Биз дайыма машине сатып алуу тууралу кеп козгоп калганда ыраматылык атам
айтчы:
— Э-э, балдарым! Машинелүү адам үч гана жолу бактылуу болот. Биринчи —машинени жаңы сатып алганда, экинчи — ал машинеден кулап аман калганда, үчүнчүсү — машинесин кайра сатып жибергенде. ..
Ал эми биздин музтөрлүк айдоочулардын дагы бир төртүнчү бактысы бар эле. Кыйшык Мурундун колуна түшүп, күбөнаамаларын тештирбей кутулуп чыкканда алар тим эле тигил дүйнөдөн кайтып келгендей сүйүнчү. Мен бир мертебе машине айдоочулардын мындай кебин угуп калдым:
— Мен, керек болсо, бир жолу Кыйшык Мурундун колуна түшүп кутулуп кеткем, — деп мактанып жатты бирөө. Анда жанындагысы:
— Ал мине болуп калыптыр? Мен ага төрт жолу кармалгам, — деп көкүрөгүн жайып чалкалайт.
— Эй, мактана турган нерсени тапкан экенсиңер. Мына мен анын колуна бир да жолу түшөлекмин, — дейт
үчүнчүсү. «Кыйшык Мурун» деп музтөрдүктөр биздин гүзөрдөгү Жумабекти атайт. Ал МАИнин инспектору болуп иштейт. Эмнеге аны минтип калгандарын төкпөй-чачпай башынан айтып берейин. Жумабекти мен бала кезимен эле билгеним — ал дайыма милийсанын кийимин кийип жүрөт. Мен азыр аны эч башкача элестете албайм: билбейм, же ал милийсанын кийими үчүн жаралганбы, же кийим ал үчүн тигилгенби, бирок ал ага куп гана жарашып калат. Атайын болпоюп семирген бетине кыйшык мурду тим эле түспөлдөш келет. Мен кээде ойлоп калам, эгер ал мурунку эле мурду менен жүргөндө, балким, анын кебетеси келишпейт беле? Ал машиненин алдынан чыкканда жалаң эле шопур эмес, жанында отурган кишинин да жүрөгү чыгат. Машине айдоочулар болсо, өзгөчө өзүмдүк машиненин ээлери, андан тим эле зыркырайт, анткени дегенде Кыйшык Мурундун колуна түштүң эле эң кеминде элүү сомдон айрыласың. Ал акча өкмөттүн эсебине кетеби же тигинин чөнтөгүндө калабы — ал башка маселе, бирок өз чөнтөгүңөн жарым айлыгың кемигени кемиген.
Ошентип жүрүп Кыйшык Мурун машине айдоочулардын бардыгын өзүнө душман кылып алган. Бир жолу алар түндөп анын короосуна кирип сарайдагы койлорунун бирин уурдап чыгып, аны ошол эле эшигинин алдында союп, жиликтерин дубалга илип: «Сени да ушундай жиликтейбиз», —деп жазып кетиптир. Бирок Кыйшык Мурун анда дагы тынчыган жок, тескерисинче ал кайра айдоочуларды кас душмандай көрүп калды. Эми бир да машине айдоочу жолдо жөн жүрө албай турган болду. Кыйшык Мурун ошол кою үчүн өч алып жатты. Кийинчерээк дагы бир мертебе ал бир шаарга барып калганда, аны ал жерден тааный койгон бир айдоочу досторун чогултуп алып, Кыйшык Мурунду караңгы жерден капка салып сууну көздөй көтөрүп жөнөптүр. Бирок алар аны сууга таштабай, шаркыраган дайранын көпүрөсүнө байлап капты салаңдатып илип кетет. Эртең менен эрте көпүрөдөн өтүп бараткан бир айдоочу тигини көрүп калып машинесин тык токтотот. Ал ылдый түшүп, капты суудан сууруп чыгып боосун чечсе, андан сороюп чыга калган Кыйшык Мурун эки жагын карап: «Эй, бала! Минеге сен машинеңи көпүрөгө койдуң?» — деп беркинин күбөнаамасын тешип салыптыр. Байкуш айдоочу азыркыга чейин: «Эгер мен анын Кыйшык Мурун экенин билгенде, өзүм кошо аны сууга чөктүрбөйт белем!» — деп буркурап ыйлайт дейт. Машине айдоочулар арызданып да көрдү, бирок бекер: Кыйшык Мурун жолдо жүрүү эрежелерин кандай бурса, ошого туура келе берет экен. Анын үстүнө ал атасын аябай койгондон кийин, анан бөлөк бирөөнү аямак беле? Анын атасы алыстагы айылдардын биринде жашачы. Бир күнү ал уулун, неберелерин көрүп келейин деп биртике чогулткан акчасын, колу менен
асырап баккан койлорунан бирин алып жолго чыгат. Кыштактын кичине аялдамасына келсе, ал жерде бир такси туруптур. Сүйүнгөн чал ага жабыша калып, артына койду жүктөп уулунукуна жөнөйт. Жолдо баратканда
таксичи андан сураптыр:
— Каякка барасыз, аксакал? Үйүңүзгө жеткирип таштап коёюн. —Жумабектикине, — дейт камырабай туруп ал.
