— Кой, үкөжан, мен жөн эле сени сынап көрөйүн дегем. өзүң билесиң го мен жол эрежесин эч качан бузбайм.
—Апкел күбөнаамаңды, болбосо чатак болот, — деп Кыйшык Мурун колун сунуптур. Агасы ага күбөнаамасын берет, тигил тешип таштайт. Ошондо кыжыры келген агасы күүлөнүп туруп аны урган экен, мурдун кыйшайта коюптур. Ошондон бери музтөрлүктөр аны «Кыйшык Мурун» деп атайт. Бирок ал эле эмес, андан кийинкиси дагы кызык. Aйдоочулар Кыйшык Мурунду кармап бергиси келет. Анысы үчүн алар бир депутат, бир тергөөчү кошуп алып бир айдоочуга мурунтан номурлары жазылып алынган акчаны берип, тигинин турган жерине барат. Бардыгы бекинип алып, тигил айдоочу машинесин айдап Кыйшык Мурундун алдына барганда атайылап катуу басат. Албетте, ышкырык, албетте, күбөнааманы алып коюу. Бирок машине айдоочу тигиге акчаны сунуп жалынып кирет.
— Аксакал, менин күбөнаамамы тартып албасаңыз экен, менин да бала-чакам бар. Кечирип коюңуз мени… Кыйшык Мурун акчаны алыптыр, анан айдоочуга күбөнаамасын сунуп:
— О, мурдуңду урайын! Акылдуу ле жигит экенсиң, машинеңи түзүктөп эле айдап жүрбөйсүңбү, — дейт. Кубанган айдоочу эшикке чыгып кетет. Бери жакта аңдып тургандар тигинин чыкканын көрүп посттун ичине кирип
барат. Бирок канча издебесин баары бир эч нерсе таппайт. Акча дайыны жок көздөн кайым болот. Бир жакка ыргытып же көмүп салбасын деп бардык жерди казып аңтарышат, бирок анда деле эч нерсе чыкпайт. Ошону менен алар бардыгы уят болуп
кайтыптыр. Акча каякка кеткенин алигиче эч ким билбейт, ал эми айдоочулар кээде Кыйшык Мурун аны жеп салган деп келет. Чынбы-калппы — анысы белгисиз.
ТААРЫНЫЧ.
Балдар дойбу ойноп
отурган. Кайрат мен Гулжамалдын кара, ак таштарды жылдырып, кандайдыр бир чаташкан жолдор менен бириникин экинчиси утуп алып сүйүнгөнүнө кызыгып отурган төрт жашар Максат да улам чыдабай:
— Мен ойноюнчу, Каййат-аке.. . Мен да ойнойм, Гүжамал эже, — деп суранып жатты. Анда эжеси анын бетинен чоп этип өөп коюп:
— Азыр ойнойсуң… Биз бүтөлү, анан ойнойсуң, а? — деп кайра кызуу оюнга киришет. Максат мурдун шыр тартып, агасы менен эжесинин оюнун карап унчукпай тим болот. Тигил экөө катуу ойлонуп отурду, себеби экөөнүн тең үчтөн гана ташы калган. Эки күндөн бери Гүлжамал утуп жатат, ал эми Кайраттын ага кыжыры келип улам-улам утуунун аракетинде. Азыр да ал катуу ойдо.
— Оюн кимде? — деп сурады алаксып калган Гүлжамал.
— Сенде…
Каалганын кыйчылдаганы угулду. Балдар оюнун токтотуп, далисте көпкө тамтаңдап, ордунда тура албай чалынып, анан акырында пайабзалын чечип, дубалды сыйпалап келаткан кишинин шарпасын тыңшап калды. Дабыш улам жакындап отуруп, акырында босогодо атасы көрүндү. Ал дале соо эмес экен: адаттагыдай эле ал каалганын кырына жөлөнүп балдарын бир сыйра карап алды да, сөөмөйү менен эшикти көргөзүп кыжынды.
— Жоголгула, иттин балдары! — деди ал оозунан наспай аралаш саргайган шилекейин чачыратып. Балдар биринин артынаn бири ээрчип чууруган бойдон бөлмөдөн чыгып кетти. Алар үн дебей түз эле барып туштагы бөлмөдө ооруп онтоп зорго жаткан апасын тегеректеп отуруп калды. Максат апасын кучактап бетинен өпкүлөдү.
— Максатым, айланайын… Атаң келдиби? — апасынын көздөрүнө жаш толуп кетти. —Гүлжамал, бар, атаңа чай бер, ачка болгон чыгаар.
Ал кичүү баласын чачынан сылап бооруна кысып ыйлактады. Гүлжамал да аны кучактап буркурап жиберди.
