Туюк суйуу. 8-бөлүм . АЯГЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=102674&preview=true Кызыктуу окуялар.

Туюк суйуу.

 

8-бөлүм

Кыз ыңтайын таап, китеп сурап барам деп, жигит болсо кызды ана-

мына киного чакырам деп жүрүп, батынгыча эки-үч айдай убакыт зуу

этип өтүп кетти. Кыштын апкыт-сапкыт алты күнү аяктап, мүйүз

аяздын мизи кайтып баратты.

Жыйналышта отуруп, бир күнү Сарпбек жатаканага кеч кайтты.

Бөлмөлөштөрү менен аркы-теркини кобурашып жатып сөз арасында

сегизинчи мартта жатаканада оюн-шоок уюштурганы жатышканын, ыр-

бий болорун айтып калды.

– Биз да чогуу-чаран барып койсок жакшы болот эле, – деди ал

беркилерден колдоо күтүп жаткандай.

– Майрам келе берсинчи, көрөбүз, – деп койду ыстарыста Макен көңүлү

ток кишидей.

Айт-буйт дегиче айткан күн да кирип келди. Досу Сарпбектин көңүлү

үчүн көз көрсөтүп койойун дегендей ойдо биздин жигит кечигибирээк

болсо да кечеге келди.

Жатакананын биринчи кабатындагы чакан залга бир топ эле эл чогулуп

калган экен, музыка ойноп, ортодочимирилип он чактыдай кыз-жигит

бийлеп жатат, калгандары алардын кызыгына батып, казганактап карап

турушат. Биздин жигит кызды издеп, көзүнүн кыйыгы менен элдин

ыдырын сыдыра карап чыкты. Руссону окуган кыз Сарпбек менен

бийлеп жаткан экен.

Бир оокумда баягы ирестаранда бийлеген эки кыз биздин жигитти көрө

сала, экөө эки колунан жетелеп, ортого тартып чыгышты.

– Өзүбүздүн валсты бийлейбиз, байке, – дешти экөө жарышкандай.

– Бийлесе бийлейли, – деди биздин жигит да тартынчыктабай.

Үчөө кудум ирестарандагыдай болуп бийлешти. Кыздардын бири

жигиттин колунан чыгып, өзүнчө эки-үч каалгып айланып келет да, беркисине кезек берет. Экинчиси да ушинтет. Үчөөнүн бийи баарына

башкача, жаңы чыккан бий болуп көрүнгөнсүдү. Ошентип, биздин

жигит эки кыздын жакшы эле жарпын жазгандай болду.

Бир кезде тыкылдаган комсорг кыз – оюнду ошо башкарып жаткан

окшойт – алаканын тарс-тарс чаап, элдин көңүлүн өзүнө буруп:

– Бийге биртке танапис жарыялайлы, эмки кезек – ыр кеседе, – деди да

оюндун эрежесин жарыялады. – Ар бир бөлмөдөн бирден жигит ырдайт.

Ыр кесени студкеңештин балдары баштап берди. Кезек андан ары

уланып, ар ким чыгып, алына жараша нөөмөтүн өткөрүп атышты.

Билгендери комуз чертти, дагы бирөөлөрү аккордеон тартты,

айрымдары чогуу ырдады, кээ бирлери ыр окуду. Таң-тамаша улана

берди айтору.

Бир кезекте ар жакта ыр кесе тийген бирөө өмүрү ырдаган эмесмин деп

кежектеп, ыргыштап калды. Анда уйча мөөрөп бер дешти, итче уулуп

бер дешти. Ага да болбой ынжыктай берди эле, кызып калган оюндун

кылоосун суутпайын дегенсип жаңкы тыкылдаган комсорг кыз кыйын

неме экен, сармерден айтышып жаткандан бетер:

– Сай боюнда тегир – мээн, тегирмен,

Тегирмени темирден.

