Туюк суйуу. 5-бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=102674&preview=true Кызыктуу окуялар.

Туюк суйуу.

 

5-бөлүм

Кыздын үнү угулар бекен деп, кулагын төшөп, тыңшай калды. Чоң

жолдо аркы-терки куюндап каттап жаткан машинелердин,

троллейбустун дуулдагы эчтеме угузгудай эмес.

Руссону окуган кыз курбулары менен машине жолдон өтүп, корпустун

чатырына кирип, карааны көрүнбөй калгыча көз албай карап турду

биздин жигит. Эмнегедир ыр жазгысы келип кетти. Ушуну эле күтүп

дапдаяр тургансып, кайдан-жайдан келгени белгисиз, төрт сап куюла

түштү көңүлдөн.

Бук болом. Күндөр такыр өтпөс болду.

Турналар кечигишти жол тостуруп.

Жүрөгүм башкаларга жанбай койду,

Кыргызда сенден башка кыз жоксунуп.

Бу саптар жигиттин өзүнө жаккандай болду. “Ушуну сен жаздырдың,

Руссону окуган кыз”, – деп койду жигит, анан ичи жылып, өзүнчө эле

жыргап кетти.

Аңгыча жанаша отурган ыстарыста Макен аны чыканагы менен түртүп

калды. Жалт караса, кафедрада лекция окуп жаткан профессор көз

айнегин мурдунун учуна түшүрүп, биздин жигитти көзүнүн төбөсү

менен тиктеп турган экен.

– Кээ бир жолдоштор бу жерге лекция уккандын ордуна терезени карап

кыялданганы келет окшойт, – деп күбүрөнүп алды да, профессор сөзүн

андан ары улап кетти.

* * *

Биздин кыз китепканадан кеч кайтты. Ишемби күн эле, кыздар кинолоп

же театрлап кеткенби, бөлмөдө эч ким жок экен. Чечинип, жайланып,

анан чай койгону чайнегин алып, каридорго чыкты эле, беш-алты кадам

ар жакта китеп-дептерин колтуктап Чилистен келатыптыр. Эмне болду,

билбейт, биздин кыз алдастай түшүп, шарт бурулуп, бөлмөсүнө кире

качты. Тиги артынан келип кармап калчудан бетер эшиктин илмегин иле салып, каалгага жөлөнүп туруп калды. Жүрөгү дүкүлдөп, муундары

титиреп, деми кыстыгып, энтигип кетти. Аптыкканы басылбай, бир

топко өзүнө келалбай койду.

Мындайды өмүрүндө башынан өткөрө элек кыз дендароо болуп,

керебетинин четинде көпкө отурду. Кудай жалгап, бөлмөдө жалгыз

болуп калганын карачы. Кыздардан бирөө-жарым көрсө эмне болот эле?

“Бирөөнү чындап жакшы көрүп калат деген ушул болотокшойт, – деп

ойлоду кыз ичинен. – Эми анык өлгөн экем. Өткөнкү түш соо түш эмес

экен да”.

Бирок жакшы көрсө эмне мынча сүрдүгөт? Же көрбөй жүрдү беле аны?

Болгону эки ирет сүйлөшө койом деп шаабайы сууп, шагы сынды го.

Адамды көзүнө илбеген керсеймелиги да бар көрүнөт. Чилистен деп эле

оозунан түшүрбөй суусап жүргөн жанагы кыздар анын мындайын

кайдан билсин. Же биздин кыз ошолордон кызганып жатабы аны?

Сүйсө ошолор сүйө бербейби да, артынан сүйрөлсө ошолор сүйрөлө

бербейби. Биздин кызга эмне жок…

Жо-жоок, бу чыныгы сезим эмес, башка болуу керек. Бир болсо бу

секелек сезим, эселек сезим. Ал өткүндөй бат өтөт, дүйнөнү астын-

үстүн кылып аңтарып таштачудай болуп капсалаңдап катуу каптап келет

да, анан тез эле басылып, соолугуп калат. Көбү ушундан жаңылат.

Мындай сезимдин бир гана дабаасы бар: аны эстебеш керек, көрбөш

керек, көзүнө чалдыкпай, оолак жүрүш керек. Ошондо ал өзүнөн өзү

жоголот.

Биздин кыз да ушундай кылмак болду. Алдыда үч айлык жайкы каникул

турат.Буйруса, күздө биздин кыз Чилистенди таптакыр унутуп келет.

* * *

Быйылкы жай биздин жигитке бүтпөчүдөй болуп өтө узарып кетти. Кой-

Ташка келишкенден бери бир айдай болуп баратат, бирок күн өтпөгөндөй болуп туруп алды. Бу жерде аскер бөлүгү бар, шаардагы

бардык жогорку окуу жайлардан төртүнчү курска өткөн балдарды жыл

сайын бир жарым ай ушу жерге жыйнап, аскерий даярдыктан

өткөрүшөт. Биздин жигитке жоокерчилик турмуш жаңылык эмес,

армияда болуп, баарын көргөн кезинде.

