Анын көздөрү чекчейип уктабай жатканын көрүп аялы күңкүлдөдү:
— Тынч жатып уктабайт экенсиң да… Сага мине болгон деги?
— Анан көрөсүң, — деп койду Жоробек. Азыр ал сыртта терезени аңдып турган болушу керек, бизди качан уктайт деп. Мейли, эми келе берсин. Жоробек көздөрүн жумду. Көздөрү бир аз илинип кетиптир, ал түн ортосунда чартылдаган дабыштан, датпайраттанган үндөн ойгонду. Бөлмөнүн ичи жарык болуп кетиптир. Тура калып терезенин жанына чуркап барса, ууру зымга илинип тырышып калыптыр. Муну көргөн аялы чыңырып жиберди.
— Бу мине кылганың, кокуй? өлтүрбөдүңбу байкушту! ..
— Тапкан экенсиң байкушту, —Жоробек мыйыгынан күлүп койду. —өлсө мине кен? Бир ууру өлөт
да. Ууру көздөрүн алаңдатып, колдору карышып калыптыр. Ал тыбырчылап кыйкырайын деп үнү чыкпайт, талмалуу адамдай оозун ачкан бойдон аны жалымсырап кaрап турду. Акырында зым үзүлүп кетти, ууру кыйылган талдай кулады.
— Эми аны кармаш керек!— деп Жоробек эшикти карай жүгүрдү, босогодон шашып-бушуп бутуна илинген кепичти кийе салды да тамдын артына чуркап жетти. Ууру өлбөптүр. Жоробекти көргөндө ал тамтаңдап ордунан тура калып, адатынча дубалды карай чуркап барып, тырмышып андан ашып түштү.
— Карма, дагы качып кетмек болду! — деп жерди тепкилеп калды берки кимге кайрылганы белгисиз. Ууру ого бетер жанталашып чуркады. Жоробек анын артынан кууп жөнөдү. Ал далдактаган бойдон тигинден калбай, улам бутунан ыргып кеткен кепичти иле коюп тынбай кыйкыра берди:
— Качты, иттин баласы! Качып кетмек болду!.. Бир пастан кийин ал күйүгүп калды, дагы азыраак чуркамыш болду, акырында жай басып барып токтоду. Деми кыстыкканынан жолдун четине көчүк басты. Акмакмын мен, акмакмын. Делдейип карап туруп алам, андан көрө кармап калбаймбы… Бирок анда ток мени да урмак да! Уурулардын жаны өзү бекем болот.
— Атаңын оозуна урайын! — ал уурунубу, бутунан чечилип жаткан кепичинби сөгүп алды. Анан кыжыры менен кепичин жолго ыргытып жиберди…
***
Жоробек дале тынчыган жок: эртеси күнү ал кыштактан агасынын мылтыгын сурап келди. Килейген эки атар мылтыкты көргөндө аялынын эси чыгып кетти.
— Эми дагы минени ойлоп таптың?—деп чоочуду ал.
— Эми ал эч жакка качалбайт, — деп жылмайды Жоробек. — Эми мен аны сөзсүз кармайм.
— Тынч жүрбөйт экенсиң да. Ансыз деле кечээ анын бүт-боюн күйгүзүп таштабадыңбы.
— Анын минеси бар экен? өлтүрсө өлтүрүп деле коём, —Жоробектин үнүндө кандайдыр бир чечкиндүүлүк бар эле. — Андай кылмышкерлерге бу дүйнөдө жашоо жок, аларды түбү менен кырыш керек.
— Кырыш керек деп коёт,— аялы анын үнүн туурады. —Экөөңөрдүн кимиңер көбүрөөк кыянатчылык кылып атасыңар: жөн эле бир буюм уурдайын деген албы же байкуш бир пендени жанынан айрылтканы аткан сенби?
— Бас үнүңдү, дөпүрөс! — деп жини кайнады тигинин. —Ууру деген дайыма ууру, ал эми оңолбойт. Уурулуктун даамын таткан адам адам болбойт, түшүндүңбү, көк мээ? Аялы ызаланыппы же эри менен талашканы бекер экенин түшүнүппү унчукпай ашканага кирип кетти. Жоробек бөлмөсүнө барып мылтыкты сандыкка катып койду.
Түндө ал алчалардын арасына бекинип алып ууруну аңдып жатты. Кадимки жомоктогу баатырдай. Алтын алма уурдаган алп кара кушту аңдыгансып. Мени көргөн бирөө шылдыңдабагыдай ле. Мейли шылдындаса шылдыңдай берсин… Көп убакыт өттү, анын уйкусу келе баштады. Көзү улам илине бергенде ал үйгө кирип, чыпалагын устара менен тилип, жараатына туздан сээп салды. Мына эми нак жомоктогудай болдум. Жоробек ичинен күлүмсүрөдү.
Ал кайрадан талдын түбүнө барып бекинди. Уйкусу бир аз качып калды. Ал мылтыгын бекем мыкчып, үшүгөнүнөн бүрүшүп алды. Ошол маалда ууру келди. Ал жолдун наркы четине токтоп, көпкө терезелерди тиктеп турду. Жоробек дем чыгарбай турган жеринде катты. Бир пастан кийин ууру дубалдан ашып түштү, тең бүктөлүп бекинип ачык терезенин алдына барды. Дал ошол маалда Жоробек мышыкчасынан так секирип барып дубалды тороп, тигинин жанына жетти.
— Колго түштүңбү, жубарымбек! — деп кыйкырды ал. Ууру чоочуп кетип артын карай койду. Анан эмнегедир колдорун көтөрдү.
— Эми сазайыңды ал, иттин баласы! — Жоробек аны мээледи. Ууру купкуу боло түштү. Анын бирде денеси титиреп, бирде көздөрү чанагынан чыга калып солкулдаган бойдон өлүмгө даяр турду. Бир пастан кийин ал чыдай албай бир бутун көтөрүп кармай калды. Жоробек ууртунан жылмайып койду: тигил анын баягыда капканга чабылган буту экен, калың оролуп, пайабзал батпагандыктан жылаңайлак. Уурунун кача албастыгына көзү жеткен Жоробек мылтыгын сол колуна алып, тигинин көзүнө жарыкты каратты. Уурунун бети-башы бүт күйүп, айрым жерлери тырык. А, бечара, күнүң жеткен экен. Ал мылтыгын кайра мээледи. Ошондо тигил чөгөлөй калды. — Жан соога байым, жан соога! —деп жалынып жиберди ал.— Менде күнөө жок, байым, өлтүрө көрбө. Бу каргаша, байым…
— Кантип күнөөң жок?
Муну карасаң дегеле, «күнөө жок» деп коёт дагы… Анда минеге күндө келесиң, акмак?
— Кечирим сурайын дегем.
— Кечирим? Минеге кечирим сурамак элең? —Жоробек таңгалды.
— Ууруга келгендигим үчүн, — деди ууру. —Баягыда биринчи уурулукка келгеним үчүн?
— Мейли, биринчи уурулугуң үчүн кечирим сураганы келдиң дейли. Анда минеге эшиктен кирген жоксуң?
— Үйрөнгөн адат да, кашайгырдыкы! Үйрөнгөн адат! — ууру башын ургулап,
боздоп жерге төшөлүп калды. —Кечирип кой мени, байым, кечир!..
Уландысы бар…










