Эл кураны айланып өтүп карап бирде ишенип, бирде ишенбей секинден экиге бөлүнө баштады. Бир бөлүгү учат дейт, анда экинчиси уча албайт деп талашат. Куранын учканына ишенгендер көбүнчө башка гүзөрдөгүлөрдөн чогулду. Балким, алар Осмондун мурунку jоруктарын билбегендигинендир? Бирок алардын билбегени кийинчерээк кыраакылык болуп чыкты: кура акырындап жерден бөлүнүп бийиктей баштады. Чыгыш тараптан келген шамал аны алыстатып алып жөнөдү. Эл дуу дей түштү. Эми башкаларга кошулуп биздин гүзөрдөгүлөр да кол чаап жиберди: мүмкүн, бул алардын Осмондун кылыктарын кечиргенинин белгисидир? Бирок тигил аларды кечирдиби — белгисиз.
***
Карыя Осмон учуп кетти. Ал чындап эле жылдыздардын бирине жетип, ал жактан туугандарын таап алдыбы же абадан курасы жарылып, өзү тоонун аркасына барып талкаландыбы — аны эч ким билбейт. Бирок асманга көз чаптырып калганымда жайнаган жылдыздардын арасында карыя Осмон жүргөнсүйт. Балким, ал чын эле ошол жакта жүргөндүр. Эгер андай болсо, мен ишенем: анын жылдыздагы туугандары Осмондун илегилек менен сүйлөшкөнүн жиндилик катары эмес, жөн эле ар бир тирүү жанга тиешелүү ой жүгүртүү деп билет. Демек, Осмон өз тилегине жетти. Акырында айта кете турган нерсе: ушинтип менин жылдыздарды карап кыялданып жүргөнүмдү көрүп, гүзөрдөгүлөр акыркы убакта мени шек менен карай турган болду. Эмнеге болду экен?
Шерали түнү менен уктай албай чыкты. Бир маалда эмнегедир ойгонуп кетсе, эшикте иттер арылдап үрүп жатыптыр. Шерали караңгыда парданын ачык жеринен төгүлүп турган айдын нурун пайдаланып саатты карады: зорго эки болуптур. Ичинен күбүрөнүп алып ал кайрадан уктамак болду, бирок ооналактап жатып, кыйналганына карабастан көз жума албай койду. Бир маалда иттер улуганга өттү. Жакшылыкка мес. Жакшылыкка мес, каргыш тийгирдики! Дагы мине балакет болуп кетти? Шерали кыжырланып эшикке чыкты. Көпкө жерди сыйпалап отуруп кичинекей бир ташты колуна алды да, аны иттерди көздөй ыргытты. Иттер чачыранды качып короолоруна кирип жоголду. Жоо келсе ыргытаарга таш да таппай каласың го?..Шерали
пешайванга келип отурду, качандыр бир калтырып койгон тамекинин калдыгын көрүп аны тутандырды. Уйку биротоло калды, ал түздөнүп жайыраак отуруп, колундагы тамекини шашпай тамшанып чегип жатты. Кошуналардын короолорунан иттердин улуганы кайрадан угулду. Жанагылар. Ар бири өз короосуна кирип улуп атат. Булар минеге ле мынча какшанат? Күндүз гүзөрдүн катындары чыркырап бири бири менен урушат, түнкүсүн алардын иттери тынчыңы койбойт. Аялдардын
чатактарын eстегенде анын деми кыстыгып кетчи. Дүйнөдөгү катындардын баары чогулгансып ызы-чуу салат. Булардын деги тынчы жок экен да… Тилдеринин ачуусун
кантесиң!
