(АНГЕМЕ)
4-БОЛУМ.
Уйку качырган узун түндүү кыш да жакындап калган. Эзели тириликке камдуу Гаухар от тутандыра турган чырпыгына чейин даярдап жыйылган жүктөй жыйып койгон. Эр азаматтар да мынчалык кылбаса керек дейт көргөн жан. Жан түгөйү менен дайыма кышка ушинтип камданышчу да.
Майда жандыктарына да чөп-чарды сала бере тургандай майдалап, кышка даяр болчу. Эми алары жок. Ээси менен кошо жок болушту. Союлганы сойулду,сатылганы сатылды. Ээсинин керегине жарады да. Өлгөн өзү өлүп калбайт экен. Кыскасы, Гаухар карыз болбоду. Анын үстүнө эл да карап турган жок. Оорун колдон, жеңилин жерден ала койушту. Элден айланса болот. Баары Гаухарды алкап,ыраазы. Гаухарды аялдар ,,темир катын» деп тамашалашчу. Көпчүлүгү ошондойлугуна тан берер эле. Чындыгында чыдамкай, кайраттуулугу менен жан чыдагыс күндөрдү башынан өткөрбөдүбү. Бирин- серин туугандары менен эми эле катташа баштаганда минтип отурбайбы. Кантсин эми. Чек арадан да оңойчулук менен өтө алышпай калышкан. Буйурганы болот деп койот ушуларды эстегенде Гаухар.
Жыйын- терим бүтүп калса да Гаухарда тыным жок. Адатынча кеч күздө жок дегенде эки жөөк картошка отургузат. Бул сапар төрт катар кылып, үстүн суук өтпөс кагаз менен жаап анан дарактардан түшкөн жалбырактарды шыпырып- сыдырып үйүп салат. Жанаша дагы эки жөөк боло турган жерди даярдап,эчтеке отургузбай эле жаап, эрте жаздагы бадыраң үчүн деп. Кар кетип- кетпей жер кызый баштаганда картошкалары кагазды түртүп өнө баштайт. Анан аны туш- тушун тешип, картошканын өнүп чыгуусуна жардам кылган болот. Жанындагы даяр жерге бадыраң уругун таштап, жылуулайт. Элдер жер айдап картошка отургуза баштаганда Гаухар жаңы картошкадан сорпо жасап, бадыраңы гүлдөп түйө баштайт. Ошентип ,,темир катын» атка конгон да.
-Эмнеле темселеп жүрөт тиги тынбай- деп кайнагасы аялына Гаухар жакка ээк кага.
— Бир башына мынча эле кажынат билбейм. Күзүндө картошка отургузганды ушундан көрдүм.
-Картошка дейсиңби?
— Ии,кыларга иши жок болсо ошол да.
— Эрте жазда эле картошкасы болуп калчу. Падпленка кылат.
— Койчу, кайдагыны айтпай.
— Мен көргөм.Биз антип- минтип жер айдап, ал тапка келип отургузганга чейин аныкы жегилик болуп калат.
— Мм,бир айткандай болгон.
-Жерин да укмуш карайт. Сеникин болсо чөптүн арасынан издейсиң. Помидор кайда, пияз кайда деп.
-Эми азыр ким үчүн кылып жатат дейм да. Кетет да.
— Оңойчулук менен кетпейт окшойт.
— Бир айласын кылыш керек. Кетириш керек.
-Үйүн өрттөп салайынбы?
— Кой ай, билинип калса…
— Эч ким билбей турган кылам да.
Аялы унчукпай карап койду. Эмне кылсаң да өзүң бил деген таризде ийин учуруп тим болду. Сөз ушул жерде токтоду. Ары жакта телефон чукулап жаткан баласы атасынын сөзүн ойлонуп ,,чын эле түн жарымда ким көрмөк эле» деп ичинен. Атама карап отурамбы мен өзүм эле. Бирок атасына ооз ачпады. Алардын укташын күттү. Качан гана атасы корулдап уйкуга кеткенде ордунан тура, шырп алдырбай сыртка чыкты. Акырындык менен машинадан бир чака бензин алып жыла берерде чатыштай анчасын төгүп алды. Айлананы бензин жыты каптап кетти. Эчтекеге көңүл бурбай шашып, чөнтөгүндөгү күкүрттү кармалап койуп Гаухардын дарбазасы тарапка басты. Айлананы элең-элең карай эскилиги жеткен дарбазаны акырын ачты да, кулак түрө тыңдай баштады. Баары жок жымжырт. Баштай берейин деп эңилип чаканы алайын деп эле бурулса маңдайында кабыргалары көрүнгөн жүдөө ит турганын көрүп жүрөгү оозуна кептелди. Ит адамдай эле,
— Ии,- дегендей болду.
Колдору калчылдап араң чаканы колуна алганын билет ага карай жылган иттин сөөктөрү шагырап, тиштери шакылдагандай болгонун көрүп, алынын барынча ,,апаа» деп кыйкырганча дарбазадан атып чыкты. Денеси муздап, заматта калчылдай чакадагы бензиндин чайпалып төгүлгөнүнө карабай үйүн көздөй чуркагандай болду. Назарында чуркап качып бараткандай болгону менен бир кадам жыла албай тушала кулады. Турмакчы болду, маңдайындагы итти көрүп чакадагы бензинди ага чачмак болду. Чача албады. Өзүнөн кетип баратып баары өзүнө төгүлдү.
