Бир уйдун баяны. 3-болум

https://kyrgyzcha.site/?p=102782&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бир уйдун баяны.

 

3-болум

 

Эч нерседен бейкапар жатууга камынып жаткам. Кеч чалынган телефондун үнүнөн чочулап ала койсом, кожойкенин жээни экен. “Тез жетип келесизби?! ”- деген ый аралаш үнүн уккамда, эмне болгонун сураганга чамам да келбей калды. Такси менен жетип бардым. Сыртта күтүп турган жээни буркурап ыйлап, бир нерселерди айтып жатты. Сөзүнүн бирин уксам, бирин укпай, үйгө чуркап кирдим. Улуу баласынан айрылып калганын айтып, кожойке ыйлап жатыптыр. Бир нече кишилер, врачтар баланын жансыз денесин тегеректеп турушуптур. Эмне болгонун түшүнө албай турганымда, үстүнкү кабат жактан баланын уңулдап ыйлап жаткан үнү угулду. Жогору көтөрүлүп баратсам тепкичте ыйлап отураган кийинки баласы мени көрөр замат мойнума асылып: “Ишенбейм, ал өлбөйт”, — деп эчкирип кирди. Аны араң өзүнө келтирип, наристелер ойгонуп кетпесин деп балдарга жөнөдүм.

 

Күндүз эле күлүп-жайнап жүргөн баланын заматтын ичинде бул дүйнө менен коштошуп кете берүүсү баарыбызга табышмак бойдон кала берди. Баскан-турганы, сүйлөгөнү, кыз сүйүп, аны жандап зоңкоюп турса да мамасына келип эркелегени – баары көз алдына келе берип, көпкөй чейин өзүбүзгө келе албай жүрдүк.

 

Кичи инилерине, карындашына угузбай, башка жакка окууга кетти деп алдап жүрдүк. Сагынышып, күндө эле сурай беришкендеринен, кожойке: “Бул дүйнөдө башка дагы жашоо бар. Байкеңер ошол жакка кетти. Силерге эми көрүнбөгөнү менен жаныңарга келип турат”, — дегенде, эсине кирип калган үчүнчү уулу ыйлап, чаң-тополоң салды. Ошондон кийин чүнчүп да кетти. Кечке чейин байкеси жөнүндөгү сөздөрү бутчү эмес. Бир жерден чыга калчудай болуп күтө беришчү.

 

Ошол каргалашуу күндөрү кожоюнубузду көрдүк. Биринчи эле көргөндө кээ бирөөлөр сүрөттөгөн кишиге окшоштура албай жаттым. Эки ийини ылдый түшүп, көздөрү кайгыга толуп, бул дүйнөгө наалат айтып турган байкуштай эле. Баладан айрылуу оңойбу. Анан калса, элчилеп эл аралабай, тагдырдын татаал жолунда сыноолорго туруштук берип, куугунтукта жүргөн убагы экен.

 

Жогоруда айтып кеткендей, эмне жумуш жасаарын, кандай куугунтук, жакшы билбейм. Жөн гана ошол инсандын үйдө кандай киши, балдарына кандай ата экендигин айткым келет. Үйдө көп деле болбойт. Болгон күндөру балдарынын жанынан чыкпай эркелетчү. “Мени тааныбай калышыптыр”, — деп кейичү. Андай дегенинин да жөнү бар эле. Кызы кээде байке деп, кичүү уулу болсо апасын кызгана берчү. Негедир жатыркап жаткан наристелер барган сайын атасына имерила башташты. Өзү да талаа-түздө жүрүп, балдарынан алыстай түшкөнбү, эркелеткенге эби келбей, куурчак ойноп жаткан балага окшоп кетчү.

 

“Менин балдарым боорукер эле болуп өсүп жатышат, ээ?”- деп сурап калчу. Анда биз: “Чымчык өлсө да ыйлап көмдүрүшөт”, — дечүбүз. Чындыгында балдары аябай назик. Балдарына кыргызча сүйлөгөндү, намаз окуганды үйрөтчү.

 

Аялын киши келгенде узун көйнөк кийип, жоолук салынышын талапк ылчу. Ошентип кийиндирип алып, өзү уурданып, суктанып карап турганын байкап калчубуз. Бирок келген кишилердин үстүнө аял кишини кийиртчү эмес.

