АЛГАЧКЫ МАХАБАТ 4-бөлүм АЯГЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=102528&preview=true Кызыктуу окуялар.

АЛГАЧКЫ МАХАБАТ

4-бөлүм.

Эртеси Ошту карай Гүлдесте эже , анын жолдошу жана Пери үчөө жөнөп кетти. Узун жолду кыскартып, кеп учу уланып отуруп Перинин эмнеге Москвага бараары тууралуу сөз чыкты.

— Машина, үй алышым керек да,- деген Пери Кыргызстанга батпай калганын жашырып койду.

— Кандай машинага кызыгасың?

— Мерседеске.

— Оуу, кыйынсың. Билесиңби, ал кымбат машина, тетиктери да кымбат. Кааласаң Японский машина алып берейин, окуусун да окууга жардам берем бирок, бир шарт менен.

— Иий, ал машиналар кичинекей да. (Машинанын түрүн биле тургансып) Кандай шарт?

— Бригадаң кадимкидей акча алат, сага болгону ичип-жегениңе аванс берип турабыз. Бир жылда машинадан да, правадан да кутуласың.

-Ойлонуп көрөйүнчү.

— Аламүдүн-1де үйүбүз бар , кааласаңар ошол жерде жашап тургула караганча. Астыңда машина болот айдап барып келе бересиң,- деп күлгөн Жаныш ага Кыргызстанда эле калуусун сунуштап жатты. Аябай жакшы көтөрмөлөдү, бирок Пери убагында жаштык кылып түшүнбөдү да. Өзүнүн айтканын жасап үйрөнгөн Пери бул жолу да эч кимге моюн сунбасы маалым.

Өзгөнгө да жетип келишти. Жол чыгымын алышпады. Таңга маал үйгө кирип келген Перини көргөн атасы:

— Тынччылыкпы кызым? Биз сенин келээриңди билбеппиз.

-Мындай эле, ата. Сагындым да,- деген Пери дароо эле оюн айталбады. Анткени атасы бир сүйлөчү, эбин таап угузбаса Москвага барбай калаары анык. Кечки тамакка отуруп,

-Атооу, Гүлдесте эжелер машина алып берели дейт, бирок мен бир жыл аванс алып акысыз иштешим керек экен.

— Кыйналып калбайсыңбы? Минтип иниң да окууга тапшырса. «Эртеңки куйруктан, бүгүнкү өпкө» дейт эмеспи. Ойлонуп көр кызым.

— Майрам эжени билесиз го ошол Москвага кеткен. Иши жакшы болуп жатыптыр. Балким…

-Койчу кызым жалгыз кыйналасың.

— Документ боюнча жардам берем дейт, билесиз го аябай ынакпыз.

-Жол киреге бир мынча акча керек, ойлондуңбу?

-Иштейм да, топтойм.

— Өзүң билесиң, ар ким кылса өзүнө кылат.

Ушуну менен сөз козголбоду. Башта атасы мындай эмес эле. Же окута албаганы үчүнбү, же кызына ишендиби бар да, барба да деген жок. Бир эки күн үйдө турду да кайра Бишкекке жол тартты. Эки-үч жума иштеп жол кире топтоду да өмүрү көрбөгөн , эч бир тууганы жок Москвага жол тартып кетти. Москвада Майрамдын жолдошу жана Стал күтүп алышмак. Кыргызстандан чыгуу Пери үчүн трагедия болду. Поезд ордунан жылгандан баштаган ыйлап, Казакстандын чек арасына жеткиче басылбады. Жанындагы үч келин ыйлап алсын дештиби тим коюшту. Чек арада документтерди текшерүү учурунда чек ара кызматкерлери :

— Паспортуңдун сыртын чеч деп алгач орусча андан кийин казакча айтса да турат жалдырап. Жанындагы бир келин чыдабай кетти көрүнөт:

— Кечиргиле, биринчи жолу чыкканга кыйын болуп жатат бул кызга,- деп казакча түшүндүрө койду.

-Мындай болбойт да, ал жакта кандай иштейт анда?

— Түшүндүрүп айтып коёбуз, кечириңиздер. Мөөрдү баскан жигиттер шыпылдай ары кетишти.

-Жалдырап турганын! Эмне кылганың ай кыз! Азыр түшүрүп калса эмне кылмаксың? Сени бирөө зордоп алып кетип жатабы?

— Жөнчү Айка. Биринчи ушундай болот да.

— Күң болосуң, угуп жатасыңбы? Бир деме десең боло!

-Болду ачууланба, Айка.

— Карасаң энесин коркуткансып ыйлап отурганын,- жаны чыгып кетчүдөй болгон Айка аттуу келин күйүп бышып сүйлөнүп жатты.

-Атың ким? Жаш балаң калдыбы?- өзүн Эльвира деп тааныштырган келин сөзгө аралашты.

-Жок. Мурдун шур тарткан Пери сөзгө келди.

— Иий сүйлөйт экенсиң ээ?- какшыгы менен тиштеп өткөн Айка.

