КАРООЛ. (АНГЕМЕ)  2-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=102595&preview=true Кызыктуу окуялар.

КАРООЛ.

(АНГЕМЕ)

2-БОЛУМ

 

Түнү Гаухар уктагандай болбоду. Ар кандай ойлор менен эртең болчу иштерди түбүнө жетип ойлонуп бүтпөй таң атырды. Эртең менен эрте тура салтка тура өткөндү жоктоп койушу керек. Дээринде анткиси келбей турса да ошентүүгө мажбур.

Кайсыл жакшы жагын айтып, өксүп жоктошум керек. Бирок дешиң зарыл деди өзүнө өзү. Антпесең кааданы бузган болуп анан да кайын журтундан кызылдай балеге калба деп ойун толуктады. Маакул кантсем да ун чыгарайын деп өз ойун маакулдады. Анан жай башына барыш керек. Бирөө жарымы келер бирге барарбыз. Өзүм жалгыз барбастырмын. Ой менен алек болуп отуруп, чоочуп,

-Таң атайын деп калбадыбы. Камыр жууруп койойун, жыт чыгарып чозмо салалы,унутуп кала жаздаганым кара. Өлбөй кал, акылымды алып бүттүң го. Калдайган ордуң билинип турат. Адамча жашай албагандан кийин өлүп эле тынайын деген экенсиң да. Жаткан жериң жайлуу болсун эми. Башка эмне дейин.

Куран окуп жүзүнө бата тартты да дагы ойго берилип кетти. Чындыгында акыркы күндөрдө ичкенчиликке мүңкүп кеткен чалын эмне кылаарын билбей, алы да жетпей калган эле. Ичип келип томолонуп жаткан жеринде жатып калса, эптесе сүйрөп төшөккө жаткырчу эптей албаса башына жаздык койуп, жанына төшөнч салып, кулатып койор эле. Тириликте эмне бар, эмне жок иши болчу эмес.

Таң атса, көчөгө чыкса, ичсе, анан кайдагы болор болбос сөздөрдү таап келип чарчаганча чаң тополоң кыла анысы аз келгенсип чала өлүк кылып Гаухарды сабап салчу. Урганга себеп тапса тапчу таппаса жинденип тишин кычырата ,,сени менен сүйлөшөм отур мындай» деп маңдайына отургузуп алып ,,сени эмне кылайын?» деп отуруп урду- кетти сөздөрдү сүйлөп,анан отурган ордуна кулап өзүнөн кетчү. Гаухар унчукпаганы жакшы эле. Ошентип кутулчу. Мына эми орду билинип жатпайбы. Кайсы жерде кандай жатса да тоодой караан болгон экен да. Ошон үчүн бакырчаактын бары жакшы деген сөз бекеринен айтылбайт экен да көрсө. Жүрсө жүрө бермек, өлбөсө чыдайт эле да баарына.

Гаухар камырын жууруп ороп жатканда таң баш багып калган эле. Жолугун ээктен алып, көйнөгүн ары жак бери жагын карап сыртка жөнөдү. Эшик алдында эл отурсун деп койулган отургучтардын бирине отура көчө жакты тыңшады. Шарпа сезилбеди. Таң атып атпай эле ким келе калсын деп очок жагына басты. Бир сыйра карап койгону жакшы да. Баары жайында деди көңүлүнөн өткөрө. Анткени кайың журтунун тил билги, дил билги келиндери баары жогун орду- ордуна койуп иш кылышат.

Дайыма ошондой алар. Гаухардын көңүлү ток болгону ошондон. Гаухарды чоң эне дешип өтө сыйлашат. Ал дагы аларга камкор, жакшы сөзүн аябайт. Кой эми аа дебей анысы-мунусу келип калат. Үн чыгарайын деп катар отургучтардын биринчисине барып отурду. Кантсем, эмне деп баштасам деп эки колун тизесине койо эки жагын каранды. Ары жакта чырактын жарыгына үрүл — бурул боло кечиндеги ит карап туруптур. Абада калгып тургандай болуп көрүнгөн ит бир көрүнүп бир көрүнбөй баятан бери тамак- аштын жытын алып келген ит го деген Гаухардын ойун учуруп жиберди. Ордунан так секирип турду да ичкери шашты. Астананы аттай берерде өткөн адам кубулуп үйүнө келет экен деген өткөндөр жөнүндөгү уккандары эсине келип,токтой калып, ит көрүнгөн жакты кайрылып карады. Каалгып көрүнгөн ит жок. Жашы бир топко барып калса да коркуу басты.

Аңгыча көчөдөн адамдардын кобурун угуп калды. Шаша ит көрүнгөн жакты дагы бир карап алды да ордуна келип отуруп отурбай жатып сөзү жок эле үнүн чыгара ыйлаган боло баштады. Кана эми оозуна бир сөз келсе. Түзүк эле билчи эле жоктоп ырдаганды. Кашайгыр жок болуп кеткенин деп өзүн өзү тилдеп да алды. Дале үнүн созуп ыйлаган боло берди. Анан, анан…

Бозоргон тоого чыккым жок аа,

Боздогон үндү уккума жок аа.

Боздоткон өлүм курусун аа уу- у-у.

 

Карарган тоого чыккым жок аа,

Какшаган үндү уккума жок аа,

Какшаткан өлүм курусун аа уу- у-у.

 

Аргымак атың бар беле байым

Ашыгынан шал беле байым.

Арзыган балаң келгиче байым

Ашыккан ишиң бар беле байым.

 

Карагер атың бар беле байым

Карегинен көр беле байым.