Түнкү намазын окуп, жакшы эле уйкуга кеткен Гаухар кыйкырыктан ойгонуп кетип, ,,апа» дейби деп ордунда сыртты тыңшай анча отурду. ,,Чыгайынчы» деп ордунан тура жолугун оңдой сыртка жөнөдү. Эшикти ачканда эле чырактын ире- шире жарыгында ары жакта баякы ит жалдырай карап туруптур.Гаухар аны карай,
— Эмне болду, тынчтык элеби?,-деди.
Иттин бары жайында дегени го башын көтөрө бойу созула кайра калыбына келди.
— Жат. Эс ал сен дагы. Жалдырап эле карап отура бербей,- деди да, бир аз тыңшап тура кайра ичкери кирип кетти.
Таң атып,тирилиги менен убара болуп жүргөн Гаухар көчөдөгү бир топ адамдын үндөрүнөн көчөгө чыкты. Намазга бараткан кишилер го. Кимдир бирөөнү жерден өйдө кыла албай убара алар.
— Кимдин баласы, соо элеби?,- деди жоон үндүү бирөө.
— Бензинге чөмүлгөнбү, фуу…
Гаухар тарапка алып келишпей кайнагасынын эшигине чейин колмо- кол көтөрүп барышып, дарбазасын каккылай башташты. Эркеги жок үй деп Гаухар жакын турса да ары кеткендери бир жагынан жакшы болду. Аныгын билбегенче кайра ичкери кирди Гаухар. Шашке ченде көчөгө сууга чыккан Гаухар кайнагасынын эшигинде тез жардам турганын көрүп дагы ооруп калган окшойт деп ойлонгончо үйүнө кирип кетти.
Кайда, түнү өзүнөн кеткен бала оозу мурдунан көбүк суу агып жатканын көргөн адамдар чала жан жаткан баланы көрсөтүшкөндө өзүнүн баласы экенин көргөн кайнагасы эрксизден түндөгү сөздөрү эсине түшүп,Гаухар тарапты карап ичинен ызырына. ,,Бардыгы сенин айыңдан»деди. Болгон ишти болгоолоду. Баарына түшүндү.
Окуянын чоо- жайын аныгын эч ким билбеди, кызыккан жан да болгон жок. Бир гана кайнагасы аялы экөөнүн тиши тилине күбө. Кайнагасы жооруп турса да аялынын акылы жете бербеди. Качан гана баласы бирин- серин сүйлөп калганда иттен коркуп калганын билишти. Ошондо кайнагасы көптөн бери мыйзамсыз катып жүргөн мылтыгын октоп итти аңдып атмак болду. Албетте, түнү да. Эл уйкуга киргенде мылтыгын удаа ата турган кылып октоду да акырын Гаухардын короосуна жакындады. Дарбазадан киргенге даап кире албай кычыгынан шыкаалай баштаганда артынан бирөө тарткандай болду. Муздак тердей түшүп, арт жагын акырын карады. Эч теке жок. Эми эшик ачып кирмек болгондо кимдир бирөө оодара тарткандай чалкасынан кетти. Тепкини басканга шай турган да, басылып кетип ,,тарс» деген үн караңгы түндү как жарды го. Колунан ары боло түшкөн мылтыгын алганы умтулганда мылтыгын баса тиштерин көргөзө ырылдап турган итти көрүп көзүн жумуп алды. Көзү көзүнө кадалып, ичине бир жалын сойлоп кирип кеткенсип кала берсе тири укмуштай үн чыгарган ит бир колун анын далысына койгонсуду.
,,Өлдүм» деди тиги жанынан үмүтүн үзө.
Мылтыктын үнүнөн биринчи эле Гаухар чоочуп сыртка чыгып, айванында туруп калды. Көчөгө чыгууга коркту. Анан маңдайдагы кошуна көчөгө чыга туруп калды. Айлана тынчый түшкөн эле. Анан аркы кошуна чыгып карандарынан бири- бирине үн ката,
— О, кошуна мылтык атылдыбы? Баары жок жарылып кеткендей болду го.
— Мен дагы уктум. Эми эле жаттым эле. Тыптынч го анан.
— Тынч эле болсун. Мейли жакшы жатыңыз анда,- деп бурула бергенде кишинин онтогон үнүн укту кошуна.
— Ой, ким бул. Караңгыда көрүнбөйт дагы. Кимсиң?
Экөө эки жактан келип жол четиндеги арык боюнда көмкөрөсүнөн жаткан адамды көрүштү.
— Ким болсоң да тирүүсүңбү?
Эртеси кайнагасын кимдир бирөө атып, өлбөй тирүү калыптыр деген сөздөрдү укту Гаухар. Бирок ким атканы, кантип тирүү калганы жөнүндө кеп укпады. Баарына белгисиз эле бойдон кала берди. Бирок кайнагасынын он жак ийининен колунун учуна чейин кыскасы бир жак ыптасы жансыз болуп иштебей калыптыр. Догдурма-догдур барса да айыкпай жатыптыр. Гаухар да кайдан билсин,,эмне эле болуп жатат булар»деген биле бербей.
Бир гана кайнагасы гана төгүндөп жаткан эмне болуп жатканын. Бирок аныгын билбесе да Гаухардан көрүп дале тишин кайрап, түйүлгөн муштуму жазылган эмес.










