Аялдарды сыйлабаган жарыбайт

Аялдарды сыйлабаган жарыбайт Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Аялдарды сыйлабаган жарыбайт

Алгандын бермеги бар…Элибизде «Аял жакшы, эр жакшы», «Алганың жакшы болсо — жакаң агарат, алганың жаман болсо — сакалың агарат» деген сыяктуу баалуу сөздөр бар.

Айтса-айтпаса аялдын орду, үй-бүлөдө болсун, турмушта болсун абдан жогору. Тилекке каршы, акыркы учурларда эркектер аялдардын баркын билбей, алардын аялдарга болгон мамилеси сууп бара жаткансыйт. Келечекте өзүнүн атын сактап, тукумун улап жүрүүчү балдарды төрөп берген аялына кол көтөргөн эргулдар көбөйүүдө. Кээ бирөөлөр атың өчкүр аракка тоюп алып, «Үйдө баатыр жоодо жок» болуп, болгон күчүн байкуш аялынан чыгарса, кээлери «Баланы жашынан, аялды башынан» деген асыл сөздү тескери түшүнүп, аялдарга «атаман» болуп алышат. Ал эмес, кээ бир дин жолун карманып, башкаларга үлгү болчу адамдар да, аялды уруп турууну «сүннөт» кылып алышкан.

Эркектердин аялдарга жасаган жаман мамилеси, эртедир-кечтир коомчулукка зыянын тийгизбей койбойт. Ажырашуунун көбөйүүсү, балдардын тирүүлөй жетим калуусу, кыздардын бузулуусу, кыздардын чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып кетүүсү ж.б.у.с. коомго зыянын тийгизбейби?! Албетте тийгизет. Тийгизгенде да мамлекеттин, элдин жок болуп кетүүсүнө алып келүүсү толук мүмкүн. А мунун баарына биз, эркектер күнөөлүбүз. Биз өзүбүздү мусулман катары эсептеп, намаз окуп, орозо кармап жатканыбыз менен, Исламдагы көптөгөн баалуу сыпаттардан алыс жашап келебиз. Исламда аялды кантип сыйлайт, аялга кандай мамиле кылат, андан кабарыбыз аз. Азыркы күндө биз үлгүнү кимден алууну дагы үйрөнө элекпиз. Биз үлгүнү ыймансыздыктын, күнөөнүн, адамгерчиликсиздин сазына батып бара жаткан батыштан издеп калдык?

Аялдан алдын чуркап келип машинанын эшигин ачып, аялдан алдын чуркап келип, отургучун жылдырып, аялдын кийимин алып иле коюп, аны кайра кийгизе койгон эркектерди көрүп, булар аялдарын абдан сыйлайт экен деп ойлошуң мүмкүн. Бирок, бул аял кимдин аялы болду экен деген суроону да унутпа. Азыр эле тиги аялдын алдында кызматчыдай болуп чуркап жүргөн эркек, үйүндөгү өзүнүн аялына кандай мамиле жасаганын көргөнүңдө, ушундай эки жүздүүлүктү өздөштүргөн эркектен толук түңүлөсүң. Мындай эки жүздүүлүккө толгон жерлерде эч качан эркек өз аялын сыйлабайт, жана аялдар урмат-сыйды башка эркектерден гана күтүшөт.

Ал эми өзүнүн өмүрлүк жарына кандай мамиле кылуу керектигин Исламдан издесек, чыныгы жашоонун тартибин, чыныгы адамгерчиликти таба алабыз. Адамдын жашоосу бактылуу болуусу үчүн биринчи кезекте жакшы аял менен бирге туруусу керек.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)? «Бактылуулук төрт нерседе?ыймандуу аял, кенен турак жай, жакшы кошуна жана татыктуу улоо» — деп айткан. Мына ушул адам баласына эң зарыл болгон төрт нерсенин биринчиси — ыймандуу аял?

Аллах Таала Куранда минтип айтат?

«Анын белгилеринен — алар менен тынчтанууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып, араңарга сүйүү жана ырайымдуулук берип койду. Чынында бул нерселерде акылын иштеткендер үчүн чоң белгилер бар». Аятта Аллах Таала «Алар менен тынчтанып жашооңор үчүн» деп айтып жатат. Демек, эркек аялга үйлөнгөндөн кийин жашоосун аны менен бирге тынчтыкта өткөрүүсү керек. Аялга үйлөнгөндөн кийин да башка аялдарга «машинанын эшигин ачып» жүргөн эркектер эч качан аялы менен тынчтыкта жашай албайт. Аяттын уландысында «Силерге сүйүү жана ырайымдуулук берди» деп айтылган.

