2-болум.
Номерин алып алып, жолдо баратып апама чалдым. Уч мин керек болуп жатат десем макул болуп салып жиберди. Мен аны банктан дароо алып апамдарга рахмат айтып жатаканадагы балага чалдым. Акча берем кел десем акчам бар дейт. Анда кийин берем деп автовокзалга жетип келдим. Коп отпой Сауле иниси экоо келди. Инисинин козунчо эчтеке суйлободу. Мени короору менен башын онго-солго бурап маршрутту корсотту. Мен дароо ага чыгып арт жагына отуп кеттим. Алар да менин жаныма келип отуршту.. оюмда иниси 12-13жаштар чамасында. Сауле жаныма отуруп эчтеке суйлобой кетти. Кийин орто жолдо иниси уктагандан сон,мага шыбырап:
-эй капа болгон жоксузбу?
-жок неге?
-болгону иним апамдарга айтып койсо урушат уйдогулор. Айрыкча байкем урушат.
-а тушуном,тушуном. Мен деле ошондой кылмакмын. Сауле мага Акылкарачач жонундо айтып бере аласынбы?
Биз шыбырашып бараттык.
-мм ал азыр мектепте мугалим болуп иштесе керек .
-аа кой?
-чын,анан аны эр албай койгон дешет. Корсо озу тийбей койгон турбайбы .Анын айылдагы аты эр албас. Ал кыркка чыкса да бирда куйоого тийген эмес. Ошол Бердибегин кутуп жургон окшойт.
-аа эми мага баары тушунуктуу. А эгер сенин Акылкарачачтын ордунда болсон эмне кылмаксын?
-Кудай сактасын андан.
Сауле экообуз жолдо суйлошуп баратып кийин бири-бирибизге жолонуп уктап да кеттик.
Убакыт жылып отуруп Таласкада келип ,экинчи унаага отуруп Сауле жашаган аймакка бардык. Унаадан тушкон сон ал инисин жетелеп басып кетти. Мен алардын артынан ээрчип бараттым. Алар бурулушка жетип бурулуп жатканда Сауле инисине суйлоп,магада угуза суйлоду:
-эй тээтиги ак дарбаза Акылкарачач эженин уйу беле!?
-ооба ошол ,инисида жооп берип койду. Сауле инисине суроо берген болуп мага Акылкарачачтын уйун корсотуп коюп оздору бак аралап кетип калышты. Алардын артынан копко карап туруп ,Сауле корсоткон ак дарбазага бардым. Тыкылдатсам эчким чыкпайт. Кетейин десем дагы болбосо. Уйдун чет жеринде отургуч бар экен. Ошого жолонуп отуруп козум илинип кетиптир. Бир убакта бироо келип:
-ай жигит тур,тур уйуно барып укта. Козумду ачсам алдымда коздору бажырайган, татынакай эже мени жылмайып карап турду.
-эже мен деген…
-оой уйуно барып укта ,сен озу каяктан келдин? Кайсы айылдан болосун? Сени башта коргон эмес экенмин кимдин уйуно келдин? Же адашып кеттинби? Курсагын токбу деги?
Мен озумду журналист суроо бергич деп журсом бул эженин чанында каламго. Ордумдан туруп:
-эже сиз Акылкарачачты тааныбайсызбы?
Ал тан калып:
-сен ким болосун?
-мен деген бир жигитмин.
— Акылкарачач неге?
-эже мен аны Бишкектен бери издеп келдим.
-тынчылыкбы деги?
-ооба…
-кой жур уйго кирчи,кененирээк суйлошолу. Ал эже экообуз анын уйуно кирдик. Эже тефалга чай кайнатып демдей калып,алдыма кумшекер,токоч коюп отурдуда:
-кел ич .
-рахмат эже мен шашып жаттым эле. Мага Акылкарачач деген эже керек.
Ал мага тигиле карап кайра пиаланы тегеренте карап:
— Акылкарачач бул менмин балам.
Ох журогум лак эте тушту.