Ырда-абаган балдардын, ай, балдардын,

Оозун чычкан кемирген, – деп шаңкылдап сала берди. Залда тургандар

дуулдап, күлүп калышты, кол чапкандар да болду. Комсорг кыз аңгыча

Сарпбекти алдыга тартып:

– Кезекти анда сиз улантасыз, – деди тыкылдап буйрук бере.

Сарпбек ырга жок эле. Ырдамак тургай мурдунан кыңылдай калганын

деле төрт жылдан бери бирге окуп, бир бөлмөдө жашап жүргөн

курсташтары угуп көргөн эмес.

Сарпбек ырдай албайм деп кыжыктангысы келип барып, анан тиги

шакылдаган шайтан комсорг кыз дагы бирдемени айтып шакабалап

жибербесин деп чочулап, жардам сурагандай жалдырай залдагыларга карады. Бөлмөлөш балдардан эч ким көрүнө бербеди, айласы куруп,

биздин жигитти ортого чакырды.

– Бир балээден куткар, байкебай, – деди Сарпбек айыбын сезгендей элге

угузбай акырын шыбырап. Өзү түшкөн орго мени түртөт деп биздин

жигиттин биртке ачуусу келе түштү. Бирок эми болбой калды, бу жерде

конкурс же сынак өтүп жатты беле, элчилеп эптеп бирдеме ырдамыш

этип койсо, этегин бирөө кесип калбайт. Бир азга ойлоно түшүп, анан

тамагын таптап, жеңил жөтөлүмүш этип алып, ырын баштады эле, үнү

кысылып чыкты.

– …Жолукканда салкын тартса ка-абагың…

Бул кадимки Рысбайдын жумурай журтка алынып, кеңири тарап кеткен

ыры эле. Биздин жигит толкунданып атып, купилеттерин алмаштырып

алды.

– …Жүрөктөгү жакшы учурду жан-дан-тып,

жок дегенде таанышыңдай кара-агын.

Рысбайдын бул ырында жүрөктүн үлбүрөгөн кылдарын дирилдетип,

уккан адамдын кырк тамырынан бери болкулдатып жиберген керемет

бир кайрыктар бар эле. Ошо кайрыктар биздин жигиттин да делебесин

козгоп ийгенсиди. Жумурунун тереңинде катылып жаткан арман-бугу,

кусалык-күйүтү түбүнөн бери копшолуп, көкүрөгүнө көтөрүлүп,

көлкүлдөп келатканын сезди. Үнү ачылып, жонунда жыбырап

кумурскалар жайнап жүргөнсүп, денеси дүрүлдөп, бир укмуштай

толкуп чыкты.

– …Эркин өскөн гүлү сенсиң та-ала-анын,

бирде жакын, бирде алыстайт ка-арааның…

Андан ары кандай болуп кетти, жигит өзү да билбей калды, арманың

болсо, бала, эми ушерде айтып ал, ичиңде жараң болсо ушерде жарылып

кал дегенсип сыйкырлуу бир күч аны кыз турган тарапка жетелеп кетти.

– …Жүрөгүмдү гүл ордуна су – ун-айын,

алып кой деп сүйгөнүңдүн беле-егин…

Дүкүлдөгөн жүрөгүн алаканына салып, абайлап алып бараткансып,

курбуларынын далысына кылтыйып жашынып, аны уурдана карап

турган кыздын тушуна кантип келип калганын билбеди жигит.

– …Жүрөктү өрттөп, жүлүнүмдү сен ку-уйкалап,

түрттүң мени түпкүрүнө сана-аанын.

Жигиттин чын эле өзөгү өрттөнүп, жүрөгү күйүп , бүт денеси

алоолонуп турду. Ага жарданып турган эл да көрүнбөй калды, бу

дүйнөдө өзү, анан биздин кыз гана барсынып, ырдын ыргагына ыргак

болуп, жанын сууруп алчудай сыздаган кайрыктарга кайрык болуп

жуурулуп кеткенсип, ичтен түтөп атты, байкуш жигит. Обондун керемет

кайрыктарына кошуп, ичегесинен бери баарын аңтарып, кыздын алдына

жайып салгысы келип, үнү да сөөккө жеткидей бир укмуштай муңканып

кетти.

