Турмуштан алынган чыгарма. 1-болум.

https://kyrgyzcha.site/?p=102861&preview=true Кызыктуу окуялар.

Турмуштан алынган чыгарма.

1-болум.

 

Дуйнонун бар улутунун окулдорун койнуна батырган кен пейил, тарыхка бай, туркун окуяларды, туркун тагдырды койнуна камтыган Россия республикасынын Москва шаары. Мезгил жаз. Май айы. Айлананын баары кооздука болонуп кундун жылый тушконуно жегиликтуу жашоочулардын да маанайлары озгоргондой бири бирине жылуулук тартуулап жылмайууга аракет жасашат. Бул мээримин токкон кун кучагын жайган кок асман да Гулнарды кыжаалатчылыктан кутулта албады. Албетте бара жаткан жери кылмышкерлердин ордосу турмо, камак кана болсо. Оз оюнан кайтып барбай койгусу келет бирок кандайдыр бир ыза кокурогуно туйулгон жек коруу, кек, коктугуно таянтып жолдон кайтара албай ушул жакка жетелеп келуудо. Жалгыз эмес жанында жол корсотуп ушул жолугушууну досу Канаттын суранычы менен ишке ашырып уюштуруп аткан Алмаз бар болчу. Алмаз Гулнардан козун албай

-Эмне онун бозоруп кетти коркуп атасынбы?

-Жок эмнегек корком. Табиятынан ачык айрым эч кимге соз жедирбеген гулнар токтолбой жооп бере салды. А бирок сыр бербегени менен коркунучу куч эле. Ынгайсыз абалда калтырып Алмаз да кайра кайра карайт коз албай. Ойго баткан Алмаз да ынгайсыз абалга калтырбай карабай койгусу келет бирок негедир кайраты жетпей атты. Алмаздын тушунбогону Гулнардагы сулуулук болчу. Кара коз кара каш жазылган чачы ийинине тушуп балбылдаган коздору, ууртундагы суймончук уячасы, суйлогон созу койчу теги тогорогу топ келген мындай жанды эч жерден учуратпаганына ан-тан. Жетер жерлерине жетип да келгендей болушту машинаны акырын токтотуп эшик ачып тушкусу келбей тушсо эле Гулнарды ушул камак кананага киргизип жиберип экинчи корбой калчудай болуп досунун эч кимге жада калса ошол досунун озуно да буйрубай калган бактысына ичи куйуп коз артып турду. Гулнар болор иш ушул болгондон кийин дедиби Алмаздан мурун машинадан тушуп алдыга жоноп калды. Вахтадан документтерин текшерип, толтуруп, Алмаз озу суйлошуп аялы деп уч кунго уруксат алып ошол жердеги кызматкердин коштоосунда Гулнарды ичкери киргизип жиберди да оор ушкуро аркага кайтты.

 

Карангы тар сыз жыттанган болмолорду аралап жоногондо эле Гулнардын журогу опкоолжуп коодонуно батпай козуно жашы тегеренип апалап бакырып артты коздой качкысы келип бирок откон кундорунун жакшы жаман элестери коз алдына келип кадамын ишеништуу таштап чыйралып мажироо коркок корунбоону максат кылып жылмайып да алды. Туз эле Канат олтурган болмонун эшигин ачып кызматкер

-Мойдунов сага колуктун келди мейманды кабыл ал- деди да аркага карай жоноду. Мына Канаттын да Гулнардын да эки жылдан бери куткон жолугушуусу. Кандай кылып учурашаарын да кантип жанына бараарын да билбей Канаттын айласы кетти. Бул ынгайсыздыктан да озунун ачык айрымдыгына салып Гулнар куткарып кетти.

-Саламатсыздарбы? акырын баш ийкей сыпаа саламдашып койду

— Кел Гулнар кандайсын озун кыйналбай эле келдинби? Канаттын суроолору чар жайыт болуп, бир учурда бут алдында тепкилеп, каалгандай суйлогон, озунун никесиндеги аялынан жети омуру жерге кирип сурдоп турганына бир чети намыстанып, бир чети оз абалынан уялып турду.

-Жакшы. Гулнар ан сайын текебердене тиктеп ары бери басып олтурарга жай издеди.