Шерали биринин артынан бирин дембедем тамекиден соруп жиберди. Дегеле тынчтык жок экен да! Короонун бүт тарабы жабык, анда иттер каягынан кирди? Ооз жак ачык, бирок бир да ит аякка качкан жок. Акимбайдын го ити жок. Анын үстүнө ал өз жагын дубал менен тороп алган. Кайсы байлыгын бекитип атты болду кен? Өзү арабакеч болсо… Кээде мактанып калат: «Уулум шаарда чоң кызматта иштейт», — деп. Мейли, иштесе иштей берсин, мага мине кен? Чоро болсо жаңы көчүп келген эле жылы дубал тургузган. Ага деле мейли, мине болсо да мага ле жакшы болду, эшигимди короолойм деп отурбайм. Бирок наркы көчөдөгүлөр да өздөрүнө дубал тургузуп алганда, анын короосу бир аз тарый түшкөнсүдү. Эми көчө жак гана калды. Бирок Шерали дарбазаны жаман көрчү. Эмнеге экенин өзү да билбейт, балким, короосун ачык коюу эски Музтөрдөн калгандыр. Ал жакта үйүн короолойт деген дегеле жок болчу. Суу агызганы эле арык казылбаса эшиктин алдын туш тарабынан шамал аралап турчу. Жагжайтып ачып салган короодон ким кааласа күрөгүн болобу, кетменин болобу алып кетип, иштетип бүткөндөн кийин кайра жеткирип ордуна таштап койчу. Эми эле үйдөн бир нерсе чыкса, ошол бойдон дайынсыз жоголот. Бирок ошентсе да Шерали бары-бир дарбаза тургузбай койду. Атайлап. Элдин бүт дарбазалары бар: бириники бийик, бириники пасыраак. Жада калса, тигил аракеч Калмурзаныкы да бар. Жакында тээ көчөнүн башында жашаган Осмон жинди да дарбаза орнотуп алды: кимдир бирөө анын эшигиндеги талды кыйып кетиптир. Чыр-чатак менен тургузду дарбазасын. Бирок Шералинин дарбаза тургузгусу келбейт. Ал дарбазалар жакшы дечи, үйүнө да көрк кошот, бирок анын баары-бир короолонгусу келбейт. Камактагыдай болбой. Кээде көчөнү бойлоп калсаң өзүнчө эле бир ажайыпканадагыдай. Тигинде бийик көк дарбаза, андан нары
жашыл менен боёлгон, жыгачтан кооздолуп оюлган жапызыраак дарбаза. Бирөө эндүү, бирөө каалгасы кошо жасалган кызгылт, бирөөндө гүл тартылган. Бирок
Шералинин баары-бир дарбаза орноткусу келбейт. Орнотсо деле болмок, кудага шүгүр, бекитээр деле байлыгы бар, бирок… Колу tызылдай түштү. Шерали түбүнө чейин күйүп бүтүп калган тамекисин ыргытып жиберди. Мейли, дагы көрө атаарбыз…
Шерали тамына кирип төшөгүнө келип жатты. Алыста күндүн күркүрөгөнү угулат. Ысык. Терезени ачып коёюн десе, аялы коркот: мурдагы түнү Жоробектин үйүнө ууру кириптир. Алар деле ушинтип жатышкан экен, бир маалда эле Жоробектин колун бирөө сыйпалайт имиш. Кечээ ал Чоронукунан капкан сурап кетиптир. Кызык, ал ууруга капкан салганы жүрөбү? Шерали уурунун капканга түшүп калганын элестетти. А-а, байкуш! Кимдикине ууруга кирээрди тапкан экенсиң. Жоробек эле болсо, анда ал сазайыңы берет. Шерали ооналактады — эч уйку жок. Мурун деле ысык күндөр болуп жүрчү мес беле, анда кантип уктадым экен? Же бу карылыктын белгисиби? Минеге ле чалдар уктабай жүрө берет десе… Кырк төрт жаш, көп деле мес го. Эмитен минтсем, кийин мине болом? Оорудум десем, сoo элемин. Анда мине мени мынча туйлатат? Же мен атам айтчу ит маалына келип калдымбы? Шерали илгери атасынан уккан бир кепти эстей койду.
Уландысы бар…










