(АНГЕМЕ) 5-БОЛУМ
СОНУ.
Өтуксузгө өзүм барам деген кыш өз түйшүгүн баштаган күндөрдө Гаухар баласы жөнүндө кабар угуп, чын төгүнүн билгени Сахалинден келген баланын үйүнө шашты. Ал бала менен бир топ жыл мурда бир курулуштун жер төлөсүндө чогуу иштеп жүрүшкөн экен. Күндөрдүн биринде бир фермер келип чоң база куруу керек акчасын жакшы төлөйм десе ошону менен кеткен дейт. Ошол боюнча көрбөдүм дегенде Гаухар өзүң койорго жер таппай калды байкуш. Гаухардын үмүтүн улап ал бала тааныштарына айтмак болду, бирге түшкөн сүрөттөрүн жибермек болду. Сураштырабыз. Кыжаалат болбоңуз деп Гаухарды бир аз болсо да соороткон болду. Ич эти күйүп, күчү көз жашына жетип, көп күн өзүнө келе албай жүрдү Гаухар. Не кылсын анан. Бирок эмнегедир баласы эшиктен кирип келе тургандай туйула берет. Боорума кысып, көзүңө көзүм түшсө экен балам деп намаз окуган соң көпкө чейин тилегин тилейт жараткандан. Көчөгө чыгып калса,жол башын узакка чейин телмире тиктеп карай бере турган. А,жол болсо, алмуздактан бери канчалаган жандын сапарын жонуна артып,узаткан жол. Ош- Баткенди байланыштырган эзелки эски кербен жол. Бир өлкөнүн оң канатынын тамырындай жол. Тарыхта өчпөгөн изи бар жол.
Балким баласы ушул жолдон келип калаар, үмүт үзбөйүнчү дейт Гаухар.
Ушинтип өмүрүндө биринчи жолу жалгыз кыш узатып жаткан Гаухарды жамандык тооруганын койбоду. Бүкүрдү гөр түзбөйт, ийри дарак түздөлчү беле демекчи баякылардын эле арманы арыбай, көксөгөнү ишке ашпай, жыгылганы күрөшкө тойбой ич күптү болуп жатышкан.
— Бир болсо, бул биздин үй ичи бизди дубалап жатат окшойт,- дейт абысыны чай үстүндө отуруп кеп арасында.
— Кылса кылып жаткандыр кой дер кожосу жок.
— Дубалаганды мен көрсөтөм. Ушундай дубалатам тил оозунан кетип, буту колу шал боло турган кылып.
— Колуңдан келеби?
-Акчасын эле мол берсең өлө турган кылып окуп беришет.
— Мм, аны кандай кыласың анан.
— Мен эптейм өзүм.
Ошондой деми күчтүүнү издештирип таап, аны да жөн таппай ,, бизди жок кылмай болуп жүрөт дубалап. Көрдүңөр го балам да атасы да дубаланып ооруп калды. Ушундан башка эч ким кылбайт. Мен күчтүүсүн таап өзүнө кайтарам, түбүнө жетем» деп сураса да сурабаса да ар кимге айтып, өз абийрин өзү ачып, ооз көптүрүп, баарынан акылдуусунуп, чамгарактап жүргөндө аны билгендер артынан күлүп, билбегендер арсар ойдо калып, жакасын кармагандар канча. Эртең менен эрмек таппай отурган кулагы узун оозу ачыктарга жаңылык үстүнө жаңылык болду да калды. Анан ал антиптир анан бул минтиптир. Кепке кеп кошулуп, сөзгө сөз кошулуп отуруп Гаухардын кулагына да жетти бул сөз. Гаухар биринчи укканда жакасын кармана тообо кылды. Кирип барып сөзүнө жараша сөз айтсамбы деп барып кайра тартты. Абысыны сөздүн баркына жетпеген сөз жебестерден экенин жакшы билет да. Ошого теңелбейинчи актанып аткандай көрүнөм ага. Ач кулак, тынч кулак кудайга тапшырып тим койойунчу, бул күндөр да өтүп кетер деп ичин ит тыталаса да унчукпай, эч нерсе болбогондой жүрө берди.