Ибн Аббастын (Аллах андан ыраазы болсун) айтуусунда, сүйүү — бул аялын жакшы көрүү, ал эми ырайымдуулук кылуу — бул, аялын ар кандай жамандыктардан сактоо? Чындыгында, үйлөнгөн жаштардын ортосунда бири-бирине болгон сүйүү болот. Кийинчерээк бул сүйүү алардын балдарына өтүп, ал эми аял менен эркектин ортосунда бири-бирине болгон ырайымдуулук пайда болот. Картайган ата-энелерибизди жакшылап байкап көрсөк, аларда сүйүү жок, бирок бири-бирине болгон ырайымдуулук бар. Чайга отурганда энелерибиз?

«Атаң кайда жүрөт, чайга келбейби» деп эстеп турат. Сыртка чыгып бара жаткан энелерибизге «Кемпир чапаныңды кийип ал, эшик суук» деп аталарыбыз эскертип турат. Бул Аллах Тааланын пендени жаратканда кошо жараткан сүйүүсү жана ырайымы.

Аллах Таала айтат?

«Алар (аялдар) силерге, силер (эркектер) аларга кийимсиңер». Бул аяттын мааниси — аял эркексиз, эркек аялсыз жашоого болбойт, алар бири-бирин жаап жашырып, кемчилигин толуктап турат.

Эркек биринчи кезекте аялын тамак-аш менен камсыз кылуусу керек.

Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир адам?эркектин аялга кандай милдети бар? — деп сураганда, ал?»Өзүң тамактанганда, аны да тамактандыр, өзүң кийингенде, аны да кийиндир» — деп жооп берген. Дагы бир хадисте?»Аллах жолунда берген динарыңдан да, кедейлерге берген динарыңдан да, кулдарга берген динарыңдан да өз аялыңа берген динарың жакшыраак болот» — деп айтылган. Аялыңды, бала-чакаңды ачка отургузуп коюп, башкаларга садака бергенден, өз үй-бүлөңө сарптаганың жакшыраак болот. Муну менен үй-бүлөөдөгү жашоо бекем болот. Ошол эле учурда акырет үчүн да сооп-сыйлык топтолот.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан?

«Кыяматта, аялына берген нафака таразага биринчи салынат». Үй-бүлөөнү багуу үчүн адалдан кесип кылуунун өзү эле сооптуу иш. Хадисте айтылган?

«Ким адал ырыскы издеп, чарчап келип уктаса, ал күнөөлөрү кечирилген абалда уктайт». Ал эмес дасторкондун үстүндө турган даяр тамактын бир тиштемин алып аялыңдын оозуна салып койсоң да садака болот.

Эркек аялга аны жакшы көрөрүн билдирип туруусу керек. Аялдардын табиятында, эгер алар жакшы көрсө тили менен айтып турат. Ал эми эркек жакшы көрсө, аны амалы менен билдирип турат. Аялына жакшы белектерди берип, жакшы мамиле кылуусу — анын сүйүүсүн далилдеп турат. Рамазан айынын акыркы он күнүндө мечитте итикафта отурган Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жубайы Сафия энебиз келип, көпкө сүйлөшүп отурат да, чыгып жөнөйт. Ошондо Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)?

«Токтой тургун, мен сени узатып коёюн» — деп, үйүнүн эшигине чейин узатып келет. Ошол эле учурда аялын жакшы көрөрүн тил менен айтып туруу да жакшы болот. Анткени, Айша энебиз Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кайрылып?

«Мага болгон сүйүүң кандай?» — деп сураганда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)? «Аркандын түйүнүндөй» — деп жооп берет. «А түйүн бошой элекпи?» — деп сурайт Айша энебиз кайра. — «Түйүн өз абалынан өзгөрө элек» — деп, жооп берет Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)?

Аялын эркелетип, жакшы сөздөрдү айтуу менен ортодогу мамиле бекемделет.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Айша энебизге кайрылганда, көбүнчө «Ааиш» деп эркелетип кайрылчу. Кээде «Яа, Хумайра», «Оо, менин ап