-Олтур мына бул жерге. Канат олтурарга жай коргозуп озунчо эле куйполоктоп алган. Озун кармагысы келет бирок Гулнардын сурунон анын балбылдаган коздорунон жерге киргидей абалда турду. Акырын-акырын соз уланып ал акыбал сурашып дегендей Канаттын да абалы жакшыргандай болду.

-Келмек эмесмин-деди Гулнар ызалуу нары каардуу -откон кунумо откон омурумо кайрылгым келген эмес бирок сага айта турган, сага айта албай калган создорум мага тынчтык бербей ушул жерге сенин суранычынды кайтара албай келгенге туртку берди. Ойлочумун сени эч качан корбойм корсом да жузуно карабайм деп андай болбоду убакыт отту ошондогу коодонду жарган ызам сенин мага коргозгон «кереметтерин» унутулбаса да каар жаады из басты дегендей пазайды. Акыркы жолу созунду угуп созумду айтуу учун гана келдим. Канат ун каткан жок Гулнарга тигилди да калды.

-Гулнар сен ушундай белен сени таптакыр эстей, элесинди элестете алчу эмесмин.

-Албетте эстей да элестете да албайсын да уйлонуп, бир жума жашап, мас болуп жаныма эки кун жатып, калган кундору досторундун уйундо туноп, бир жумадан сон таштап коюп баса берсен бул жакка. Гулнар ызалуу унчугуп Канаттын жузун карагысы кебегендей бет мандайындагы дубалды тиктеп мелтиреп турду.

 

Ун жок соз жок тынчтык окум суруп создору андан ары уланбай откон кундорун коз алдына элестетишип ойлорунда Гулнар Канатты куноолоп Канат болсо озун куноолуу сезбегени учун кечир деп айтыш да оюнда жок Гулнардан козун албай

-Гулнар сен ушунчалык сулуу белен- деди. Гулнар болсо ун каткан жок . Убакыт отуп жатты алды берди суроолор болуп Канаттын Гулнарга кандай кордуктарды коргозгонун кайын энеси менен кайын синдилеринин жоруктарын бир баштап бирде ызалуу бирде кайраттана акылдуу создору менен Канатка тушундургусу келип Гулнар суйлоп атты. Ооба айтып атты нар жагында акыл эси бар адамга жете тургандай кылып эле. Канатта ун жок соз жок. Гулнар суйлоп суйлоп токтогондон сон гана.

-Сен ушундай суйлойсунбу- деди канат

— Канат кулойун десем кулкум келбей атат эмне тамашага айландырып атасын?

-Жок чын эле айтып атпаймынбы сени элесин менде жок болчу сени менен жашаган бир жумада сенин жузунду карабаган да экенмин карагым да келчу эмес ким билет балким козумду май басып копконмунбу? Бирок андай дейин десем уйлонгонго чейин кыздан кыз тандап сени коруп жактырып анан алып качып келгенмин. Эмне болгонуму озум да тушуно албаймын никебиз окулгандан кийин эле сени жек коро баштадым ишенсен уйго киргим уйго келгим келчу эмес сен козумо капа болбого жемогуздай корунчусун. Ошон учун да досторум менен ойноп, ошолордун уйундо туноп калып кетчумун. Уйго келсем сени корсом жиним келип уруп жатып калчумун. Менин козум эми ачылдыбы билбеймин козумо сенин татынакайлыгын эми гана корунуп атат. Бул жерге олтургандан кийин кээ кээде телефондо суйлошууго уруксат берген кундору кыргызстандагы босторума чалып суйлошуп калсам досторум» аялын мынча сулуу кантип таштап кеттин эле кызганбай бул жакка» дешсе кайдагы сулууну айтышат дечу элем. Корсо сен чын эле жакшынакай экенсин да эмнеге менин козумо ошондо ушундай татына Гулнар корунбодун экен.

