АЛГАЧКЫ МАХАБАТ 3-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=102528&preview=true Кызыктуу окуялар.

АЛГАЧКЫ МАХАБАТ

3-бөлүм.

Убактысы бүткөн Пери телефондун трубкасын коюп, цехти көздөй ыргалып жөнөдү. Кылган ишинен дайын жок, жумуш менен алаксыган болот. Кыштын күнү цехтер жабылып, үйдө отуруп калышкан. 31-январь Медердин туулган күнү. Радиодон тынбай куттуктоолор кетип жатат. Барууга акчасы тартыш. Күн суук. Жанында болгону жүз сом бар экен. Кийинип жолго чыгып алган барып бир көрүп келсем деп. Чыгыш-5 аялдамасына келип гүл саткан дүкөнгө баш багат. Караса акчасы жетпейт көрүнөт. Гүлгө жетсе жол киресине дегендей. Ары ойлонуп бери ойлонуп жакшына бир букет гүл алды. Баягы тааныш кеңсе.

— Медерди мүмкүнбү?

— Азыр, — телефондун кулагын бурап, кабылдамада турган кыз Медерди чакырып калды.

-Оой, конок келген турбайбы мага. Кел, Пери. Жөн эле келсең болбойбу?

— Туулган күнүңүз менен, — уялып жер карап.

— Рахмат, Пери. Кандай жашоо , таптакыр дайының чыкпай кеттиби?- үмүт отун дүрт эттирип жибергенин билбеди.

— Жүрөм акырын кыбырап.

— Жумуш да билесиң кирбесем болбойт. Жаңы саат жакындап калды жаңылык окушум керек.

-Макул, түшүнөм. Жакшы туруңуз, жакшы өткөрүңүз туулган күндү.

-Рахмат, дагы бир жолу. Ушул гүлдү сага берсем болмок.

— Жакшы туруңуз, -коштошкусу келбесе да ыргалып сыртка чыкты. Кетээрге жол киреси калбаган. Төрт саат жол жүрүп Алма-Ата көчөсүнөн Төмөнкү Ала-Арчага кирип келди. Суукта көгөрүп карышып калган. Ысык тамак ичип жылуу оронуп жатканына карабай ооруп да калды. Акырындап телефон алып, эми кээде сүйлөшүп калышты. Бирок Медер Перини карындашындай көрүп, акыл айтып калат. Ушунусуна шүгүр кылган Перинин сүйүүсү улам тереңдеп барат. Анча мынча жазган ырлары жалаң өзүнүн каарманын тапкан.

Убакыт учкан куш эмеспи жайдын күнү. 9- июнь күнүнө Медердин экинчи китебинин ачылыш аземине карата уюштурулган концерт болоору айкын болду. Чогуу иштеген кыздар Аксана, Айсулуу, Тамара, Элиза жана Пери чогулуп концертке барышмак. Бойго жетип калган кыздар шаракташып жөнөп калышты. Концертке билетти Аксананын таанышы алып кыздар ошол жерде акчасын беришмек. Күткөн убакыт да келип жетти. «Кожомкул» атындагы спорт сарайынын жанында элдер жык толгон. Кыздардын күткөнү билет алып келчү жигиттер. Көп өтпөй эки жигит келип таанышып калышты.

Бири узун бойлуу арык жигит аты Каныбек, экинчиси бою кичирээк тогологунан келип, жүзү жылдыздуу ал Стал деп таанышты. Ошентип, чогуу концертке да киришти. Беш кызды урматтап, сыйлап эки жигит жүрүшөт. Периге алардын жанында бары жогу баары бир эле . Аңдыганы сүйүктүүсүн көрүп, аз да болсо санаасын тыюу эле. Концертте сөзү Медердин калемине таандык обондуу ырлар ар кайсы ырчылардын аткаруусунда болду. Ата-энеси, жакшы санаалаштары чыгып сөз сүйлөп өтүштү.

Колундагы букетти берүүнүн ыңгайын таппай отурган Пери жанындагы Сталдын сөздөрүн кулак сыртынан кетирип отурду. Ортодо тыныгуу болгон учурдан пайдаланып сахна аркасынан жолугуп берүүнү ойлоп, ылдый жөнөдү. Сахна аркасы да бекем кайтарууда экен өтө албады.

— Суранам, гүлдестени берип эле чыгам киргизип коюңузчу.

-Болбойт карындаш, кааласаң сахнага чыкканда бер, кааласаң мен берип коём, бирок чындыгы бул жакка коё бере албайм. Перинин көзүндөгү жашы да ал байкени жумшарта алган жок.

— Мейли анда колуна берсеңиз ээ,-көз жашына ээ боло албай ордуна жөнөдү. Барып отурганда:

-Жолуга алдыңбы сүйгөнүңө? — Сталдын бул сөзү жага бербеди.