— Анан эмнеге ыйлап жатасың? Мына эки айлык кызымды таштап күйөөмдүн аркасынан баратам. Эльвира жоошутуп сүйлөдү.

-Кыргызстаным калды го. Дагы көзүнө жаш алды.

-Иий , өлүп кет ий. Былжырап Кыргызстаным калды дейт кыйраткансып . Айканын чындап жини кайнап чыкты. — Андай болсо эмне чыгып бара жатасың Кыргызстандан?

Айканын сөздөрү кыйла чыйралтып койду. Россияга кирген жерде кадыресе тыкылдап, илгиртпей жооп берип турду.

— Бар экенсиң го, кечир мени,- деп күлгөн Айка.

-Жок эже көңүлүмө албадым.

Үчөөнүн тагдырын угуп таң калганын жашырбады. Бирок өзү эмне себептен бара жатканын айтканда, жанындагылар:

— Бекер кылгансың, кандай жашоо күтөт кайдан билесиң. Эч кимге сырыңды айта бербе, «Москва көз жашка ишенбейт» деп билген кеп кеңешин айтып кулагына куюп келишти. Тосуп алуучулар да, келе жаткандар да толкунданып саналуу мүнөттөрдөн кийин жолугушуу үчүн камданып калышты.

Эх, Москва, Москва ошентип Пери да Москвага алгачкы кадамын таштады. Жалынып жалбарган Стал жок өзгөргөн. Пери адегенде таң калып турду. Бирок, ары жактан келген Майрам эжесинин күйөөсү көңүлүн бузуп жиберди.

— Оо Пери кел. Мына ушул Москва. Жүрү сени азыр жердин асты менен алып кетейин. Ээрчишип метрого түшүшкөн экөө Перини тамашалап жатышты. Ары карап бери карап түшүнбөй турду. Ызы-чуу кулак жарган поезддер. Келген поездинен айырмаланып бул жердин асты менен жана отуруп кетишет экен. Аябагандай узакта араң жер үстүнө чыкса андан ары автобус менен кетиши керек экен. Азыр ойлоп көрсө м. Бульвар Дмитрия Донского барышкан эле. Майрамдын жанында Москванын эч кандай кыйынчылыктарын сезбеди. Качан гана орус жарандыгын алам деп Майрам Кыргызстанга жөнөгөндө Пери дагы бир чогуу иштеген эжеси Жылдыздын жанына келип, бир бөлмөдө ондон ашык адам жашаарын көрүп, Москва жашоосунун даамын татты. Жакшы адамдар менен таанышып, ишке болгон далалаты көптөгөн ийгиликтерге жетеледи. Тыкылдап жүрүп эки жыл кантип өтүп кеткенин билбей да калды. Туугандары бирин серин келип отуруп, көпчүлүккө да айланды. Ата-энеси келип турмушка чык деп чарчашты. Кудайдын буйругу экен Москвада турмушка чыгып, балалуу да болуп калды.

— Жаан, суранам мындан ары экинчи алам дебейм. Ушул «Супер Инфону» алып берсеңиз. Жалооруган Перини карап көңүлү тартпай турса да гезитти алып берди. Өтүп кеткен саны болсо да, үч жылдан бери Кыргыз тилинде эч нерсе окуй элек эле да. Үйгө келээри менен барактап жаткан Пери катты да калды.

— Жооок, ишенбейм эмнеге? Кайсы күнөөсү бар эле? Бүк түшүп ыйлаган Пери өксөп жатты да Москвага келгенден кийин бир жолу Медер менен сүйлөшкөнүн эстеди. Узууун чакыруудан кийин кыйлада барып телефонду тааныш , коңур үндүү сүйгөн адамы албады беле:

-Алло, алло.

-Кандайсыз? Үнүнөн тааныбады беле, аттиң.

— Кайдан сен Пери? Качан кеттиң эле?

— Ооба, мен. Сиз үйлөнгөндөн кийин эле Москвага келе бергемин.

— Көп болгон турбайбы? Качан келесиң?

— Эмнеге барам эми?

— Сени күтүп жатпайбы.

— Ким күтөт?

-Кыргызстан да.

— Ошо Кыргызстанда мени күткөн КИМ бар? Суроосуна жоопту күтпөстөн өчүрүп , дагы бир жума ооруп калбады беле. Ыйлаганын ошондо билдирбей койсо эмне? Тирүү кезинде айрылдым деп ыйлабай койсо болмок экен го.

Эми баары кеч эле. Сүйгөнү бул жашоодон кош айтышып кеткени тууралуу келинчеги интервью берген экен. -Бир колум менен бакытымды тосуп алып, экинчи колум менен бир бакытымды узатып жибердим,- деп. Аттиң арман. Жашоо улана берет турбайбы. Ошентип, дагы да болсо кээде отуруп, бир убак Медерди эстөөнү адатка айланткан.

Азыр баласы да чоңоюп калгандыр. Бактылуу болсоң экен балакай!

Мен Периден укканым боюнча баары бир тараптуу жазылгандыктан кечирим сурайм. Бейишин берсин Аллахым!

 

АЯГЫ.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️