Курани каримдеги маалыматтар

Курани каримдеги маалыматтар Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Курани каримдеги маалыматтар

«Мавдуат-ул-улум» (Кемаледдин Мухаммед, 1623-ж. Стамбулда кайтыш болгон) китебинде:

«Курани каримдеги маалыматтар үч бөлүмдөн турат.

♥Аллаху таала маалыматтардын бир бөлүмүн эч бир кулуна билдирген эмес. Анын өзүн, ысымдарын жана сыпаттарын өзүнөн башка эч ким биле албайт.

♥Экинчи бөлүм бир гана Мухаммед алейхиссаламга билдирилген болуп, аны да улуу пайгамбарлар менен анын мурасчылары болгон расих аалымдардан башка эч ким түшүнө албайт.

♥Үчүнчү бөлүм – Аллаху тааланын Мухаммед алейхиссаламга көрсөтүп, аны үммөттөрүнө да үйрөтүүсүн буйрук кылган маалыматтар.

Бул маалыматтар да экиге бөлүнөт.

Биринчиси, «кысас” жана «ахбар”.

Кысас — өткөн үммөттөрдүн жагдайын билдирет.

Ахбар — бул дүйнө жана акыретте жараткан жана жарата турган нерселерин билдирүүчү илим.

Экинчиси, акыл, тажрыйба жана араб тили илимдери аркылуу үйрөнүлө турган илимдер болуп эсептелет”, — деп билдирилген.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️