«ДУБАЛ». 5-БОЛУК

https://kyrgyzcha.site/?p=102289&preview=true Кызыктуу окуялар.

«ДУБАЛ». 5-БОЛУК

 

Карыя Осмон жинди болгонуна гүзөрдө эч ким күмөн санаган эмес. Анткени ал бирде түнкүсүн көчөнү бойлоп басып, жылдыздарга ынтызар болсо, бирде келип ошол жылдыздардын арасында туугандарым жашайт деп жарыялачы. Бирок акыркы күндөрү ал таң азандан туруп илегилек менен сүйлөшө баштаганда, гүзөрдөгүлөр чыдабай кетти. Илегилек кайдан келгени белгисиз: жака белде бир да мунара жок, балким, ошондуктан ал карыя Осмондун короосундагы куурап калган жалгыз түп талга келип уя салгандыр. Бир күнү Осмон эртең менен туруп үйүнөн чыкса, эшигинин алдында ишмер аялы эптеп бирден-экиден чогулткан тооктору менен кошо илегилек жүрүптүр. Осмондун жүрөгү селт дей түштү. Тобо! Акыры бизге да бакыт келген окшойт… Ошол күндөн баштап ал

дайыма илегилек менен сүйлөшчү болуп алды. «Адам болуу аста-аста, айбан болуу бир паста» деген макал эми толугу менен карыя Осмонго тиешелүү болуп калды. Кичинекей балдар көчөдө жүрүп, анын үйүнө туш келгенде:

— Аста-аста, бир паста! —деп кыйкырып өтөт. Карыялар анын үйүн кабатырлык менен карап баш чайкайт. Ал эми суу алып жаткан аялдар Осмондун аялы челегин көтөрүп чыкканда:

— Жиндинин катыны келатат, —деп тарап кетет. Жалгыз гана Осмондун агасы Шамсуддин-баба дембедем анын үйүнө каттап турду. Бирок ал деле Осмонго унчукпастан келип, келинине колунан келген жардамын берип, кайра кетип калчы. Ал эми Осмондун эч ким менен иши жок, ал таң заарда туруп түз эле илегилекти карай жөнөйт. Анан аны көпкө тиктеп туруп, өзүнчө бир нерсеге кубангансып кобурачы:

— Сенин келгениң ырас болбодубу, — дечи ал айланага колун жаңсап. — Антпесең тигилер менин тынчымы койбой турган болду… Бегамга бакыт келбейт дейт. Алар короосуна малды толтуруп алып, эшигинде машине турса ле, өзүн бактылуубуз дейт окшойт. Алар наадандар бакыт менен байлыктын айырмасын жоготуп коюптур. Жок, алар дилин жоготкон! Ошондуктан алар асманга көз чаптырып андагы жылдыздарды көрбөйт, ошондуктан алар үчүн талаа жалаң гана жем пая. Алар мени жинди дейт. Билесиңби минеге?.. Анткени мен алардай болуп байлык чогултпайм, анткени мен алардай болуп өмүрүмдү күнүмдүк оокатка коротпойм, анткени мен маңгиликти издейм. Эчтеке мес, биз эми аларды таңгалдырабыз, биз али өзүбүздү көрсөтөбүз! ..

 

 

Мына ушинтип ал илегилек менен таң азандан сүйлөшчү. Бул сообатты мен кокусунан угуп калгам, бирок анда ал элди кантип таңгалдыраарын билген эмесмин. Бир күнү Шамсуддин- баба Осмондун үйүнө түндөп келди. Ал унчукпай төргө отуруп, байкуш Керез-эже нары-бери чуркап дасторконун жая баштаганда, аны токтотуп койду.

— Тим эле кой, айланайын,— деди ал, сүрүнө караганда Шамсуддин-баба сыйга келбесе керек. — Ичтим чайыңы, тим эле кой… Осмон төркү бөлмөдө бир нерсе кылып отурган.

— Чакыр Осмонду! —агасынын үнү каардуу чыкты. —Сүйлөшө турган кеп бар. Осмон босогодон көрүндү.

— А-а, келиңиз, аке, — ал тиштерин арсайтып жылмайды. — Мине болуп кетти деги, тынччылыкпы?

— Жок, тынч эмес! —Шамсуддин корс этти, анан шашып-бушуп сүйлөй баштады. —Үкөжан! Мени сыйлабасаң мейли, мен аныңа таарынбайм, бирок ата-бабаларыбызды сыйлап койсоңчу. Мен сага эч унчуккан эмесмин, бирок мындан нары чыдаганга болбойт. Бетке айткандын заары жок…

— Коё туруңуз, аке, —Осмон күлүп жиберди. — Коё туруңузчу, жарыктык, деги мине болуп кетти?

— Мине болмок эле, дале баягы сенин акмакчылыгың да… Сен мурун jылдыздарды карап түнкүсүн көчөдө жүрчүсүң. өзүңчө бир нерселерди дөөдүрөй берчисиң. Макул, аныңды биз түндө сейилдеп жүргөндү жактырат деп түшүндүк. Эми бу илегилек менен сүйлөшкөнүңү кандай түшүнсөк болот? Же жылдыздардан таппаган туугандарыңы эми ушу куштан таптыңбы?

— Демек, баятан бери кыжырыңыз ушуга келген турбайбы, — Осмон шылкыя түштү. — Бирок «биз» дегениңиз ким? Мага дагы кимдин жини келип атыптыр?

— Гүзөр… Гүзөрдөгү эл, билгиң келсе! Укчу, эл сен жөнүндө мине деп атат. Сени айбан деп атат.

— Билем эл мине дегенин, — Осмон көпкө унчукпай калды. Шамсуддин-баба дагы шылкыйып отурду. Ал элдин сөзүнө кирип үкөсүнүн үйүнө түнкүсүн келгенинеби же ага катуу сөз айтканынабы уяла түштү. — Анда эми мени угуңуз, акежан, — деп баштады Осмон акырында. — Азыр уккандарыңызды гүзөрдүн элине айтып коюңуз, — ал жини келгенинен ойлорун чогулта албай жаткан сыңары. — Адам бу жарык дүйнөгө жалаң эле дөөлөт үчүн келбейт. Мине болду көр оокат деп келгендер? Жер үстүндө эч из калтырбай, алар өздөрү курт- кумурскага жем болду. Ал эми ойчулдар адамдарга өз ойлорун, жомокторун калтырды. Алардын ойлору мына эми чындыкка айланып атат. Силерге менин илегилек менен сүйлөшкөнүм жакпай калган экен да? Айткылачы анда, силерге деги мине жагат? Күндө силер менен урушуп, жер-суу талашканым жагабы? Же карыз доолап доомат кылганым жагабы? Менин силерден мансап талашкан жерим жок, дөөлөт да талашканым жок, анда минеге силердин менден ойлоруму, кыялдарымы тартып алгыңар бар?..

 

Уландысы бар…

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️