Бейиш жана Тозок (Жаннат жана Жаханнам)

https://kyrgyzcha.site/?p=102630&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Бейиш жана Тозок (Жаннат🌹жана Жаханнам🔥)

Бейиш жана Тозок азыр да бар. Бейиш жети кат асмандын үстүндө. Тозок болсо бардык болмуштун астында. Сегиз Бейиш, жети Тозок бар. Бейиш жерден, күн жана асмандан да чоң. Ал эми Тозок күндөн да чөң.

Арасат аянты “мавкиф” жана “махшар” деп дагы аталат. Бул жер- де кабыр жашоосунан кийин адамдардын бардыгы жыйналып, суракка тартылат. Бул жердегилердин кандайча чакырыла тургандыгын Ислам аалымдары ар түрдүү сүрөттөгөн. Аллаху таала эң алгач адам өлтүргөндөрдү суракка тартат. Эң алгач эсептери кылына тургандар, со- оптору бериле турган кулдар – дүйнөдө ыйманы туура болгон сокурлар болот. Алардын сурагы жүрүп жатканда бир периште сокурлардын атынан: “Дүйнөдө көрүүдөн чектелгендер кайда?” — деп сурайт. Ага: “Алар Аллаху тааланын жамалын к¼р³³г¼ баарынан да к¼б³р¼¼к ылайыктуу”,

— деген жооп айтылат. Анан Аллаху таала аларга: “Оң жакка баргыла!”- дейт. Алар үчүн бир туу байланып, Шуайб алейхиссаламдын колуна бери- лет. Шуайб (алейхиссалам) аларга имам болот. Алардын алдына санын Аллаху тааладан башка эч ким билбеген өтө көп нурдуу периштелер келишет. Булар Сыраттан тез эле өтүп кетишет. Сабырда жана жумшак мүнөздүүлүктө алар сахаба Абдуллах ибни Аббас (радиаллаху анх) сы- яктуу болушат.

Андан соң: “Кыйынчылыктарга сабыр кылгандар кайда?” — деп сура- лат. Өтө катуу жана жугуштуу оорулар менен сыналган пенделер май- данга алып келинет. Аллаху таала аларга салам берет. Аларга да: “Оң жакка баргыла!” — деп айтат. Алар үчүн да жашыл туу байланат. Аларга имам болгон Аййуб (алейхиссалам) Пайгамбарга берилет. Сахабалардан Укайл бин Аби Талиб (радиаллаху анх) жана ага окшогондор ошол топто болушат.

Андан соң: “Ислам душмандарынын жалгандарына, жалааларына алданбай, ахли с³нн¼т ишенимине бекем карманган жана ошол туура ыйманын кемел даражасында сактап калган ыймандуу, ар-намыстуу жаштар кайда?” — деп суралат. Бир топ киши алып келинет. Аларга да Аллаху таала салам берип, илтифат (илтифат — жакшылык кылып көңүлүн көтөрүү) кылат жана: “О¾ жакка баргыла!” — дейт. Алар үчүн даярдалган туу Юсуф алейхиссаламга берилип, аларга имам болот. Ал жаштардын өзгөчөлүктөрү – харамдардан качып, чоочун аялдарды кара- багандыктары. Рашид бин Сулейман (рахимахуллах) жана үммөт ичин- деги ал сыяктуу адамдар ошол топто болушат.

Андан соң: “Аллаху таала ³ч³н бири-бирин с³йг¼нд¼р, мусулмандар- ды с³йг¼нд¼р жана капырлар менен муртаддарды с³йб¼г¼нд¼р кайда?”- деп суралат. Алар да Аллаху тааланын алдына алып келинет. Алар да оң жакка жиберилет. Аллаху тааланын душмандарын сүйбөй тургандардын сыпаты сабырдуулук жана мээримдүүлүк. Алар дүнүйөлүк себептерге байланыштуу мусулмандарга эч кандай жамандык кылышпайт. Хазрети Али (радиаллаху анх) жана бул үммөттөн ага окшогондор ушул топко кирет.