Карегиң балаң келгиче байым,

Капсалаң ишиң бар беле байым.

 

Тор кашка атын бар беле байым,

Томугунан шал беле байым.

Тоорулуп балаң келгиче байым,

Тополоң ишиң бар беле байым

 

Төшөнгөнүң топурак аа байым,

Төрүндө күйсүн шам чырак байым.

Жамынганың аа топурак байым,

Жаныңда күйсүн шам чырак байым

 

Жаткан аа жериң оңдоп жат байым,

Жалгызыңды колдоп жат байым.

 

Телпегиңдин теңи зар байым,

Теңтуштарың баары бар байым.

Куруңдун учу кулпу зар байым,

Курбуларың баары бар байым.

 

Жанашып жүрүп жашадың байым,

Жашоодон кандай тажадың байым.

Жарыша карып жүрбөдүң байым,

 

Бирин- серин жакын ортодогу кошуналар киришип, катар отургучтарга отурушуп,баштарын жерге сала үнсүз отурушту. Оо,бир топтон кийин,

— Тартыңыз жеңе, акамдин жаткан жери жайлуу болсун. Батаа кылалы- деди чалынын жакындарынын бири

Ушуну эле күтүп тургансып ары жактан бирөөсү Куранды кыраатына келтире окуп калды. Гаухар чындап өксүп ыйлап калган эле. Өлүм кимди өксүтпөсүн. Жакшыбы, жаманбы, жашпы, карыбы өлсө өлүмү өксүк болот да. Ким кайгырбай күлсүн. Артынан арманы калат эмеспи.

— Жайга барып келели жеңе. Машина даяр. Чыга бериңиздер. Анан келип даярдыгыбызды көрөлү. Үчү деп келбегендер келип калат.

Кимдин болсо да канча күнү- суусун жашап бүтүп келе турган жайга, жаңы топурагы кургай элек дөбөгө карап төрт караан Куран окуп бата кылышты. Гаухар үйдөн чыга берерде эшик алдынан жаңгактай ташты ала келген.Шартын кыла ташты дөбөнүн баш жагына койуп,,тапканым ушул, жакшы жат. Сурак жообуң жеңил болсун»деп ордунан турду.

Өлүмдүн чачпагы узун демекчи батачылап келгендер күүгүмгө чейин тынбады. ,,Кантсе да кадыры түзүк эле экен байкуш чалымдын» деп тирүүсүндө жан кашайткан чалын эстеп койуп отурду Гаухар. Бир убакта булар да жаш болгон да. Колунан көөрү төгүлгөн уста жигит кошуна Өзбекстан жакка устачылыкка барып, жадырап жайнап ачылып турган гүлдү жула качпады беле. Алардай бактылуу жан жоктой эле. Уулду болгондо уулун жууп баштаган ичимдигин таштай албай, күчөгөндөн күчөй берди го тиги. Гаухар айласы жок кете албай чөптөй саргайды. Анткени, ата- энеси баспа, көзүбүзгө көрүнбө деп ийилишпей койгон. Чыдады, көндү. Кыздуу болушту, дагы кыздуу болушту. Бирок турбады. Кайра- кайра кыз тууй бересиңби деп кесирлик кылганынан кыздарым турбады окшойт деп жооруп койгон Гаухар. Канчалык чындыгы бар балким туурадыр.Кудайга эмес пендеге да жакпайт кесирлик. Аны баары айтып жүрүшкөн. Сен куу тумшук болдуң деп баласын да жекирип жүрүп, жадаган бала иштеп келем деп кеткен боюнча мына дале дарек жок. Бар документтерин жоготуптур деген сөздү бир угушкан. Андан башка кабар болгон эмес. Бирок, Гаухар баласынан үмүт үзбөй келет. Келип кала тургандай боло берет. Эми келсе баласына да арман болсо керек атасынан айрылганы же жүрөгү муздап бүткөнбү биротоло. Муну эстегенде ,,кудай сактасын» деп алат Гаухар.

Келди — кетти эл менен болуп жүрүп, башы жарылгыдай ооруп чыкканына чыдабай Гаухар бир байлам жоолугун бекем байлап, көзү аңтарылып кетчүдөй болуп отуруп эле калды. Келиндер даары ичиришип, жатып эс алсаңыз дегенине чындап жаңы жер тартып турса да тартынды. Болбоду,чыдабады. Сыртка бир чыгып келип анан жатайын деп сыртка чыкты. Кичине ары барайын деп басып баспай кыйкырып чалкасынан кетти. Чырактын ире- шире жарыгында кечээки ит карап турган эле. Ит башта желдей кубулуп адам бойу узарып анан башы гана көрүнүп…ар жагын билбейт кыйкырганы гана эсинде.

Ошол күнү чоң абысыны жанында жатып калды. Доктур келип ийне сайгандан кийин өзүнө келген Гаухар эмне болгонун айтып берди.

— Ал иттен коркпо. Сүйлөп кой. Куран окуп бата кылсаң кетип калат.

— Эмнеге андай кылышым керек?

— Кайнимдин арбайыбы дейм да.

— Коркутпасаңыз эне.

Гаухар аксакал абысынын эне дейт. Келин болуп келгенде кайненесинин өткөнүнө аз эле жыл болгон экен. Абысындай эмес энедей камкордугун көрсөтүп, Гаухардын башынан сылаган.

— Коркпогун, эч нерсе кылбайт. Мурда көрбөйт белең?

— Жок эне. Коркпой жүрө берчүмүн караңгыда да.

— Коркпо, эч коркпо.

Көп күн абысын- энеси эш болуп жатып жүрдү.

 

( уландысы бар)

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️