— Жумабек? Кайсы Жумабек?
— Милийса Жумабек. Муну айтары менен тигинин жүрөгү түшүп, чоочуп кеткенинен жолдон чыгып кетип, алар аз жерден сайга түшүп кала жаздаптыр.
— Мине дейт? Тиги МАИ Жумабекпи? — таксичинин денеси калчылдап, көздөрү алайып кетиптир.
— Ооба, анын минесинен коркосуң? Ал менин уулум болот, коркпой ле кой, ал сага тийбейт, — дейт имиш карыя.
— Жо-ок, аксакал, мен аныкына барбайм, ал менин күбөнаамамды алып коёт, —дептир диркиреген үнү менен таксичи дале эсине келе албай. —Мен сизди вокзалга жеткирип коём, андан нары өзүңүз барып каласыз.
— О кокуй, балам! Анан мени ушу жүгүм менен, коюм менен жолго таштап коёсуңбу? — чал жалынат. — Мени жеткирип кой, айланайын, Жумабек сага тийбейт. Мен турбаймбы жаныңда, кантип эле атасын алып келген машинеге залал келтирсин?.. Ушундан кийин гана таксичи араң макул болуптур. Алар үйгө барып, эшиктин алдында жүктөрдү түшүрүп жатканда Кыйшык Мурун чыгыптыр. Таксичи машиненин артынан койду түшүрүп жатканын көрүп ал ага мындай дейт экен:
— Эй, бала! Сен минеге машинеге кой салып жүрөсүң? Бу сага мине жүк ташычы машине беле? Апкел күбөнаамаңды! Таксичи чалды жалдырап карап калыптыр. Атасы уулунун жанына келет.
— Кой, айланайын, андай дебе, бу машине мени апкелбедиби. Айып менде, уулум, тийбе буга.
— Сиз кийлигишпеңиз, ата, — дептир анда Кыйшык Мурун.
— Сиз го билбестиктен сурадыңыз, ал эми бу болсо билип туруп макул болду. Апкел деп атам сага! Кыйшык Мурундун кыялын жакшы билген таксичи күбөнаамасын алып келиптир. Тигил болсо аны үйгө алып кирип тешип чыгыптыр.
— Сизге айтпадым беле! —деп боздоп жибериптир ошондо таксичи. — Ушуну кылат дебедим беле!.. Мындайды күтпөгөн атасы чөнтөгүндөгү уулуна деп алып келген акчасын таксичиге
бериптир.
— Ме, уулум, мен баламын мынчалык акмак болуп калганын билбептирмин. Муну алып жаңы күбөнаамалуу болгонунча бала-чакаңы багып тур… Кечирип кой мени… Ошондо көп акчаны көргөн Кыйшык Мурун кейийт дейт:
— Ата! Бу акчаны мага бергениңизде, мен тешпей койбойт белем.
— Атадан айлан! — дептир атасы. — Акчадан айлан, мен аны сага бербегенде кимге алып келиптирмин? .. Ошол эле такси менен атасы кайра үйүнө кетип калган
экен. Бул окуяны уккан айдоочулардын жүрөгү ого бетер чыгыптыр. Алардын айрымдары башка ишке өтүп, машинеси барлары сатып жибериптир. Иниси тууралу шакабалардан жадаган агасы атасынан укканына ишенбей, бир жолу тигини сынамакчы болот. Ал жолдо баратканда иниси турганын көрүп, атайылап катуу айдаптыр. Машине бир аз өткөндөн кийин эле артынан ышкырык угулат. Агасы токтойт, түшүп тигинин жанына барат.
— Ассалам — аллейкум, үкөжан! — дейт ал инисине жылмайып. — Бир аз жол эрежесин бузуп коюптурмун, кечирип кой…
— Жол эрежеси бардыгына бирдей, — дептир Кыйшык Мурун. — Апкел күбөнаамаңды!..
Уландысы бар…