Бир күнү айылда бирге өскөн классташ курбусуна жолугуп калды.

Анысы айыл чарба институтунда окуйт, зоотехник болом деп жүргөн

неме. Көптөн бери көрүшпөй калгандан болсо керек, сөгөт талдын ала

көлөкөсүндө экөө эзилишип бир далай сүйлөштү. Жакында эле

үйлөнгөн экен, ошону айтып тиги сөзүн түгөтө албай жатты.

– Майдын башында келинчегимди алып, айылга бардым, – деди ал. –

Билесиң да, бу маалда биздин айыл бир керемет болуп калат эмеспи.

Кош-Талды да көрсөттүм, келинчегиме абдан жакты.

Бала кезде өскөн жерлери көзүнө элестеп, биздин жигит кусалана

түштү.

– Эми сен качан келиндүү кыласың биздин айылды?

– Окууну бүтөлүчү, анан көрө жатармын, – деди биздин жигит шалкы

бош.

– Ага чейин карып кетесиң, дундугум, – деди тиги тажрыйбасы ашып,

акылы толо түшкөн немеден бетер. – Жаш кыздар карабай калат, кара

далыларга күнүң түшүп калбасын. Эртерээк кыймылда. Эмдиги жылы

сен алып бар бир келинди айылга.

…Студенттердин аскер лагери жайгашкан коктунун ичи казандай

какшып чыкты. Түш оогондо чатырдын төрт жагын көтөрүп ачып

таштап, он чакты бала ахалап, охолоп соолуп жатышты. Биздин жигит ар

кайсы жактан каалгып жылып келип, тоонун бийик чокусуна топтолуп

жаткан булуттарды карап отуруп, таттуу кыялга батып кетти…

Руссону окуган кызды ал айылына алпарат. Адатынча эле алыстан

көрүп, кагылып-согулуп апасы чуркап чыгат. Уулун кучактап, өөп-

жыттап алат да, анан жанында турган бейтааныш кызды бу ким эле дегенчелик кылып таңыркап карап калат. Ийменип турган кыз ийиле

калып, жүгүнүп жиберет. “Кагылай-ын, кагылай-ын, ушу мени кудай

алсачы. Колума периштем конгон турбайбы!” Апасы кызды эки бетинен

өөп, анан калдаңдап кайра артын көздөй шашып жөнөйт. Ар жактан

уулун көрүп барбайып, утурлап басып келаткан атасына кол шилтеп

апасы: “Абышка, сен койо тур, кокуй, уулуң менен анан учурашасың,

күтүп жүргөн периштебиз келген турбайбы бүгүн!” – деп үйгө кирип

кетет. Бокчосун жая салып, камдап жүргөн ак шайы жоолугун алып,

кайра чыгат да, өпкө-жүрөгүн чаап, кыздын башына салат. Бетинен

кайра айлантып өөп: “Кудай этегиңден жалгасын, периштем! Көшөгөң

көгөрсүн!” – деп бата кылып, кубангандан эмне кыларын билбей,

карбаластай берет. Жанатан бери оозун ачып аңырайып турган чыт

курсактар аңгыча: “Сүйүнчү! Сүйүнчү! Келин келди! Байкем бизге жеңе

апкелди!” – деп айылды аралап, тыз коюп жөнөшөт. Алеки саатта урук-

тууган, коңшу-колоң чогулуп, топурап калышат.

Эки-үч күндөн кийин жигит кызды Кош-Талга алып барат. Апай бетте

алма, алча дебей,долоно, чычырканак калбай, баары текши чечек атып,

апаппак, мала, кызыл түскө бөлөнүп, көк жайыкта болсо илгери бала

кезде көлөкөсүнө келип ойногон жалгыз түп чоң жаңгакта сүтак сайрап,

теребел бир ажайып болуп турат. “Бейиштей сонун жер турбайбы!” –

дейт кыз суктана. “Эми бу жер сенин да жериң!” – дейт жигит. Кыз

эркелеп жигиттин кучагына жыгылат…

– Рота! Подьём! – Чатырга жакын жерден майордун үнү заңк эте түштү.

– Через пять минут построение!

Ай ушунуку өттү деп биздин жигит тилденип алды да, өтүгүн, чулгоосун

издеп, ыкшоо кийине баштады.

* * *

Руссону окуган кыз бу кезде алыскы Токтогулда Караган-Жайык

жайлоосунда студенттер менен чөп чабыкта жүрдү. Ал быйыл да

балдарга ашпозчу болду.