“Аллаху тааладан коркуп, харам иш кылбагандар жана ыйлагандар кайда?” — деп суралат. Алардын көз жашы шейиттердин каны жана аа- лымдардын сыясы менен бирге таразага тартылат. Көз жашы оор келет. Алардын да оң жакка баруулары буйрук кылынат. Алар үчүн түрдүү түстө туу байланат. Анткени, алар ар түрдүү харам иш кылгандардын арасында жүргөндө да: “Аллах ырайымдуу, ал кечирет”, — деген ал- доолорго берилбей, харамдарга колун тийгизбеген адамдар эле. Алар түрдүү күнөөлөрдөн сактанып, Аллаху тааладан коркуп, көз жаштарын төгүшчү. Алардын туусу Нух алейхиссаламга берилет. Аалымдар алар- дын алдынан өтүүнү каалашат. “Аларга Аллах ³ч³н ыйлоо керектигин биз айттык”, — дешет. Бир үн: “Эй, Нух, ошол жерде токто!” — дейт. Нух алейхиссалам токтойт. Жамаат да аны менен бирге токтойт.

Ахли сүннөт алымдарынын сыясы менен шейиттердин каны таразага тартылат. Аалымдардын сыясы оор келип, алар оң жакка өтүшөт. Шейиттер үчүн да сары туу берилет. Ал Яхйа алейхиссаламдын колуна берилет. Алардын алдында Яхйа алейхиссалам жүрөт. Аалымдар алдына өтүүнү каалашат. Алар мындай дейт: “Шейиттер биздин илимибизди ³йр¼н³п согушка катышкан. Биз алардан алга ж³р³³г¼ ылайыкпыз”, — деп айты- шат. Аллаху таала: “Аалымдар менин алдымда Пайгамбарым сыяк- туу” — деп айтат. Аалымдарга: “Каалаган адамдарга шапаат кылгы- ла”, — дейт. Аалымдар балдарына, кошуналарына, мусулман досторуна, жолундагы шакирттерине шапаат кылышат.

Аалымдардын ар бири үчүн бир периште чакырылат. Периште адам- дарга айтат: “Баланча аалымга Аллаху таала шапаат кылууну буюрду. Ким анын бир кажетин орундаган болсо, же бир жутум суу берген, китептерин тараткан болсо, аларга шапаат кылат”. Ошол аалымга дүйнөдө жакшылык кылган, китептерин тараткан адамдар орундарынан турушат. Аалым ошол кишилерге шапаат кылат.

Хадиси шарифте эң алгач шапаат кыла тургандар – расулдар, андан кийин набилер, андан кийин аалымдар экендиги билдирилет. Аалымдар үчүн ак туу байланат. Ибрахим алейхиссаламга берилет. Ибрахим алей- хиссалам жашыруун илимдерди жарыкка чыгаруу жагынан Расулдар- дын ичиндеги эң улуусу. Ошондуктан, туу ага берилет.

Андан кийин: “Нафакасын терип жеш ³ч³н эмгектенип, тер т¼кк¼н, тапканына канаат кылган кедейлер кайда? — деп суралат. Аллаху таала аларды чакырып, саламдашат. “Кош келди¾ер! Эй, д³йн¼ ¼зд¼р³н¼ зындан болгон адамдар”, — дейт. Алар да Бейишке жиберилет. Алар үчүн да бир сары туу байланып, Иса алейхиссаламга берилет. Иса алейхиссалам аларга имам болот.

Андан соң: “Байлар, б.а., ш³к³р кылган, мал-м³лк³н, акчасын динди кубаттандырууга, мусулмандарды заалымдардан коргоого жумшаган байлар кайда?” — деп суралат. Аллаху таала берген байлыктарынын эсебин беш жүз жыл сурайт. Алар үчүн түрдүү түстүү туу алып келинет. Аларга Сулейман алейхиссалам имам болот. Алар да Бейишке барышат.

Чоң күнөө кылган адамдардын жүрөгүндө ыйман бар болсо, азабын тартып бүтүп, анан шапаатка жетишет. Аллаху таала аларга ырайым кы- лып, миңдеген жылдардан кийин аларды Тозоктон чыгарат. Тозоктогу- лордун терилери күйүп бүткөндөн кийин кайрадан жаратылат.