-сизби?
-ооба тынчылыкбы?
-тынчылык эже. Сиз кыркка чыктынызбы?
-ооба.
-эже мен сизге отоо баалуу болгон бир нерсени таап алгам. Эгер куйоонуз келип калбаса корсотойун.
-эххх кайдагы куйоо дейсин? Мен жалгыз жашайм эмнени таап алдын айтабер.
-эже бул эсиниздеби?
Мен чупурокту анын алдына койдум. Ал аны короору менен ушунчалык тан калып бажырайган коздоруно жаш тегеренип:
-бул,бул менин …
-ооба эже мен атайын сизге жеткирууго келдим.
Эже ичиндеги катты бир сыйра окуп чыдабай ыйлап-ыйлап алдыда,.кайра жашын арчып:
-бул кат оз ээсине жетпей кайтып келген тура. Байкуш десе мен бул катты таза сезимдер менен жазганмын.
-эже эмне болду эле озу?
-биз окуу жайдан танышканбыз ал менин журогумду арбап алган жигит эле. Ал бешинчи курс,мен экинчи курс элем. Биз танышканыбызга коп болбосода башкаларга окшоп тартынып отурбай сезимдерибизди ачык билдиргенбиз. Ал биринчи болуп кат жазып журогумо кирип келген. Мен аны журогумо киргизип кайра чыгарган жокмун. Ошол бойдон журок аныкы балам. Бул катты кайрадан таап бергенине чоон рахмат сага.
-эчтеке эмес эже эми мен кичине иштерим бар ошону айтсам болобу?
-эмне иш?
Мен баарын тушундурдум. Ал мага нурдана карап:
-балам балким кеч болуп калгандыр. Бердибек башка аял алып балауу болуп калышкандыр.
-билбейм эже бирок мен билишим керек. Биздин гезитке дал сиздердикиндей таза ,ыйык суйуу керек.
-ммм… Биз Бердике экообуз суйлошуп журуп кийин ата-энем мени башкага кудалышып коюшту. Чын Бердибек экообуз акыркы ирээт жолукганбыз. Ал менден айрылганына ушунчалык капаланып,журогу жараланып турганы жузунон даана билинип турду. Мен аябай ыйлаганмын. Сен бул катты тапкан сейил бак илгээри жонокой эле бир бак болчу. Мен бул катты ошол жердеги дарактын бир бурч жагына салып кеткем. Бердике ал жерде билчуу. Анткени биз кат жазышмай ойноп ошол жерге кат калтырып,кийин окуп кубанып калар элек. Азыркы силерге окшоп интернеттен эмес кат менен жазышат болчубуз. Кызык Бердике бул катты такыр корбоптурбу? Же ал жерди унутуптурбу? Деги жаны аман болду бекен? Аман болсо эле болду.
-эже сиз ага жолуккунуз келеби?
-келет бирок ал уйлонсо анын уй-булоосун бузгум жок балам.
-анын кайжерде экенин билбейсизби?
-билбейм бирок болжолдоп айтып беришим мумкун.
-айтынызчы сураныч.
-ал туугун байкеси экоо базарда соода кылышчуу эле.
Ал эже мага базардагы ордун тактап айтып берди. Мен аны жазып алып дагы суроо узаттым:
-сиз аны сагынасызбы?
-ээх балам сагынбагандачы? Биз эки кыз элек. Синдим азыр Жалал-Абадда. Ошол жака турмушка чыккан. Ата-энем алар асманда. Б
-ммм…
-бул сыр канча жылдан бери жашырылып журот. Мени баары шылдындап Эр албас деп алышкан. Кочодон чон-кичуу дебей эр албас дешет. Мага кобу колумду сурап келишти. Бирок мен таза суйууну сактайын деп эчкимге турмушка чыккан жокмун. Анткени мен табиятымдан ушундаймын. Ушунчалык улуу суйууго кабылган экенсмин ал суйуу мени озуно байлап алды.