– …Үмүт оту үстү-үстүнө тамчылап,

Жүрөк байкуш күнөөлүүдөй жанчылат.

Айтчы гүлүм, айтчы сүйгөн жа-ан эркем,

күйгүзөсүң мени дагы канча уба-ак?!

Ушу сөздөрдүн баары, ушу кайрыктардын баары Рысбай ырчыныкы эмей

эле биздин жигиттин өзүнүкү өңдөнүп, өзөгүн жарып, жүлүнүнөн

сызылып чыгып жаткансыды. Бардык арман-муңу, ичине батпаган

күйүтү ашып-ташып, ырдын акыркы эки сабын дагы бир ирет муңкана

кайрып кирди.

– …Айтчы гүлүм, айтсаң сүйгөн а-ай жа-ан эркем,

күйгүзөсүң…

Жигит капыстан эле эсине келе, байкап калды:кыпкызыл чоктой болуп,

башын жерден көтөрө албай, бирөө тушап салгандан бетер былк эткенге

алы келбей, бир орунда байланып калган кыздын так маңдайында

турган экен. Жигиттин мээсин чагылгандай бир ой көзөп өттү: “Байкуш

кызды ушунча элдин алдында таза өлтүргөн экенмин!”

Олдоксон жоругуна уялып, оңтойсузданып кетти. Карбаластап, алдастай

түшүп, эмне кылып жатканын өзү да билбей, калтыраган колдору менен кыздын саамайын коомай сылагылап койду. Ушу маалда кыз башын

жерден алып, узун кирпиктерин акырын өйдө көтөрө берди эле

каканактап калган жашы эки көзүнөн ылдый мөлтүлдөп кетти.

Жигиттин боору тилинип, бөтөгөсү жарылып кеткенсиди. Кечирим

сурагандай кызды мойнунан жумшак кучактап, имере тартты. Булкунуп,

боюн ала качат го деп ойлоду эле, кыз антпеди. Жаш жууган бетин

жигиттин төшүнө катып, кучагына бөжөктөй бөгө түштү. Биздин кыз да

тумчугуп, тышка чыга албай жүргөн бугуна туруштук бере албай,

эчкирип ийе жаздап, өпкөсүн кага, ичинен соолуктап араң турган экен

бечара.

Жигит кызды шарт колдон алып, топтон сууруп жетелеп чыгып кетти.

Жанатан бери чакан бир лирикалык драмага күбө болуп жаткандай

тымтырс боло түшкөн залдагылар эл көзүнчө кызга арзуусун айткандан

тартынбаган биздин жигиттин батылдыгына тен бериштиби, же анын

чын дилден берилип ырдаганына ыраазы болуштубу, эсине келгендей

бир оокумда алардын артынан шатырата кол чаап калышты.

* * *

Ошентип, күн астында бул тарых да өтүп кетти. Биздин жигит менен

кызды мен азыр деле көрүп калам. Козулардай чөбүрөшкөн неберелерин

ээрчитип, эртели-кеч биз турган үйгө жакын кыябан бакта сейилдеп көп

басышат. Эркелеткен аты болсо керек, бир небересин Чилистен дешет

экен. Дагы бирөөсүн Даткайым деп чакырышат.

Салижан акындын “Муңдуу баянын” биздин жигит менен кыз азыр

эстейби, жокпу, билбейм, мен болсом аларды көргөн сайын ошол

поэманы кайталап окугандай боло берем. Ошентем да, ылайым

акындын арбайы ыраазы болсун, биздин жигит менен кыз аман болсун

деп койом!

 

Аягы

5/5 - ( 1- Баа берилди )

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️