- жакшы күндү да көрбөдүң көрсөтпөдүң да. Жүрө турбадың неси болсо да. Балаң келип калат беле. Айтчу элең го ,,Ал тентимишиң жүрөт да бир жерде эси ооп сага окшоп.»деп. Адам деген жакшы ниет кылганы да жакшы экен. Ниетиң жакшы болгондо балаң кашыңда болот беле. Мына эми балаңдан топурак буйурбады. Күйөөр бышаары жок мени эмнеге жалгыз таштадың дейм да. Эмнеси болсо да сенден корунушаар эле айрымдар. Заптылуу элең да. Эми кандай болот? Мага жөлөк болоор ким бар эми?

Жан сыздаткан жоопсуз ойлорунан толгон бугун чыгара бир үшкүрүнүп алдыда, салаалаган көз жашын аарчый ордунан турду. Эми эч ким келбестир дарбазаны жаап койойун деген ойдо сыртка жөнөдү. Түн көзгө сайса көрүнгүс. ,,Оо, түн бир убак болуп калган турбайбы» Келин болуп келгендеги айрым жыгачтары түшүп эскилиги жетип калган дарбазаны жетелеп жапты да ичкери басты. Көз алдында караңгыда аны карап турган итти көрүп туруп калды. Караңгы түн менен аралаш. Даана көрүнбөйт. Жалдыраган көздөрү гана Гаухарды карап түн менен жуурулушуп турат.Чындыгы Гаухар башта жөн гана карап турган анан эмнегедир денеси жымырап коркуу пайда боло ичкери шашты. Үйгө кирип баратып артын дагы карады.Ит жок. Ансыз деле жымырап турган денеси муздай түшүп, эшикти жапканга шашты. Диванда көпкө отурду. Чыракты өчүргөндөн да коркту. Көзүнө жаш толду. Жалгыздыктын өкүмү биринчи күндөн эле аны эс-учун ала баштады.

— Эми кантем. Өлбөй кал өлбөй,- деп эчкирип ыйлап жиберди.

Өлбөгөн жанга таң атып келе жаткан эле.

 

( уландысы бар)

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️