КАБЫР ЖАШООСУ

https://kyrgyzcha.site/?p=102637&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

КАБЫР ЖАШООСУ🌙

Күнөө кылган мусулман “фасык” деп аталат. Ислам динине ишен- беген жана диндин буйруктарына маани бербеген адам “капыр” деп аталат. Фасыктар менен капырлардын бардыгы кабырда азапка дуу- шар кылынат. Буга ишенүү керек. Өлгөн адам кабырга коюлгандан кийин биз билбеген түрдө тирилип, амалдарына жараша ырахатын көрөт же азап тартат. Мункер жана Накир деп аталган эки периште- нин коркунучтуу адам кейпинде мазарга келип сурак сурай турганды- гы тууралуу хадистерде ачык айкын билдирилген. Кабыр жашоосуна ишенүү керек.

Кабыр сурактары жана жооптору🌙

Раббим – Аллаху таала.

Пайгамбарым – Хазрети Мухаммед алейхис- салам.

Диним – Ислам.

Китебим – Курани карим.

Кыбылам – Кааба ша- риф.

Ишенимдеги мазхабым – Ахли сүннөт вал жамаат.

Амалда мазха- бым – Имам азам Абу Ханифа мазхабы. (Башка амал мазхабында болсо, ошону айтат). Кыямат күнү адамдар карманган мазхаб имамдарынын аты менен чакырыла тургандыгы, мисалы: “Ханафилер келгиле! Сүннүлөр келгиле!” — деп айтыла тургандыгы “Рух-ул-баян” тафсиринде “Исра” сүрөсүнүн 71-аятында жазылган.

Кээ бир аалымдардын пикири боюнча кабыр сурактары кээ бир ишенимдерден суралат, кээ бирлеринин пикири боюнча бир канча ака- ид маселесинен (ыйман маселесинен) суралат. Ошондуктан, балдарыбызга: “Раббиң ким? Диниң эмне? Кимдин үммөтүсүң? Китебиң эмне? Кыбылаң кайда? Ишеним жана амалда мазхабың кайсы?” — деген сурак- тардын жоопторун үйрөтүүбүз кажет. Ошол суроолорго дүйнөдө ахли сүннөт жолунда болбогондордун жооптору туура болбойт. Туура жооп бергендердин кабыры кеңейип, ага Бейиштен бир терезе ачылып, Бей- иштеги жерлери көрсөтүлөт. Периштелер ага жакшылык кылышат, ку- банычтуу кабарлар айтышат. Туура жооп бере албай турган болсо, темир токмоктор менен урушат. Үнүн адамдардан жана жиндерден башка бар- дыгы угат. Кабыры тарайып, денесин кысат. Тозоктон бир терезе ачылып, Тозоктогу бара турган жерин көрүп, Сурак күнүнө чейин азап тартат. Ка- бырдагы, кыяматтагы жагдайларды дүйнө иштерине окшотууга болбойт. Андагы өмүр – акыйкат өмүр!

Өлгөндөн кийин кайрадан тирилүүгө ишенүү – шарт. Эт менен сөөк чирип, топурак, газга айлангандан кийин, кайрадан жыйналып, рух де- неге кирип, мазардан турат. Ошондуктан, бул убакыт “Кыямат күнү” деп аталат.

Кабыр абалдары🌙

Өлгөндөр кабырда төрт абалда болушат. Кээ бири таманы менен оту- рат. Көзү чыгып, денеси ысып, денеси топуракка айланганга чейин ошол бойдон турат. Андан соң руху периштелер ааламына чыгат.

Кээ бирине Аллаху таала уйку берет. Биринчи сур үйлөнгөндө чейин эмне болуп жаткандыгынан кабары болбойт. Биринчи сур үйлөнгөндөн кийин ойгонуп, анан кайра өлөт.

Кээ бири кабырында эки же үч ай турат. Анан руху Бейиш кушуна минип, Бейишке барат. Муну билдирген хадиси шарифтер сахих хади- стер болуп саналат. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам🌹“Мусулмандын руху куш менен бирге болот. Бейиш бактарынын биринде конуп турат”, — деген. Ошол сыяктуу шейиттердин рухтары тууралуу суралганда🌙“Шейиттердин рухтары жашыл куштардын ичинде бо- луп, Жаннат бактарына конуп турат”, — деп жооп берген.

Кээ бир адамдар каалаган учурда орундарынан көтөрүлөт. Кээ бирле- ри сур үйлөнгөнгө чейин ошол жерде калат.

Төртүнчү абалда боло тургандар – набилер менен олуялар. Алар- дын кээ бири кыяматка чейин учуп жүрөт жана көпчүлүгү түнү көрүнөт. Абу Бакр Сыддык жана Умар-уль Фарук ошолордун бири бо- луп эсептелет.