— Ишиң канча? Ал менин ишим! Кагуу жесе да Стал капа болбоду. Кайра кыздын көңүлүн алуу менен алек. Ырдаса үнү укмуш экен, Периге тийишип ырдап коёт. Көңүлү жок отуруп, концерт бүткөнүн элес албай калыптыр. Дүпүрөп сыртты көздөй агылган элдин арасында Пери да ойго чөгүп чыгып бара жатты. Шаңдуу кыздар талкууга өтүшкөн. Медерди да жакшынакайлыгын сөз кылып калышты, кызганыч ичине батпай азыр эле аны тарттырып жиберчүдөй болуп бара жаткан Пери Стал болбосо ошондо машинанын астында тепселип калмак.

-Эй, кыз жетишет ушунча азаптанганың! Өлгүң барбы? Ата-энеңди ойлобойсуңбу? Сени деп аз жерден мен да өлүп калмай болдум! Сталдын катуу чыккан добушу Перини ойгото койду. Жанындагылардын өң алеттен кеткенин көрүп, дале болсо эч нерсе элестете албай койду. Алардын айтымында машинаны байкабай жолду кесип өтүп бара жаткан жеринен, Стал аны жолдун жээгине катуу түртүп алып чыгып кеткен.

— Пери, ойгон. Сага жигит керекпи мына мен болоюнчу. Медерден эмнем кем? Болгону боюм кыскараак. Бырс күлгөн Пери кыздардын коштоосунда үйүнө келип жатып алды. Ошол күндөн тартып Стал Перинин аркасынан түштү. Кыздарга чалат, сүйлөшөт. Пери өзүнүн номерин көпкө бербей жүрдү. Кээде туруп ойлонуп калчу болду, эмнеге Сталды кагып салат. Жөн сүйлөшсөм болбойбу? Ал байкуш күндө чалып сүйүү ырларын созуп ырдап берет. Аз болсо да алаксып Медер деп дербиш болбой калды. Буга Сталдын салымы көп эле. Бирок негедир жүрөктүн түпкүрүндө баары бир бир кан тамыр Медер деп согуп турду. Сүйлөшүүлөрү ден соолук сурагандан ары өтпөгөндүктөн Пери да алыстагысы келди. Сүйгөнүн бул дүйнөдө бактылуу болушун тилеп койчу болду.

Жай мезгили өтүп күз келип калган. Периге дем алыш болгондуктан Панфилов сейил багында кыздар менен отурган. Укканы дале болсо «Кыргызстан Обондору». Жанындагы кыздарды көзгө илбей, көпчүлүк жайда отурганын билбей аябай катуу ыйлап жиберди. Элдин баары карап коюшат, кыздар коркуп да кеткен. Чебелектеп Гулина, Венера айланчыктап жүрүшөт. Бактыгүл ары жактан суу алып келгени чуркап кетти:

— Пери эже эмне болду тынччылыкпы?-Гулина дагы бир жолу сурап өттү. Солуктап ыйлаган Пери жооп бере алмак эмес. Суудан ичип, бир аз өзүнө келгенде:

— Медерден айрылдым деп дагы ыйлай баштады.

— Кантип, эже, жакшы эле эмес беле, жаш эле го. Кыздардын да азыркы эле күлкүсү тыйыла түштү.

-Жоок, түшүнбөй калдыңар, уксаңар радиону. Ал жакта Медер үйлөнүп, туулуп өскөн жери Өзгөнгө бара жатканын сүйүнчүлөп, бакыт каалап жатышкан.

— Иий Пери эже жүрөктү түшүрдүңүз. Ошого да ушунча ыйлайбы? Венера каткырып күлө баштады.

— Жөн отурчу, эжеге кыйын болуп жатса тыркылдап күбөсү да,- деген Гулина Венеранын күлкүсүн тыя сүйлөдү. Майрам Москвага кеткенден кийин өзүнөн кичүү болсо да ушул кыздар менен чогуу иштеп жаткан. Көңүлү чөккөн Перини ар кандай жолдор менен көңүлүн көтөрүүнү адатка айлантышкан. Ошол жаңылыктан кийин Кыргызстандан кетүүнү план кылып жүрдү. Ал учурда Стал да Москвада болуп, тынбай Перини чакырып жаткан эле. Тагдырдын бүтпөгөн тамашасы Перини көп эле торго салып жатты го.

— Эже мындан ары иштей албайм.

— Эмнеге, тапканың азбы? Кааласаң сага кошуп төлөйүн. Цехти иштеткен Гүлдесте эже таң калып турду. Бүгүн айлык акысын берип, эртең Ошко жөнөшмөк.

— Мени да ала барыңыздарчы, Өзгөнгө чейин.

— Макул, Пери эртең эрте жолго чыгабыз. Сени менен узак жолдо сүйлөшөлү. Көптөн бери иштеп чарчаган көрүнөсүң ,- деп акчасын колуна карматты. Иштегени Кудайга шүгүр эле.

 

Уландысы бар…

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️