Баш көтөрө албай ооруп өлүп кете турган кылып мазардын топурагына дем салдырып келген абысыны күн кечтешин күтүп бетынч боло берди бир күнү. Караңгы түшүп, көчөдө баскан эл сээлдеп калганда топурак түйүлгөн түйүнчөгүн кармай Гаухардын короосу тарапка жөнөдү. ,,Ит» деген дүпөйүл коркунуч эсине түшө топурактан бир сыгым алып, дарбазадан ичкери таруу чачкандай чачты.Анан бир аз кетенчиктей чыга беришке, анан дагы эшиктин ар жак, бер жагына чачып топурак түйүлгөн чүпүрөктү силкий кага баштаганда кандайдыр шамал жерди сапыра аны көздөй боз чаң бетине жабыла колундагы чүпүрөк колунан жулунуп мойнуна ороло муунуп баратты. Шамалдын эпкини кандай болду көз ачып жумганча аны учуруп келип өзүнүн дарбазасына кептеп койду. Шамалдан жумган көзүн ачып эмне болуп кеткенине акылы жете бербей турганда маңдайында көк жал бөрүдөй иттин турганын көрүп шашыла,
— Чып, тур кет, — деди калтырай.
Ит жөн гана көздөн кайым болгондо гана жүрөгү,,шуу» дей үйгө шашты. Бирок, эч кимге айтпады.
Эртеси чайга отурганда күйөөсү,
— Сага эмне болду?,-деди чоочуй таң кала карап.
— Жакшы уктай албадым,- куйулуп кеткен шилекейин арчып камырабай.
— Оозуң жакшы эле кыйшайып калыптыр.
— Койчу, айтам оозум эмне эле болуп жатат деп.
Ордунан тура ичкериде күзгүгө көрүнгөнү кирип кетти. Бир топтон кийин өңүнөн кетип, ,,ушул өлүгүңдү көрөйүндүн айынан болорубузча боло турган болдук.»деп жана башка сөздөрдү булдуруктап күйөөсүнүн эңсесин катырды. ,, Болду болбоду буга да бир деке болгон. Катылганыбызды соо койбой жатат. Чындап эле дубасы күчтүү окшойт»деп ойлоно тымпыйды. Тообо кылайын деген ой болгон жок. Дагы эле Гаухар күнөөлү
Ала шалбырт жаз да келип, анча- мынча жерден көк баш багып калган мезгилде Сахалинден келген Баатыр кайра кетип, өзү айткандай издештирип,сураштырып бир дарегин билгендей болот Гаухардын баласы жөнүндө.Элчиликке чейин жетип, алардын катуу аракеттеринин натыйжасында Таштандын дареги чыгат. Фермер иштетип жүрүп документиң жоголду деп, ал киши өтүп кетип разил балдарынын колунда калган Таштан жанын уучтап иштеп жүрө берген. Мыйзам жолу менен элчилик куткарып эмгек акысын да өндүрүп беришип аны тастыктаган убактылуу документ менен үйүнө жиберишет. Гаухарга эрте кабар бергенди эп көрбөй баласы жеткенде билсин деп билгендер унчуга беришпеди. Ошко жеткениңде байланышкын деп катуу эскерткен Баатыр Таштандын звоногун күтүп жаткан. Жашы бир топ кичине болсо да ак караны аксакалдай иргеген Баатырдын өтүнүчүн жерде калтырбай телефонун колуна алган Таштан өз мекенинин абасына тойбой кере- кере дем ала,
— Алоо, ассалому алейкум баатырдын Баатыры. Кыргызстандан салам. Ооба, бутум кыргыз жерин басып, абасынан дем алып турганыма дале ишенбегендей, бул түш эмес чындык экенине жетине албай турам. Сага рахмат, өмүрүм өткүчө жакшылыгыңды унутпаймын. Эми мекенимден бир карыч да жылбайм. Болуптур батыраак ата-энем койнуна жетейин. Байланышып турабыз. Албетте, сенин ата- энеңе жолугам,- деп кубанычын чеги жок Таштан таксиге отурду.
Таштан менен сүйлөшүп бүтүп эле Баатыр ата- энесине телефон чалып,
— Апа, кандайсыз жакшысызбы? Жакшымын, баары сиз айткандай болду. Таштан азыр Ошто. Менимче, үйүнө жол алды. Сиз апасына барып, сүйүнчүлөп туруңуз, жетип барып калат. Мен да элчиликке айтып койойун үйүнө жетти деп. Дагы сүйлөшөбүз апа, жаңылыктарды айтасыз ээ.
Адатынча жол кароодон чарчабаган Гаухар көчөдө турган.
— Кандайсыз,- деп бир келин келип кол узатып, жылмайып,- сүйүнчү эже,- дегенде гана түзүктөп караган Гаухар,
-Аа, сен белең. Сүйүнчү сенден айлансын,- деди жүзүндө үмүттүү жылмайуу пайда боло.