Кыямат күнү бир мусулман келет. Анын энчисинде эч кандай кылган жакшылыгы болбойт. Аллаху таала анын ыйманынын урматына ырай- ымы менен ага айтат: “Адамдарга бар, сага жакшылыгын жана сообун бере турган адам изде. Ошол аркылуу сен Бейишке киресиң”. Ал адамдардын арасына кирет. Адамдар арасына кирип дартына чара боло турган адамды издейт. Кимге айтса да: “Менин дагы жакшылыктарым жетпей калат деп корком. Мен соопко сенден дагы муктажмын”, — дейт. Ал таарынып кетип калат. Андан кийин жанына бир адам келип: “Эмне каалайсы¾?” — деп сурайт. Баягы киши: “Мага сооп керек. Канча адам- дан сурадым, бардыгы бир шылтоо айтат”,. — дейт. Ошондо жанагы киши: “Мен Аллаху тааланын алдына бардым. Менин амал дептеримде болгону бир гана сооп бар экен. Ал дагы мени куткарууга жетпейт. Ошо- ну сага берейин”, — деп айтат. Ал кубанып, ыраазы болуп, таразанын ба- шына келет. Аллаху таала ал пендесин абалын билип турса да: “Кандай келдиң?” — деп сурайт. Ал болгон окуяны айтып берет. Өзүнүн сообун берген адамга Аллаху таала🌹 “Ыймандууларга Менин жоомарттыгым, сенин жоомартыгыңан, жакшылыгыңан алда канча көп. Досуңдун колунан карма, Бейишке киргиле”, — деп айтат.

Таразанын эки тарабы да тең болуп калса, Аллаху таала айтат: “Бул кул Бейиште да эмес Тозокто да эмес”. Ошол кезде бир периште тара- занын күнөө жагына бир барак алып келип коёт. Ал баракта “уф” деген сөз жазылган болуп, ошол тарап оор басып кетет. Анткени, “уф” деген сөз ата-энеге каршылыкты билдире турган сөз. Ал кишинин Тозокко ыр- гытылуусу буйрулат. Ал адам эки жагына карап турат. Аллаху тааланын чакыруусун каалайт. Аллаху таала аны чакырат. “Эй, күнөөкөр кул! Менин чакыруумду эмне үчүн кааладың?” — деп сурайт. “Эй, Раббим! Ата-энемге каршы чыкканым ³ч³н Тозокко бара жатамын. Алардын азабын мага кошуп бер, аларды Тозоктон куткар”, — дейт. Аллаху таала айтат: “Ата-энеңе дүйнөдө каршы чыктың. Акыретте сыйладың. Алар- дын колунан карма, чоогу Бейишке киргиле”, — деп айтат.

Бейишке жиберилбегендерди периштелер кармайт. Анткени, периш- телер акырет өкүмдөрүн өтө жакшы билишет. Ал эми, акыреттен насиби жок элге алардын Тозок отуну экендиктери айтылат. Алар Тозокту тол- туруу үчүн жаратылган. Аллаху таала “Саффат” сүрөсүнүн 24-аятында: “Аларды токтоткула! Алардан сурак суралат”, — дейт. Алар ошол жерде туткунда калышат. “Саффат” сүрөсүнүн 25-аятында билдирилгендей: “Силерге эмне болду, бири-бириңерге жардам кылбайсыңарбы”, — деп айтылганга чейин кармалып турушат. Алар күнөөлөрүн моюндары- на алышат. Бардыгы Тозокко жиберилет. Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнүн чоң күнөө кылгандары да ушинтип алып келинип, кары, жаш, аял, эркек баары бир жерге жыйналышат. Тозоктун күзөтчүсү Ма- лик: “Силер жаман топтонсу¾ар. Бирок, колдору¾ар байланган эмес. Ж³з³¾¼р карайган эмес. Тозокко киргендердин арасында силерден ¼тк¼н сулуу эч ким жок”, — деп айтат. Алар: “Эй, Малик! Биз Мухаммед алей- хиссаламдын ³мм¼т³б³з. Бирок, кылган к³н¼¼л¼р³б³з бизди Тозокко алып келди. Бизди койо бер, кылмыштарыбызга ыйлайлы”, — дешет. Ма- лик аларга: “Ыйлагыла! Бирок, эми ыйлаганы¾ардын эч кандай пайдасы жок”, — деп айтат. Алардын бардыгы харамга баткан өмүрлөрүнө өкүнүп ыйлашат.

