Мурун аты жок күчүк эми Акжолтой деп аталды. Бала эртең менен туруп дайыма эшиктин алдынан чакырганда, анын үнүн чыдамсыздык менен күтүп жаткан тигил тилин салаңдатып чуркап келчи. Экөө короону бир сыйра айланып карап келип, тоокторго жем чачып, малдарга чөп салгандан кийин бала күчүгүнө да тамактан куюп берип, анан эң акырында гана өзү жуунуп, оокатка отурчу. Ал көчөгө чыкканда Акжолтой аны ээрчип алат. Экөө балдарга кошулуп, Үсөн так секирип, күчүк тилин салаңдатып, алар керээли-кечке ойноп жүрчү. Бир күнү бала демейдегидей эле эшикке чыга калып:
— Акжолтой! — деп чакырганда күчүгү чуркап келген жок.
Таңгалган бала көздөрүн сүртүп алып итке атайын курулган кепенин жанына барды. Күчүк ордунда жатыптыр. Баланын дабышын укканда ал башын көтөрүп аны карап койду.
— Акжолтой, сага мине болду? — деп сылады аны Үсөн.
Күчүк күңгүрөнүп алып, кайра тээ алысты томсоргон көздөрү менен тиктеп калды.
— Мине болду сага, Акжолтой? — бала ыйламсырады.
Анда Акжолтой аны карап кыңшылап бир нерсени айткысы келип, бирок тили жок кайрадан унчукпай жатып калды.
— Апа! — деп чакырды Үсөн. —Апа, Акжолтойго мине болгон? Апасы ашканадан чыгып келди, ал иттин тунарган көздөрүн көрүп иштин жайын дароо түшүндү, бирок ал баласына эч нерсени айткан жок. — Мине болуптур, апа? — Үсөн ыйлап жибере турган болуп турду.
— Ооруп калса керек,— деди апасы.— Оокатын бердиң беле? Үсөн чуркап барып чөйчөккө дайыма кечки оокаттан салып коюучу кешикти алып келди. Аны иттин астына койду, бирок тигил чөйчөктү бир сыйра жыттап көрүп, жебей кайра жата берди.
— Апа, ал минеге жебейт?— баланын көз жашы сызылып чыкты.
— Жейт, — деди апасы. —Азыр ооруп аткан турбайбы… Кечинде жейт.
Үсөн чуркаган бойдон карыя Осмондукуна барды.Тигил көп күттүрбөй тез эле баланын артынан жетип келди. Күчүктү бир сыйра карап чыгып оозуна суу куйду. Суу кайра иттин оозунан куюлду, ошондо чал оор үшкүрүнүп баладан сурады: — Баягыда апаң бирөө менен урушуп кетти дедиң беле?
Бала башын ийкеди. Чал желкесин кашынып, эч сөз дебей үйүнө жөнөдү.
— Акжолтойго мине
болуптур, чоң ата?— деп кыйкырды артынан Үсөн.
— Эчтеке мес, балам, —карыя Осмон бир пас токтоп калды. — Оокат бере бер. Эгер ал оокат ичсе, анда баары жакшы болот.
— Ичпесечи?.. Буга чал эч нерсе деп жооп берген жок. Ал башын жерге салган бойдон эки колун артына кайчылаштырып алып, шылкыйып кетип калды. Үсөн эки күн катарынан улам күчүгүнө оокат алып барып берип жатты, бирок тигил эми анын шарпасына дагы көңүл бурбай, зорго дем чыгарып кыймылдабай жата берди. Үчүнчү күнү эртең менен Акжолтой өлүп калды. Бала эмне болгонун түшүнбөй бирде күчүгүн, бирде атасы менен апасын карап жалдырап турду.
— Болду, — деди атасы бир топ убакыт унчукпай тургандан кийин. — Кечинде муну алып барып талаага таштап кел…
Күүгүм киргенде Үсөн күчүгүн мойнунан байлап, аны сүйрөп көчөнү бойлоп баратты. Бирок бир аз баскандан кийин эле аны колуна ала коюп көтөрүп алды. Үсөн колундагы күчүгүн ойготуп албайын дегенсип жай басып жүрүп отурду. Аны четтен көргөн киши бала бир назик, колго илинээр-илинбес нерсени көтөрүп баратабы деп ойломок, бирок бул маалда көчөдө эч ким жок болчу. Гүзөрдөн чыгып Үсөн ачык жерге жетти. Асмандагы толук ай тоолордун түбүндөгү ээн талааны бүт жарык кылып бул жердеги майда, көзгө илинээр-илинбес нерселердин бардыгына нурун төгүп, аларды кандайдыр бир ыйык түскө боёп жаткансыды. Бала күчүктү акырындык менен чөптүн үстүнө жаткырып, колдоруна таш алып чукулап көр каза баштады. Казып бүткөн соң ал түбүнө чөп-чардан төшөп, ага өлүктү жаткырып, анан кайра дагы анын үстүнө чөптөн жаап, кийин көмүп койду.
Бала кичинекей дөбөнүн жанында узак туруп катуу үшкүрүндү. Анан үйүн карай жөнөдү. Эми гана жолдо келатып, ал күчүгүнөн түбөлүк айрылганын түшүндү. Мурдун шыр тартып, буттары ташка чалынып ал бир маалда шолоктоп ыйлап жиберди. Ал кимге экени белгисиз даттанып келатты. Минеге адамдар ынтымакта жашай албайт? Минеге алар дайыма чатакташа берет? Минеге алар өздөрү урушса деле күчүн күчүктөн чыгарат?.. Бирок аны бул жолу эч ким уккан жок.
***
Жоробектин үйүнө түндөп ууру кирди. Ал кантип кирип келгенин тигил түшүнбөй деле калды: терезелер бүт жабык, эшиктин илмеги салынган болчу. Ошол күнү Жоробек кеч келип, чарчаганынан оокат ичээри менен дароо жатып, күндүн аябай ысыганына карабастан терезелерин бүт жаап уктап калган. Түн ортосунда ал бир маалда ойгонуп кетти. Эмнеге ойгонгонун билбей дале уйкусурап жатса, анын колун чыканагына чейин бирөө сылап келатат. Аялым болсо керек… Бирок ал төркүнүнө кетпеди беле! Жоробек айран калды. Ал эми тигил болсо дале жогорулатып сыйпалап жатат. Мышыкпы? Жоробектин денеси титиреп кетти: анын өмүрүндө жийиркенгени эле бака, чычкан, мышык болчу. Жоробек колун силкип жиберди, бирок ал күткөндөй
мышык mыяулабастан, бир чоң нерсе күрүлдөп кетенчиктеп барып так бурчка жыгылды.
Уландысы бар…










