Мурун адам жыйырма жыл эле жашачы экен. Анысына ал нааразы болуп алымсынбай жаратканга барат. Анда тигил: «Бир аз коё тур», — дептир. Көп өтпөй эле короз келиптир. «О кудай! — дептир ал. — Мен жыйырма жыл бою таң азандан туруп адамды ойгото берип жүдөп кетем го. Мага он жыл эле жетет, ал калган он жылыңды». Кудай анын он жылын алып адамга берип коёт. Кийинчерээк дагы эшек, ит, маймылдар келет. Алар дагы жаратканга ондон жылын калтырат. Ал эми адам болсо баарын ала берет. Ошондон бери адам биринчи өзүнүн жыйырма жылын гана адамдай жашайт дейт, калган он жылын корозчосунан жасанып, андан кийинкисин эшектей иштеп, анан чогулткан дүйнөсүн итче коруп, акырында калган өмүрүн маймулдай адам сөлөкөтү болуп жүрүп өткөрөт экен… Анда мине, мен азыр дүнүйөмү итче коруп жүргөн экемин да. Макул, ит болсо итмин да, меникиндей дүнүйөнү кудай берсин. Жакшы ле чогулттум, мундан артык мине? Бирок аты ле жаман экен, «ит маалы» деп, кудай ургурдуку… Ал эми карылык чын эле жакындап калыптыр. Ооба, карылык келатат. Минтип түнкүсүн уйку жок, ойлонсом эле жаш кезим эске түшөт. АдаM ө3ү ушундай турбайбы: жаш кезде келечекти ойлоп жашайт, карыганда эскилерди эстейт. Баары бир жаштык деген жаштык экен, андан өткөн неме барбы?.. Ал жаш кезинде меймар болом деп жүрчү, сүрөттү да жакшы тартчы. Бирок окууга өтпөй, эми минтип эсепчи болуп жүрөт. Дагы жакшы мектепте эле математикадан кыйын болчу, антпесе азыр эмне кылмак эле? Ал бала
кезинде анын сүрөтчү кошунасы бар болчу. Ал дайыма ага какшана берчи: «Сүрөттү көп тарт, сабакты окуп мине кыласың? — деп. —Математиканын сага кереги жок, миңге чейин санаганды билсең болду, баары бир андан ашык маяна таппайсың… » Азыр ойлоп көрсө аныкы деле бир жагынан туура экен: азыр ага математиканын да, сүрөттүн да кереги жок. Келишкен имараттардын долбоорун түзөм деп жүрүп, ал мына эми ошол имараттарга алып баруучу тепкичтерди гана куруп жатат. Чоңдордон ар бир тааныш, албетте, ал бир тепкич. Канча тепкич курсаң, ошончолук бийик көтөрүлөсүң. Мына ушундай… Шерали оор үшкүрүнүп алды. Мага мугалимдер «жакшы бол», «акыйкаттуу жаша», «элге кызмат кылыш керек» дей берчи, бирок алардын насааттарынын биринин да кереги жок. Чындыктын да кереги жок. Бир чоңго бир чындык жагат, экинчисине болсо башкасы жагат, ал эми сен аларга жагам деп жүрө бересиң. Турмуш өзү ушинтип уюштуруп коюптур —ар кимге ар башка ырды ырдайсың. Азыр көрсө ошол өзүнүн окуткан мугалимдери деле ушундайча жашайт экен. Аягында аны жакшы бол деп жүргөн агай-эжекелери азыр анын алдында бүжүрөйүп жүрөт, ал күлсө күлүп, ыйласа
кошо ыйлайт. «Шеке, аванс берип коё көр, Шеке, муну кылып берчи, буга кол коюп берчи», — деп турат.
Жадаганда да ушу мугалимдерден жададым. Ал эми алардын кошоматчысын айтасыңбы: ар бир чоңдун алдында жүгүнүп калат. Э-э, андай мугалим болгончо болбой ле койгонуң жакшы!.. Заман, заман! Баягыда бир китептен окудум эле: «Акылмандык тынчыды, аны дүйнө жанчыды, асылзаттык карыды, сүйрөлүп жерде баратат…» Чын эле турмуш өзү ушу кен да, ал өз сабактарын тез эле окутуп коёт турбайбы… Эртеси Шерали уйкусу канбай ишке жөнөдү. Кечинде үйүнө кайтса аялынын көзү жашып алыптыр.
— Түндө иттер бадыранды бүт тепсеп салыптыр, — деп даттанды ал. —Тиги Какендин да ити бар. Үйүнө барсам эшигиңерди жаап албайсыңарбы деп койду… Шерали унчуккан жок. Ал оокатын шашпай чайнап ойлонуп отуруп, курсагын тойгузгандан кийин машинесин минип бир жакка кетип калды. Үйүнө ал карангыда келди, төшөгүнө жатканы баратып аялына:
— Эки-үч күндөн кийин дарбаза даяр болот, эми алар бирдеме деп көрсүн, — деди. Үч күндөн кийин эмес, бирок бир аптадан кийин ал чын эле дарбаза жасаттырып келди. Килейген каалгасы өзүнчө темир дарбаза. Ошол эле күнү ал түркүктөрүн орното баштады. Ириде бир чуңкур казып, ал жерге оң түркүгүн салды, анан цемент аралаштырды. Анын кара терге түшүп кеткенин көргөн аялы сунуш кылды:
— Бирөөнү жардамга чакырып келейимби?
— Кереги жок, —Шерали күңк этти. — Андан көрө, өзүң келип түркүктү кармашып койчу…
Аялы түркүктү кармап турду. Шерали ага цемент куйду. Анан ал экинчи тарабына дагы ошентип түркүк орнотуп, өз ишин нары өтүп карап, бери өтүп карап өзүнө өзү ыраазы болуп калды. Ката берсин… Ошол маалда анын жанына Чоро келди.
— Дарбаза орнотуп атасыңбы, Шеке?
— Ооба, — деп орой жооп берди Шерали.
— А-а, жакшы, жакшы… Абдан жакшы дарбаза кен, —тигил үйүнө кирип кетти. Көрүп туруп деле сурай берет. Шералинын жини келди. Баятан бери каякта жүрдүң эле? Жардамга келип коюшпайт да, анан бүткөндө ле жетип келет.
Эки күндөн кийин Шерали аялы экөөлөп дарбазаларды түркүктөргө кийгизди, дарбазаны жаап, килейген кара кулпту салып таштады. Шерали жуунганы жөнөдү. Ал короону бир сыйра айланып карап көрүп тең ортого делдейип туруп калды. Короо биротоло кибирейт. Анын деми бир аз сууй түштү. Болдубу? Ушу леби? Ал муздак сууга цемент, чаң аралашкан терди жууп жатып, бир убакта караңгыны карап кимге экени белгисиз, муштумун көргөзүп kыйкырды:
— Иттер! Акмактар! .. Пешайванда тасмал жайып жаткан аялы эмне болуп кетти деп шыкаалап карай калды. Ал короонун ичинде туруп алып туш тарапка муштумун көргөзүп кыйкырып жаткан эрин көрдү.
Бир пастан кийин Шерали үйүнө кирип келатып босогодо токтой калды да, артын карап дагы бир жолу кыйкырды:
— Мен силерди жек көрө-өм!..
Ал босогону аттап, оокат ичпей түз эле төркү бөлмөгө кирип барып төшөгүнө жатып алды. Түндө ал эмнегедир түшүндө ыйлап жатты.
Уландысы бар…