Аллаху таала: “Эй, Малик! Буларды биринчи Тозокко жибер”, — деген буйрук келет. Тозок аларды ичине алайын дегенде алар: “Лаа илаха иллаллах”, — деп кыйкырышат. Тозок бул сөздү укканда беш жүз жылдык алыска качат. (Бир нерсенин көптүгүн билдирүү үчүн чоң сандар менен сыпаттоону Арабстанда адат экендиги Ибни Аби- диндин “Радд-уль-мухтар” китеби “ал-хазар вал ибаха” бөлүмүндө жазылган. Б.а., диний адабияттардагы сандар анык өлчөмдөрдү эмес, көптүктү билдирет.) Дагы бир үн угулат: “Эй, Тозок! Буларды ал! Эй, Малик! Буларды биринчи кезекте Тозокко ташта!”. Ошол кезде күндүн күркүрөгөнүндөй бир добуш чыгат. Тозок аларды жүрөгүн өрттөмөкчү болгондо Малик ага кедерги болуп: “Эй, Тозок! Ичинде Курани карим бар, ыймандын мекени болгон ж³р¼кт³ к³йг³зб¼! Рахман болгон Аллахка сажда кылган ма¾дайды к³йг³зб¼!”- деп айтат. Ошол бойдон бул коом Тозокко ташталат. Ошол кезде Тозоктон бир адамдын башкалардан да катуураак үн менен кыйкырып ыйлаганы угулат. Аны Тозоктон чыгарат. Анын териси эле күйүп үлгүргөн бо- лот. Аллаху таала ага: “Сага эмне болду? Эң көп кыйкырып ыйла- ган сенсиң?” — деп сурайт. Ал: “Эй, Раббим! Мени эсепке тартты¾. Сенин ырайымы¾ан алиге чейин ³м³т ³зг¼н жокмун. Сенин мени уга тургандыгы¾ды билем. Ошондуктан, кыйкырып ыйладым”, — деп ай- тат. Алаху таала: “Кимде-ким Аллаху тааланын ырайымынан үмүтүн үзсө ал адашкан адам”, — деген маанидеги “Хижр” сүрөсүнүн 56-ая- тын көрсөтүп: “Бар, сени кечирдим”, — дейт.

Акыреттин таң калардык жагдайы – ар бир адамды Аллаху таала эсепке тартат. Ар бир адамдын сооптору менен күнөөлөрү тартылат…………………………………………………………..

Ал жерде кээ бир адамдар кээ бирөөлөрдү көрбөйт. Бири экинчиси- нин сөзүн укпайт. Балким, ар бири Жараткандын пардалары астында болоор. Кандай чоң кудурет! “Лукман” сүрөсүнүн 28-аятында: “Силер- дин дүйнө жана акыретте жаратылууңар бир дем алгандай убакытта жүзөгө ашат”, — деп айтылат. Аллаху тааланын бул сөзүндө сырлар бар, бул – мекенсиздик жана убакытсыздык сыры. Анткени, Аллаху тааланын иштеринде чек менен кедерги жок. Аракеттеринин эч бири башка иштер- ди жасоосуна кедерги боло албайт.

Ал кезде адам өзүнүн баласына: “Эй, балам! Мен сени кийинттим, жедирдим, ичирдим. Сага динди, ыйманды ³йр¼тт³м. Сени Куран окутуп ³йр¼т³³ч³ устазга бердим. Бирок, кыяматтын азабын к¼р³п турасы¾. К³н¼¼мд³н к¼п экенин да билеси¾. Ошонун биразын сен ж³кт¼н. К³н¼¼м азайсын. Мага бир сооп бер. Сообум оор бассын”, — деп айтат. Баласы андан качып: “Ошол бир соопко мен сенден дагы к¼б³р¼¼к муктаж болуп турам”, — деп айтат.

Ушундайча, бала менен эненин арасында, эрди-катындардын арасында ошол сыяктуу ангемелер болуп өтөт. Мына, Аллаху таала “Абаса” сүрөсүнүн 24-аяты аркылуу ошону кабарлайт: “Ал күндө адам бир туу- ганынан, эне өз баласынан качат”.