Көп өтпөй жогорку курста окуган бир бала эмнегедир эле ашкана

тарапты айланчыктап, тоорулуп жүрдү. Кээде отун жага койот, кээде

төмөндө сайдагы булактан суу ташыша калат. Анан калса өтө эле сылык,

жеткен сыпаа неме экен. Сүйлөгөнү да орундуу. Бейчеки жагы жоктой.

Иши кылып, бу жигиттин ашканада иштеген кыздардын бирине

ыкыласы түшүп, ышкысы жанып калганы анык эле. Бирок бара-бара

биздин кызга көп имерчиктей баштады. Анан бир күнү булакка суу

алышканы түшүп, жарылып сырын айтты.

– Мен сизди бир көргөндө эле жактырып калдым, чоң кыз, – деди

радиодон жаңылык айтып жаткансып. Биздин кыз эки жылдан бери

мындай сөздөрдү көбүнөн уга берип, бышы кулак болуп бүткөн эле.

– Жактырып калганыңыз жакшы экен, бирок менин жигитим бар да, –

деди кашкайып. Тигинин оозунан сөзү түшүп, абдаарып калды. Анан

бир топто барып:

– Ал ким экенин билсек болобу? – деди дале сыпайылыгынан жазбай.

– Анын сизге кандай кажети бар?

Кыз чакадагы сууну алып, төштүн боорунда жыландай ийри-буйру болуп

жаткан сокмо жол менен өйдөлөп чыгып кетти.

“Ушу эркектер кызык эле эл болот, – деп ойлоду кыз түндө чатырда

ооналактап уктай албай жатып. – Баарын эле бир көргөндө жактырып,

сүйүп кала беришет. Романдарда жолуккан ушундай нерселерге

бөркүндөй ишенип алышат окшойт. Турмушта мындай болору күмөн

да”.

Эмнегедир баягы адабий талкуу эсине түштү. Чилистенди ошондо

биринчи көрүшү. Доклады, сүйлөгөнү, тамашасы кыздын жүрөгүн

жылытып койгон эле. Ошондон болдубу, өзү да шүк отура бербей,

бирдеме сурасам болобу деп калбадыбы. Жообу да көңүлүнө ынай

түшкөн. Туюк сүйүү жаман болот, жоолук булгап ат чаппайт, мээде

жүрүп, мээде чирип өлөт дебеди беле.

Аты-жөнүн да жөндөп билип албаптыр ошондо. Кыздар Чилистен десе эле, аты Чилистен экен деп жүрбөйбү. Муну укканда, байкуш, какап

кете жаздады го. – Кыз ичинен жымыйып алды. – Сизди тааныйм деп

айттырган да, таарынган жоксузбу деп сураткан да ошол сезим болду да.

Кийин деле жигит кыздын кыялынан кетпей жүрдү. Анан калса

өчөшкөнсүп кайда барса элеанын атын уга берди. Кыздар бир жактан,

профессорлор андан. “У него трезвый ум, сильное аналитическое

мышление”, – деп мактабадыбы орусадабиятынан окуткан профессор

эжей өзүнүн мыкты студенттерин биринчи курстагыларга ташбыйкат

кылып.

Ушундай күбүр-күдүң сөздөрдүн баары кыздын жүрөгүндө жүргөн

баягы жылуу сезимди күчөтүп, быкшып турган немени үйлөп, отко

айлантып салган эле.

“Биз деле кызык эл болобуз, – деп ойлоду кыз. – Бирөөнү жакшы көрүп,

жарылып кетчүдөй болуп турсак да тымпыйып баарын ичке ката

беребиз. Өзү сезсин, өзү байкасын деп кыйтыйып жүрө беребиз.

Далыбызга карап, ичибиздегини билип алгыдай алар жорунчу, же

батыны ачык олуя эмес да. Анан өктөөбүздү ошолорго коюп,

өпкөлөйбүз”.

Өз сезимин ачык айткандан тартынбаган кыздар деле бар, бирок

көпчүлүгү мындайды кылмыштай көрөт. Кудай бизди эркектер тандап

алсын деп жараткан, кимди алат, кимди койот, ошолордун эрки, бизге

андай укук берилген эмес деп ойлошот. “Чын эле, тагдырдын базарына

коюлган товар окшойбуз, кардарлар – жигиттер тура”, – кыз да ушу ойго

муюгандай болду.

Балдарга эмне, аларманга окшоп келип карап көрөт, өз баасын айтат,

жок десе басып кетет. Жанагы жигит деле ошентпедиби. Тим калбай,

анан жигитиңди билсем болобу деп сурап атканын карабайсыңбы. “Көк

мээ”, – кыздын кыжыры келе түштү.

Ары оонап, бери оонап чабалактап, көпкө чейин көзү илинбей койду.

“Кудайым, а-ай, кыз болуп жаралбай калсам эмне?!”- Жеңил улутунуп,

күрсүнүп да алды.

 

Уландысы бар

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️