— Апаке, ыйлабаңыз! Апаке…
— Ыйлаган жокмун,
кагылайын, — апасы жаздыктын астынан оромолун алып көзүнүн жашын аарчыды.
— Ыйлабайм. Бар, атаңа чай бер, бара кой.
— Азыр барам, апаке, азыр барам, — Гүлжамал дагы көзүнүн жашын этегинин учу менен аарчыды. Кайрат гана нараакта ыйлабай катуу тиштенип отурду. Ал апасын кучактап уктап калган Максатты көтөрүп бурчта салынган төшөккө жаткырды. Тигил жылуу журканга кирээри менен бүрүшүп, түшүндө тамшанып, өзүнчө бир нерсени кобурап уктап калды. Гүлжамал чыгып кетти.
— өзүңөр бирдеме ичтиңерби? — апасы онтоду.
— Ичтик, апа, — Кайрат апасына жакындады, бир аз тыңшап турду: апасы оор дем алып жатты.
— Мага дагы бир пийaла чай апкелчи, тамагым кургап атат, — апасы бирде эси ооп, бирде кайра эсине келгенсийт. Кайрат чуркап барып ашканадан пийaлага чай куюп
келди. Ал төгүп албайын деп акырын, жай басып апасынын жанына барды. Тигил уктап калыптыр. Кайрат пийaланы секин анын баш жагына койду. Бөлмөгө Гүлжамал кирди.
— Атам уктап калыптыр, — деди ал.
***
Калмурза түн ортосунда ойгонуп алды. Башы ооруп, жүрөгү айланганда чалкасынан оодарылып жатты. Бирок анда көңүлү ого бетер айнып кускусу келди. Ал эмне кылаарын билбей туйлап жиберди. Кусту. Ошондо гана бир аз эс ала түшкөнсүдү — шалдайып жатты. Кичине үргүлөп кетип көзүн ачса, тамагы кургап, тили таңдайына катып калыптыр. Үйдүн ичи жымжырт. Караңгы. Калмурза туруп, тамтаңдап дубалга жөлөнүп отуруп ашканага жетти. Караңгыда чөмүчтү таппай идиш-аякты калдыратып, айласы кеткенде челекти көтөрө коюп суудан иче баштады. Көп убакыт чөлдө жүрүп, акырында кудукка учураган жолоочу сыңары ал челекке кадалды, какап-чакаганына карабай жарым челек сууну жутуп жиберди. Ыткытып башын көтөргөндө, жанагы окшуп куса албай койгон арактын калдыктары сууну артка тепти… Онтоп кайрадан далистин дубалына таянып келатып, туштагы бөлмөгө жакындаганда ал аялынын азыр уктабай анын ашканада кыйналып кусканын тыңшап жатканын ойлой койду. Ооба, ал сөзсүз тыңшап атат, антпесе анын жаны тынбайт да. О-о, канчык! Калмурза бөлмөсүнө кирип, кийимчен эле, буттарын да чечпей төшөккө боюн таштады. Боздоп жатып калды. Анын арманы көп болчу, бирок дайыма минтип мас болгондо эң чоң арманы эле — бузулган бакыт, кыйраган махабат. Сегиз жыл мурун ал ашык болуп сүйгөн кызына үйлөнөйүн дегенде, туугандары ага каршы чыккан. Анткени анын сүйгөн кызы ырчы эле. «Артист сенин балдарыңы багабы же көрүнгөн жерде ырдап жүрө береби? — деген алар. — Андан көрө биз сага өзүбүздүн айылдан эле бир жакшынакай кызды алып беребиз…» Ириде Калмурза макул болбой, үйгө түнөбөй качып жүрдү, бирок бара-бара алардын сөзүнө көнүп макул болгон. Бир жыл өтпөй эле ал кайрадан сүйгөнүн эңсеп аялы менен ажыраша турган болуп калганда, туугандары кайрадан чогулуп: «Сенин балаң бар, аны таштап каякка барасың?» —деген. Мына, эми ал үч балалуу, бирок дале үйүнө токтобой, башкага кусадар ичиндеги бугун арактан чыгарып жүрөт. Көрүшсүн мен кандай бактылуу экемди. Калмурэа ичинен күйпөлөктөп, ошол туугандарын чогултуп алып өзүнүн азыркы турмушун көргөзүп аларга армандарынын бүт айткысы келип жүрдү. Бирок эми аныкына эч ким келбейт, кабар да албайт. Бардыгы ага кол шилтеп койгон. Жакшылык-жамандыкка чакырбайт. Аны бардыгы аракеч дейт.
Уландысы бар…