— Уулуңуз келе жатат.
— А. Оозуңа май,чын айтасыңбы?
Келинди бекем кучактай,анан дагы көзүнө тике карап не айтарын билбей калчылдап калган Гаухарды,
— Эже, туура айтам. Балам азыр эле телефон чалды жетти Ошко деп.
Биротоло болбой калчылдап калган Гаухарды ийинден кучактай,
— Жүрүңүз үйгө бир аз тынчтанып алыңыз. Өзүңүздү бекем кармаңыз. Балаңыз сопсоо келе жатпайбы.
— Кудайыма шүгүр, кудайыма шүгүр,- деп башка сөз оозуна келбеген Гаухар чындап эле ордунан жыла албай туруп калган. Жүрөгү көөдөнүнө батпай дарсылдап жаткан.
Суу ичирип, буту колун ушалап, чач жолугун оңдоп атты тиги келин. Гаухар бир аз өзүнө келе,
-Ак жолтой болдуң, баш-аяк сарпай суйунчуңө- деди эми ыйлай баштап.
-Насип кылсын эже. Тойлорду кылыңыз, балаңыздын жакшылыктарын көрүңүз. Эми өзүңүздү кармаңыз жаман болуп кеттиңиз, коркуп да кеттим.
— Ооба, ананайын балаңдын да өмүрү узун болсун.
Ары жеңил,ары жылуу көз жашы тыйылбады Гаухардын. Кубанычтын көз жашы. Канча азап- тозокту, санаа- сарсанааларды жууп жаткан көз жаш эле. Ары-бери өткөн кошуналар булардын абалын көрүп, баш багып, кол берип көрүшө,
— Тынчылык элеби?- деп тиги келинге суроолуу карады карашты.
— Ооба, эженин баласы келе жатат. Ошого сүйүнүп турган чагыбыз.
— О, кудай ай, бул буркурап эле ыйлап жатса… Жакшы болуптур. Азыр мен балдарды жакындарына жөнөтөйүн, — деп айылдын ак байбичелеринин бири болгон Толгон эне үйүнө шашты. Байбиче,
— Бул шордуунун да жонуна күн тийе турган болуптур, кудай колдосун,- деп алкап баратты. Уккан кулак калбады. Учурашканы да кантип калган деп кызыкканы да келип кетип жатышты. Айыл дуу дей түшүп, бири бирди, экинчиси экини кылып, элден айланса болот. Ортодо бир жандык сойулуп Таштандын башы көзүнөн садага кылышты. Кубанычы койнуна батпаган Гаухар өспүрүм кезинде кетип, чоң киши болуп калган баласын улам караган сайын көз жашы карегине толуп, жылмайып жең учу менен аарчый толкунданып жүрдү. Башынан өткөргөн сар саналуу күндөрү асманга учту да кетти. Көөдөнү кубанычка толо, телегейи тегиз боло түшкөн.
Баласына атасын угузушканда гана бир жаман болуп алды.
Мындан ары корооңузда тойлор гана болсун деген каалоо тилектерди айтышып келгендер таркай башташканда кубанычтын күбөсү болгон күн да алтын нурун чачып уясына жол алган эле.
— Келчи балам боорума, сагынчым тарабай жатат.
Гаухар баласынын мойнуна артылып, мээрими толуп ташып, бала жытына тойбой жатты. Бир убакта Таштан күлүп,
— Апа, мен тиякка өтүп келейин. Эл менен болуп эле.
— А, барагой анан ичкери кир. Эс ал балам- деди узата карап.
Анан көргөн көзүнөн ишене бербей жакасын кармады.
— Тобоо, арбай казыр болот деген туура окшойт. Баратышын- деди жакасын карманган боюнча.
Анткени ага жалгыздыкта эш болгон Гаухарга билимсиз аны корголоп жүргөн баякы ит баласынын жанында бараткан эле.
— Оо жараткан жакшылыктарың аяба. Ушинтип жандап,колдоп жүрө берсин. Баламды кайтарганың чын болсун. Өмүрүн бер,- деп батаа кыла ичкери бурулду.
Соңу:
Мына ушундай окурманым, бул бир пенденин таржымалы. Бул оош-кыйыш жашоодо мындай тагдырлар аз эмес. Муну мага Таштандын аш- тойлорунда болуп, жакшылыктарын көргөн жакшы инсан айтып берген эле.
Дайыма ден соолукта болуп, аман болгула окурмандар!











