Ошондо гана Жоробек тиги ууру экенин түшүндү: ал ордунан тура калып бөлмөнү жарык кылганы чуркады. Эки күн мурун жаңы салган шамчырак бөлмөнү жарык кылганда, ал нары бурчта жаткан узун бойлуу кишинин караанын көрдү. Анан анын көзү караңгылай түштү, ал көздөрүн жума коюп, кайра ачса тигил караан жок. Мине балакет болуп кетти? Же көзүмө шайтан көрүндүбү? Буларды ойлогончо эшикте шатыр-шутур дей түштү. Каптай болуп жерге күп деп түшүп, талдын бутактарын шытыратып, дубалдан карсылдатып секирип, анан иттерди ордунан козгогон дабыштар тигинин жөнөкөй эле адам экенин билдирди. Бир аз эсине келе калганда Жоробек сыртты көздөй атырылып көчөгө чуркап чыкты. Эшик караңгы, болгону гана алыстагы чагылгандын жылт эткени тээ көчөнүн башында чуркап бараткан адамды бир-эки жолу жарык кылып өчүп калды.
Жоробек дагы бир пас турду да, анан кайра үйүнө кирди. Кайра келиши ыктымал. Ал түнү менен уктабай бөлмөнү таң атканча жарык кылып жатты. Эртеси ал кошунасыныкынан капканын сурап келди. Эмнеге керек экенин ал айткан жок. Караңгы киргенде ал эч кимге көргөзбөй терезесинин түбүнө барды да, капканды чырпыктын арасына бекитип орнотуп койду. Капкандын кандай чабаарын текшерип көрүп ыраазы болду. Түн ортосунда катуу кыйкырык аны ойготту. Уйкусурап жатып Жоробек эмне болуп кеткенин түшүнбөй калды, бирок көпкө тыңшап отуруп ал эшикте бирөөнүн онтогонун укту. Заматтын ичинде кийине коюп ал эшикке чуркап чыкты, ошондо ал нары терезенин түбүндө кыйналып, бутундагы капкандан бошоно албай отурган ууруну көрдү. Тигил дагы аны байкай коюп, отурган жеринен так секирип, капканды сүйрөгөн бойдон дубалдан ашып түштү. Жоробек анын артынан кууп алды. Уурунун бутундагы темир капкан жерге тийген сайын чакылдап, дембедем ташка урунганда андан чачыраган учкун тигинин каерде баратканын даана көргөзүп турду. Жоробек ошол дабыштын артынан ээрчий берди. Ууру биринчи таар көчөлөрдү аралап буйтап, улам бир короого кире калганда ал жактан арылдаган иттердин үнү чыгып, аны кайра качырып шайын кетирди. Гүзөрдүн ичи бүт баш аламан болуп, анысы аз келгенсип Жоробек алы жетишинче:
— Кармагыла ууруну! —деп кыйкырып-өкүрүп, бир жагынан капкандын тиштеринен сыздаган буттары үзүлүп кете тургансьш, айласын жоготкон ууру акырында чыдабай онтоп барып бакырып жиберди.
Чоң көчөгө чыгып калганда Жоробек бир нерсени эстей койду. Уурулар экөө болсочу? Мен муну кууп кеткенимде эшик ачык калып, тигинин шериги үйүмду бүт талап кетпедиби… Жоробек токтоп калды, уурунун артынан бир аз карап турду да, анан бир маалда кайра артын карай чуркады. Мен акмакмын! .. Муну минеге мурун ойлогон жокмун?.. Кудай жалгап үйү сак экен. Ал бөлмөлөрдүн бардыгын бир сыйра карап чыгып, эч нерсе уурдалбаганын көргөндө жаны бир аз жай ала түштү. Демек, ууру жалгыз экен. Анда аны кармаш оңой болот. Анын көңүлү кичине көтөрүлүп калды, бирок сестенгени дале кетпей жүрөгү түкүлдөп, ал түнү менен уктай албай койду. Ар кандай ойлор келип жатты. Карыптырмын. .. Карылык ушинтип эле бир паста ийип салат турбайбы, болбосо каяктагы бир шүмүрөйгөн уурунун артынан жеталбай койдум. Карыптырмын, карыптырмын. Эми ал эртең да келсечи? Ушундайда катындын да жоктугун… Капканды го ал билип алды, бирок башка мен мине кылалам? Күндүн да ысыганын кантесиң? Терезени да ачып болбойт. Минеге болбойт? Анын оюна бир нерсе кылт этти. Терезени ачып коюш керек, жагжайтып ачып коюш керек… Эртеси ал иштен түз эле үй-орозгер дүкөнүн карай жөнөдү. Ал жерден жыйырма метр зым алмак болду. Отуз эле метр алып коёюнчу, артып калса эчтеке болбойт… Эми ал менден качып көрсүнчү.
Үйүнө аялы келип калыптыр. Жакшы болбодубу, эми жалгызсырабайм. Кечинде Жоробек зымдарын чачып алып бир нерсе кылып жатты. Муну көргөн аялы таңгалып сурады: — Бу минең? — Керек, — деп күңк этти Жоробек. — Түндө бу зымга тийбе.
— И, кокуй! — деп чоочуп кетти аялы.— Тийсем мине болот экен?
— Тийсең ток урат, — деди Жоробек камырабай.
— Мине дейт, кокуй! — аялынын ого бетер жүрөгү түшүп калды. — Ток урган немени мине кыласың үйгө орнотуп?
— Ал сенин ишиң эмес, — Жоробек кыжырланды. — Тийбе дегенден кийин тийбе, түшүндүңбү?
— А кокуй десе! Сен чын эле мээңен айнып калгансыңбы? — аялы кобуранып чыгып кетти. —Кошуналардын айтканы ырас окшоп калды… Жоробек буга жооп кайтарган жок, ал зымдары менен алек болду. Ал кылдаттык менен зымдын кабыгын терезеге келе турган жеринен аарчып, анан бир учуна сайгычты карматты. Эми келип көр, атаңы гана таанытпасамбы. .. Түндө төшөгүнө жатканы баратып ал зымды токко сайып койду.
— Буга тийбе, — деди ал.— Дегеле терезеге жакын барбачы.
Аялы унчукпай тескери бурулуп жатып алды. Карасан тыркыйып жатканын. Кошуналардын айтканын уга койгонун, меникин укпас эле. Бүгүн көп күндөрдөн кийин Жоробек биринчи жолу сергек жатты, өз акылы менен жетип ушундай шайманды ырастаганына өзүнө ыраазы болду. Эми бу качан иштеп жиберет болду eкен? Келсе тезирээк келсинчи…
Уландысы бар…