Хадиси шарифте: “Адамдар кыямат күнү жылаңач бойдон жыйналышат”, — деп билдирилген. Айша энебиз муну угуп: “Алар бири-бирине карашпайбы? — деп сурайт. Пайгамбарыбыз: “Ал күнү бардык адамдын жагдайы оор, ар ким бир гана өзү менен алек болот”, — деген маанидеги “Абаса” сүрөсүнүн 37-аятын окуду.

Адамдар бул кезде бир жерге жыйналышат. Алардын үстүнө бир кара булут келет. Ал булут адамдардын үстүнө амал дептерлерин жаадырат. Барактар учуп түшөт. Барактар адамдардын оң же сол жагына түшөт. Бул адамдын каалоосу менен болбойт. Аллаху таала “Исра” сүрөсүнүн 13-аятында: “Кыямат күнү анын китебин ачык түрдө жиберебиз”, — деп билдирет.

Кээ бир мусулмандар кыйын эсепке тартылбастан эле Бейишке ки- рет. Аларга тараза курулбайт. Алар дептерлерин алышпайт. Аларга бериле турган барактарга “Лаа илааха иллаллах, Мухаммадун ра- сулуллах. Бул баланчанын уулу баланчанын Бейишке кире тур- гандыгына күбөлүк”, — деп жазылган болот. Бир кулдун күнөөлөрү кечирилсе, бир периште аны Арасат аянтына алып барат. “Бул баланчанын баласы баланча, Аллаху таала анын к³н¼¼л¼р³н кечирди. Эми ал шаки (к³н¼¼к¼р) болбойт, саид (акырет бактылуусу) болуп, Бейиш- ке кирет”, — деп айтат. Ошол кезде адамга бул кабардан да сүйүнүчтүү башка кабар болбойт.

Кыямат күнү Расулдар минбарлардын үстүндө болушат. Ар бир Расулдун минбары өзүнүн даражасына байланыштуу болот. Ахли сүннөт иненимин карманган жана амалдарды орундаган аалымдар нурдан жасалган орундарда болушат. Аллаху тааланын динин коргоо жана таратуу үчүн шейит болгондор менен салихтер, б.а., Ислам ди- нине моюн сунган адамдар, Курани каримди урмат менен тажвидге ылайык окуган каарылар, азанды сүннөткө ылайык окуган азанчылар жыпар жыттуу жерлерде болушат. Исламдын өкүмдөрүнө моюн су- нуп, жакшы амалдарды кылгандыктары үчүн аларга Адам алейхисса- ламдан баштап пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламга чейин кел- ген бардык пайгамбарлардан кийин шапаат кылууга уруксат берилет.

Хадиси шарифте: “Курани карим Кыямат күнү жылуу жүздүү, көркөм мүнөздүү адам сүрөтүндө келет. Андан шапаат кылуу су- ралат. Ал шапат кылат. Өзүн музыкалык аспаптар менен окуп, көңүл ачуу максатында жана акча табуу үчүн окугандардын үстүнөн арызданат. Андай адамдардан өз акысын талап кылат. Ыраазы болгон адамдарды Бейишке алып кирет”, — деп билдирил- ген. Ал эми, дүйнө (б.а., кулчулук кылууга тоскоол болгон, харам иш-

терди кылууга себеп болгон нерселер жана адамдар) болсо картаң, ак чачтуу, жийиркеничтүү аял сүрөтүндө көрүнөт. Адамдардан суралат: “Силер муну тааныйсы¾арбы?” Алар: “Биз андан тартынып, Аллаху таалага сыйынабыз”, — деп айтышат. “Силер ага жет³³ ³ч³н бири- бири¾ер менен урушуп, бири-бири¾ерди жек к¼рч³ эле¾ер”, — деп ай- тылат.

Жума күнү болсо сүйкүмдүү адам сүрөтүндө көрүнөт. Ыймандуулар ага суктанып карашат. Жума намазын окуган момундардын үстүндө нур болот. Баары ага карап таңданат. Жума күнүнө көрсөткөн урматтарына байланыштуу Бейишке жиберилет.

Мусулман бир тууганым! Аллаху тааланын ырайымдуулугуна, Ку- рани каримдин, Исламдын жоомарттыгына назар сал! Курани карим- дин жолундагылардын намаз, орозо, зекет, сабырдуулук жана көркөм мүнөздөн турган Исламдын канчалык кадырлуу экенин эсиңде тут.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️