АЯЛДЫН ДЕНЕСИ ТУУРАЛУУ 8 ФАКТ

https://kyrgyzcha.site/?p=102955&preview=true Пайдалуу кеңештер.

АЯЛДЫН ДЕНЕСИ ТУУРАЛУУ 8 ФАКТ

Анан дагы ичтери күйүп жүрбөсүн…

Баарыбыз эле, аялдын денесинин чыдамкайлуулугун билебиз. Эмгекчилдиги менен эркинин күчтүүлүгүнөн баштап майда нерселерди эстеп калмай жөндөмдүүлүгүн эске алсак, алардын ар биринин уникалдуулугунан шек саноого акыбыз жок.

Бирок аялдын денеси тууралуу кээ бир фактылар, кээ бир айымдардын өздөрүн таң калтырышы мүмкүн.

Мисалга алсак, аялдар эркектерге караганда узагыраак жашоорун билчү белеңиз? Же, аял менен эркектин мээлеринин көлөмү эки башка экенин? Деги анын баары эмнени билдирет?

Бул жерге, сиз балким билбеген, аялдын денеси тууралуу 8 фактты чогулттук. Окуңуз, таң калыңыз жана жаңы бир нерсе билип алыңыз!

1. Аялдын жана эркектин мээсинин иштеши эки башка

Пенсильвания университетинин изилдөөсүн карасак, аялдын мээсинин негизги нейрондук массиви оң жана сол жарым шарларды байланыштырып турат. Ал эми эркектики болсо, маңдайкы жана арткы бөлүктөрү бекем байланышкан.

Демек, эркектин мээси өздөштүрүү жана кыймыл аракетти координациялоосу жакшы болсо, аялдыкы — социалдык функция жана эс-тутум жакшы, бул болсо аларды бир убакта бир нече кыймылды кылганга мүмкүнчүлүк берет.

2. Аялдар эркектерге караганда узак жашашат

Бирдей кам көрүлгөн жаңы төрөлгөн эркек бала менен кыздын ортосунда, торолуп кетүү деңгээли эки башка болот — эркек балдар 10% убакта эрте чарчап калуу кокунучунда болот, — дейт Стивен Остад, Алабама университетинин биологу.

Кэтрин Сандберг, Джоржтаун университетинин профессору айтат: «Жүрөк-кан тамыр оорулары аялдарга караганда эркектерде көп кездешет. Гипертониянын пайда болуу мүмкүнчүлүгү да эркекте көбүрөөк болот. Ошондой эле, оорулардын өнүгүү ылдамдыгында да айырма бар».

3. Аялдар ар кайсы нерселерди башкача көрүшөт

Бруклин колледжинин профессору Израил Абрамовдун өткөргөн изилдөөсү көрсөткөндөй, бир эле түстү көрүү үчүн аялга караганда эркекке узунураак толкун керектелет.

Узунураак толкундар кызгылт түс менен байланышкан, ошондуктан, аял көргөн кызгылт сары түс (оранжевый) эркекке кызылыраак көрүнөт

Андан сырткары, аялдарга чөп жашылыраак көрүнөт, эркектер болсо жашыл түстөрдү сары оттенокто көрөт.

4. Окситоциндин тийгизген таасири эркек менен аял үчүн айырмаланат

«Сүйүү гормону» катары белгилүү болгон окситоцин эркекке караганда аялга башкача таасир берет.

Окситоцин күчтүү гормон, мээге нейротрансмиттер катары таасир берет, бул аял үчүн өтө маанилүү, себеби анда энелик инстинкт бар жана жаңы төрөлгөн ымыркай менен байланыш түзүүдө жардамга келет.

Ошондой эле төрөттөн кийин жатындын тартылышына өбөлгө түзөт жана организмди калыпка келтирет.

5. Аял менен эркектин мээсинин көлөмү айырмаланат

Башында психолог Стюарт Ричи турган Эдинбург университетинин изилдөөчүлөрү, аялдын мээ кыртышы (аң-сезимге жооп берген сырткы катмар) эркектикине караганда орточо эсеп менен чоңураак болоорун аныкташты.

Башка жагынан карасак, эркектин мээси аялдыкынан чоңураак. Бирок изилдөөчүлөр конкреттүү көрсөткүчтөрдү салыштырганды, эркектерде болгону 14 областы чоңураак болгонун, ал эми 10 областта аялдар лидерликти бербеси белгилүү болду.

6. Аялдар бат мас болушат

Италиянын Триест шаарындагы Медициналык университетинин изилдөөчүлөрү, аялдардын курсак майы эркектикине караганда дегидрогеназды — алкоголду кыйратуучу ферментти аз бөлүп чыгаарын аныкташты.

Ошондуктан аялдар эркекке караганда батыраак мас болушат.

7. Моюндун оорусу менен аялдар көбүрөөк жабыркашат

Лайола Медициналык борборунун докторлору Меда Рагхавендра жана Джозеф Хольтмандын өткөргөн изилдөөлөрү, аялдар эркекке караганда моюн оорусу менен көбүрөөк жабыркаарын аныкташты. Оору көбүнчө адам туруп турганда жана башы менен көп кыймылдаганда пайда болот.

8. Уйкусуздук менен аялдар көбүрөөк жабыркашат

Австралиянын SleepGP изилдөө борборунун изилдөөчүлөрү, күндүзгү уйку менен байланыштуу бузулуу аялдарда көбүрөөк байкалаарын далилдешти (аялдарда 49%, эркектерде 36,9%)

Ошондой эле, катуу чарчоо же депрессияга,концентрация жана эс тутум менен көйгөйгө көбүнчө аялдар кабылышат жана түнкүсүн уктай албай кыйналышат.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️