 

Баштапкы убактарда кожоюнга биз да көнө албай жүрдүк. Бирок: “Өз үйүңөрдө жүргөндөй жүргүлө. Тартынбай ичип, жегиле. Силерге рахмат! Менин эң оор күндөрүмдө аялымдын, балдарымдын жанында болдуңар”, -деп айтчу.

 

Ал эми коноктор келгенде дасторкон үстүн жайнаттырып салчу. Биринчи тамакты берип бүтө электе эле,экинчисин тарткыла деп шаштыра берчү. Келген коноктордун баарын ыраазы кылып жөнөтчү. Куру кетирчү эмес. Ошондуктанбы, белек-бечкек да көп келчү.

 

Мечиттерге, жетим-жесирлерге, карылар үйүнө деп мал сойдуруп, акчалай жардам көрсөтчү.

 

Кожоюн үйгө келгенден баштап, сырттагы сөздөргө биз да кулак төшөй баштадык. Ал жөнүндө канчалык жаман сөз уксак, ошончолук мактоо да угуп жаттык. “Кичи пейил, боорукер кишини эмнеэле жамандашат”, — деп биз уккан “коркунучтуу” адамга окшоштура албай турчубуз. Себеби, бул кишинин атын укканда, уруксаат берилбей турган жерлерге дагы эшик ачылчу. Ар жактан ыраазычылык каттары келип турчу. Мен деген атка минерлер да жакшы мамиледе экенин билдирчү. Бул сыйбы же коркуубу түшүнө алчу эмеспиз. Бирок жаштар арасында кадыр-баркка ээ экендиги анын ашыкча патриоттуулугундабы.

 

Жаман жагын терең түшүнбөгөндөн кийин кантип айтасын. Мүмкүн өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланышып, өздөрү суудан кургак чыгып, жаман жолго салып, өз эркине баш ийдирбей коюшкандыр. Мүмкүн, жакшы санаалаштары менен, жакшы кишилер менен каршылаштырып, ортосуна от коюшкандары. Мүмкүн, жаман деген сайын жаман жакка сүңгүп кирип кеткендир, балким мажбурлашкандыр. Бул жолго түшүп алганына, ишенгенине, улам тереңдеп кирип кеткендигине миң мертебе өзүнө нааразы болгондур.

 

Эмнеси болсода, биз тааный баштаган убакта жанын карч уруп, элге кызмат кылам деп калган учуру экен. Мүмкүн кетирген каталары болсо, мындан ары ак эмгек менен жууйм деген го. Бир жолу биз тааныбаган кишилер келди. Кимдер экенин көрбөй да калдык. Аларга:”Силер эч нерседен кем эмессиңер. Эл кыйналып жатат. Ошолордун турмуш деңгээлин көтөрүш керек. Ушул заманда, ушундай жерибиз, байлыгыбыз менен элибиз ачка калат деген эмнеси? Менин көзүм эми ачылып келе жатат. Буга чейинки жашоомду колумдан келсе өчүрүп салгым келет. Мен ишенген, илим-билимдүү, эл үчүн деп калп эле көкүрөк каккандарды ээрчип эмне болдум? Эл көзүнө өздөрү аппак болуп, мени жан алгыч кылып коюшту го. Эми абайлап кадам таштагыла. Менин атыма жамынып, силер да пайдаңарга иштеп жатасыңар. Мен ак-караны ажырата албай жатам. Көп кишилер менен каршылаштырып коюшту. Чындыгында биз бири-бирибизди туура эмес түшүнүп жатабыз. Мен ортодо курал гана болуп калдым окшойт”, — деп сүйлөп жатканы эшикке чейин угулуп жатты. Сөздөрүн укканыбыз менен келгендер кимдер, “аппак” болгондору ким, каршылаштары ким, ага кызыкпаптырбыз.

 

Кожоюн келгенден баштап, негедир тынч жашообуз бир кыйла кооптонууларга дуушар болуп, эч нерседен бейкапар жаныбыз кээде түшүнүксүз көрүнүштөргө да туш келип жаттык…

 

Уландысы бар.

1.5/5 - ( 2- Баа берилди )

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️