Ооба Гулнар татынакай коргон жанды кайдыгер калтырбай турган чырайына жараша акылы бар, онуп оскон уйбулонун тарбиясын алган жогорку окуу жайдын студентти жада калса алдынкы студенттеринин бир эле. Кайран гана студенттик кундор. Шаракташып ойносо оюнга кулсо кулкуго тойбой турган убак тура. Олконун ар тарабынан чогулган группалаштарынын ичинен да ою пикири кыял жоруктары бири бирин толуктаган кыздар топтолушуп эч кандай себепсиз эле бири бирине жакындашып ынак курбулардан болуп калат экен. Мына ушундай болуп Гулнар Элгиза Мээримай Нуржан болуп ынак курбулардан болуп чыга келди. Арийне бир группада отуз алты студент болгон учун дароо эле бул тортоосунун ынак болуп кетиши мумкун дагы эмес эле. алгач ондон, он бештен болунуп шагырап журушту, бири биринин кыялдарын коруп билип иргелип, окуудан айдалып, которулуп убакыт отуп экинчи курс богондо гана булардын достугу биригип олтурат. Чырайы менен эч бир эркек аттууну кайдыгер жанынан откорбогон Гулнар болчу, ал эми токтоо ар бир созго маани берип таразага салып кийиминен тартып анынын денгээлине чейин бир заматта сындан откоруп жиберчу Мээримай эле. Нуржан болсо группасында староста озун токтоо алып жургон бирок досторуна ашыгы менен эркелеген кыз эле. Элгизачы ан сезими ото бийик сезимтал эле бирок достору менен узак студенттик кундордо чогу боло албай ата энеси менен Россияга иштегени кетти. Гулнардын шылтоосу менен тентек курбулар далай жигиттердин чайын ичишчу. Гулнар дегенде жанын берчудой болгон жигиттердин саны кундон кунго арбып бирок эч бирине конул коюп макулдугун бербей кыялданган бийкечтин аркасынан издеп университетке андан отуп аудиторияга чейин келгендердин саны кундон кунго арбууда.

Тентек курбулар жон журушпой ал жигиттерге ат коюп ар куну келип университтеттин алдында кутуп турчу жигитке «обед аяш» деп ат коюп алышкан себеби ар куну учунчу лекциядан чыгышса кутуп турган болот да айла жокпу же озу ошого даярданып келеби университеттин ашканасына алып кирип тамак алып берет курбуларга. Ар куну бул корунуш кайталана берип оздору да конуп обед жакындашкан сайын бирин бири карап «обед аяш кутуп калгандыр деп кулуп калышчу». Нуржандын болсо суйлошкон жигити бар бирок алыста иши менен, Мээримай болсо коркот жигиттерден суйлошкусу жок ошентип эрмектешкени эле Гулнар. Убакыт отуп кундон кун алмашып, окуу оюн кулку менен коштолуп студенттик кундор да отуп кантип тортунчу курсту ортолоп калышканын да билбей калды. Бул учурда курбулардын арасы Назира деген ачык айрым кыз менен толукталып жыл айланбай ал дагы жакшы элестерди калтырып россияга кете берди.Бул откон эки жылда эмнелерди корушподу да кандай кызыктуу кундорду баштарынан кечиришпеди. Обед аяштын» дагы деле умуту узулбой Гулнардын аркасында гулнар болсо бул убакыттын ичинде Эрлан атту жигит менен таанышып ага конул коюп конул койуусу суйууго жеткирип суйуп калды. Алар бири бирине топ келген кыз жигиттерден болушту. Кыш болчу практика учуру. Облустук телеканалга практикант болуп барган уч курбу убактыларын кантип откорорун билишпей зеригип олтурушат. балким жигиттери жанында болсо зериккенге негиз болбойт беле ким билет. Нуржандын жигити болсо келип кетип дагы деле алыста жумушу менен. Гулнардын Эрланы да Моссквада соода кылганы учун иши менен. Кыздар болсо аларды кутуудон коздору торт. Мээримайчы ал деген мазактап эки курбусун зеригуу эмне экенин билбейт. Эшикте болсо кун суук жатаканага барышса андан суук дешип кулушуп тарап кетишти. Нуржан менен Мээримай жатаканага жайланышып Гулнар уйунон каттап келип кетип журчу.

Гулнардын уйундогулор бугун негедир озгоруп калгандай. Апасы сырдуу карап

-Кошуна Айнура женен келиптир. деп соз баштап калды. Гулнар болсо эч нерседен бей капар кынылдай ырдап кийимин которуп жаткан

-Неге- деп кыйкырып койду.