Пайгамбарыбыз🌹“Адамдар уйкуда, өлгөн кезде ойгонот”, — деп айт- кан. Бул хадис үчүнчү өмүрдү, б.а., кабыр жашоосун билдирет.

Кабыр жашоосундагы жагдайлар өлгөндөрдүн акыйкаттары ме- нен сыпаттары ачыла турган кезиндеги жагдайлар болуп саналат. Өлгөндөрдүн кээ бири бир орунда калат. Кээ бири кыдырып жүрөт. Кээ бири катуу азапка тартылат. Буга далил: “Мумин” сүрөсүнүн 46-аяты: “Нар (от) күнөөкөрлөрдүн үстүнө таңда жана кечинде берилет. Кыя- мат күнүндө да Тозокто милдет аткаруучу периштелерге Фараонго ээрчигендерди азаптын эң коркунучтуу жерине таштагыла деп буй- рук берилет”.

Өсүмдүктөр көмүртек диоксиди газын жана топрактан суу менен тузду алып, аларды бириктирет. Ушунун негизинде органикалык заттар калыптанат. Жылдар бою улана турган химиялик реакциянын катализа- тор аркылуу бир заматта жүзөгө аша тургандыгы белгилүү. Мына ошол сыяктуу эле Аллаху таала мазарда суу, көмүртек диоксити жана топурак заттарын бириктирип, органикалык заттарды, жандуу мүчөлөрдү бир за- матта жаратат. Ушул сыяктуу тириле турганыбыз тууралуу Мухаммед (алейхиссалам) кабар берет. Табият таануу илимдери анын бул дүйнөдө да жүзөгө ашып жаткандыгын көрсөтүп турат.

Жаратылган жандуулардын бардыгы машхарда жыйналат. Ар бир адамдын амал дептери учуп ээсине келет. Аларды Аллаху таала жүзөгө ашырат. Ушулардын боло тургандыгы тууралуу Аллаху тааланын Ра-сулу кабар берген. Анын айткандары туура. Алардын баары милдеттүү түрдө жүзөгө ашат.

Жакшы адамдардын амал дептерлери оң жагынан, жаман адамдар- дын амал дептерлери аркасынан же сол жагынан берилет. Жакшы, жаман, чоң, кичине, ачык, жашыруун кылынган бардык амалдар дептерге жазылган болот. Кираман катибин периштелери билбей турган иш- тер адам мүчөлөрүнүн билдирүүсү жана Аллаху тааланын билдирүүсү менен белгилүү болуп, бардык нерседен суракка тартылат. Махшарда Аллаху тааланын каалаган жашыруун нерсеси ачыкка чыгат. Периш- телерден: “Асманда, жерде эмне кылдыңар?” — деп, пайгамбарлар- дан: “Аллаху тааланын буйруктарын анын пенделерине кандай жеткирдиңер?” — деп, адамдардан: “Пайгамбарларга кандай моюн сундуңар, милдеттериңерди кандай орундадыңар?” — деп суралат. Махшарда жакшылык кылган адамдар сый-урматка бөлөнүп, жамандык кылган адамдар оор азапка учурашат.

Аллаху таала каалаган ыймандуулардын күнөөлөрүн кечирүүсү мүмкүн. Аллахка шерик кошуу жана куфурдан башка бардык күнөөлөрдү кааласа кечирет. Кааласа кичинекей күнөөлөрдөн улам да азап берет. Мушрик жана капырларды эч качан кечирбей турганын билдирген. Китептүү, китепсиз капырлар, б.а., Мухаммед алейхисса- ламдын бүткүл адамзаттын Пайгамбары экендигине ишенбеген, ал билдирген өкүмдөрдүн бирөөсүн болсо да жактырбаган адамдар ошол абалдары менен өлө турган болсо, милдеттүү түрдө Тозокто түбөлүккө азап чегет.

Кыямат күнүндө амалдарды өлчөй турган, биз билбеген өлчөө куралы – “Мийзан” (тараза) бар. Жер да, асман да бир тарабына бата тургандай өтө чоң болот. Сооп жагы жарык, Арштын оң жагында, Бейиш тарабында. Күнөө жагы караңгы, Арштын сол жагында, Тозок тарабында. Дүйнөдө жасалган иштер, айтылган сөздөр, ой-пикир, көз караштар ошол жерде көз менен көрүлө тургандай абалга келтирилет. Сооптуу иштер жарык, ал эми күнөөлөр караңгы, жийиркеничтүү түс алып, таразага тартылат. Бул тараза дүйнөдөгү таразага окшобойт. Оор жагы жогору көтөрүлөт. Жеңил жагы төмөн түшөт деп айтылган. Ахли сүннөттүн кээ бир аалым- дары бир нече тараза болот деп айтышкан. Көпчүлүгү таразанын канча жана кандай тартыла тургандыгын динде ачык билдирилбегенин айтып, бул тууралуу ойлонбоо керек экенин билдиришкен.

5/5 - ( 1- Баа берилди )

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️