— Тааныштарынын баласы уйлоном деп кыз издеп журуптур жакшы жер жакшы бала дейт сени менен тааныштырсакпы дейт.

-Мен баарибир азыр тийбеймин го таанышсам таанышып коё берем. Кызынын дагы деле токтолбогон бала кыял экенине танданып ичи элжиреп карап турду апасы. Эненин журогу сезгич келетпи дейм ушул таанышуу ушул жолугушууну кызына ыраа корбой бирок оюна жамандык албай кулуп гана жым болду. Апасынын ойлоно тушконуно танданган Гулнар тамашасын дагы да кучотуп

-Чын таанышып коё берем- деп кулду. Ушул таанышуу анын жашоосун таптакыр башка нукка буруп кетерин кайдан билсин да кайдан сезсин.

Эки жашты тааныштыруу кошуна Айнура жененин козомолундо болду. Чырайына чыгып турган кызды Канат бир коргондо эле жактырып достору менен ошол эле куну дагы да ортомчу жененин жардамы менен алып качып келип кошогого олтургузуп койду Бул болуп жаткан нерселер турмушка чыгуу оюнда жок озун дагы деле эселек кыз сезип жургон Гулнардын акылын кыйла эле ан тан кылып койду. Ыйлап сыктап бирок куттуу босогону аттап кирбешим керек эле кирген сон кайра кантип аттап чыгып кетмек элем деген ойго женилип суйушуп арзып куткон Эрланынан ич-ичинен кечирим сурап пешенеме жазганы ушул турбайбы деп улбуроп апапак жолук салынып олтуруп калды кошого артында. Тушкон жери да жаман жер эмес эле кайын энеси мектепте мугалим кайын атасы да айылдагы аттуу баштуу кишилерден эле. Келин корду кылып кошуна колондор киришип татынакай келиндуу болгон турбайбызбы дешип ак баталарын берип алкап атышты. Кызыктын баары кечке маал башталды куда тарапты сыйлоо учун даярдык коруп келин алган тарап дурбоп атышкан. Ангыча болбой эле дарбаза алдына катарлаша машиналар келип токтоп жалан жаш балдар, арасында бир аял журот туз эле уйго сузуп кирип келе жатышты. Танданган уй ээлери аялга го мейли дешмек бирок топураган балдардын уройу тынчсыздандырып эшик алдынан аларды токтотуп кыргыздын салтын бузушуп кимсинер максатынар эмне деп суроого мажбур кылышты. Булар баягы умуту узулбогон кыздардын «обед аяшы» Турат менен достору жана анын эжеси эле. Корсо умутун узбогон Турат Гулнарды озунуку кылып энчилеп «жок»-деп айтып катту кагып койбогон сон конулу бар деп жашап жургон тура. Гулнарды алып качып кеткенин угар менен уйуно келип ата- энесине тополон кылып «суйлошуп журчубуз андан башкасына уйлонбойм ансыз жашай албайм»- деп ыйлактап айласы кеткен ата энеси эжесин кошуп берип биринчи кыздын озунун уйуно барып чын тогунун билгиле деп жонотушкон. Гулнардын уйно келсе ал жерде да кыздын аркасынан женелерин сый коруп келууго жонотуунун камылгасы корулуп боорсок наны бышырылып жаткан. Кыздын апасы тушундуруп эле суйлогондой болду «кыздын барар жери куйоо бактысы ачылсын кызыбызга ошол жер буйруган экен «-деп. Бирок оолугуп алган Тураттын эжесинин созго келер туру жоктой «кызынарды менин иним жакшы корот кичинесинен бери, биз менен барып алып келгиле кызынарды биз да кааласанар бугун той баштайбыз «-деди. Бирок ага Гулнардын ата энеси конбой талашып тартышышып Тураттын эжеси да ыйлактаган инисинин конулунон ото албай инисине боору оруп келип олтурган кербези эле. Иштин чоо жайын тушунушкон сон Канаттын достору да топтолуп бири-бирине кол салчудай утурондошот. Улуулар ортого тушуп «биринчи келинибизден сурайлы силердин уулунарда конулу барбы жокпу эмне соз айтат » дешип Канаттын женеси менен Тураттын эжеси келин олтурган уйго баш багышты.

 

Уландысы бар…

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️