Демек мен эми баарын тушундум. Ошентип Акылкарачач эже менен коштошуп кайрадан Бишкек сапар алдым. Сабака барган жокмун. Жатаканага кирип кичине уктап алып базарга жонодум. Базар таптакыр озгоруптур. Мен алжерди башкарып карап жургон байкеге жолугуп:
-байке ушул жерлерде илгери ага-инилер иштоочу экен билбейсизби?
-хахаха ага-ини? Илгээрин отту-кетти. Башын иштейби сенин?
-Бердибек деген балдар иштеген экен.
-ээ башка чыккан битке окшобой бар жоголчу.
-жакшына эле суйлобойсузбу?
-жогол энендурайын кантужин!
Менин ачуум келип кетип колумдагы кундолугум менен бир чаптым. Ал ордунан атып туруп тилденип ,ун колдору менен мени жакалап жулкуй баштады. Мен дагы бош келбей карщылык корсоттум. Ангыча «токтоткула! » деген ун жанырды. Тиги байкенин козу чекчейе тушуп дароо койберди. Мен артыма карасам кара костюмчан ,кара коз айнек тагынган байке турду.
-ээй эмне жакалашып экоон?
-байке сиздин ишинин эмне? Мен атырыла суйлодум. Тиги киши мени турто коюп:
-бул биздин башчыбыз болот,оозуна карап суйло! Кечирим сура тез!
-ха ! башчынар болсо силерге башчыда. Башчы болгонго жараша колунда иштегендерге кардар менен кантип малиле тузгонду уйротуп койбойбу! ?
-ээ энендурайын эмне?
-Токтот Жалил! Бар жумушунду жаса. Артымдагы бай киши менин жаныма келип колун сунду. Мен анын колдоруна карап туруп:
-жумушка келгенде нике шакегинизди алып коёсузбу?
-атын ким балакаай?
-мен балакай эмесмин.
Ал жылмайып дыгада колун сунуп:
-таанышып алалы менин атым Бердибек а сеникичи?
Журогум оозума ккелип кала жаздап:
-Бе.бе.бер…
-Бердибек,Бердибек. Эмне жузун кубара тушту. Озум коркунучтуу болбосомда атым корунучтуубу?
Мен бир сыйра жутунуп:
-Бердибек?
-эй Бердике эле дечи айталбай жатсан.
-байке менин атым Абдурашид.
Мен соз бар деп экообуз четирээк чыктык. Эми эле чыксак телефону шынгырап калды . Ал суйлошуп бутуп офистен суйлошобуз жур деп мени эрчитип жоноду. Унаада дагы бир киши бизнес жаатында суйлошуп кетишти. Чын эле бул Бердибекби? Же башка Бердибеке туш келдимби? Бирок мунун колунда нике шакеги жок болуп чыкпады беле?
Ошентип ал офиске барып инвесторлор менен жолугуп бир сааттан сон аларды узатып чыкты. Мен менеджер айымдын жанында кутуп отургам. Ал кирээринде :
-бул карточкада 2000мин доллар. Сен биздин тизмекке кирген балдар уйлоруно бирдей кылып болуштуруп которуп кой макулбу? Отчетту анан бересин. Жур Абдурашид.
Менин атымды бир айтканда эле жаттап калганын карачы.
Экообуз суйлошо баштадык.
-ии Абдурашид эмне кызмат?
-сиз чын эле Бердибексизби?
-ооба айланайын Бердибек Тургуновичмин.
-байке кечиресизго бирок мен бир чындыкты айтканы келдим.
-аа тиги жардамчым турасындабы?
-жоок байке сиз жонундо.
-эмне?
-бул чупурокту тааный аласызбы?
-эмне экен бул. Ал чупурокту оодарып,эчтеке жокго мунунда.
-ай атаа,эссиз жаным десе. Эми иш буткону калганда ай аттин десе.
-эмне болду?
-ёё, чупурокту алып катты калтырып кеткенимди каранызчы.
-эй кичине тушундуруп суйлосончу.
Мен башымды чайкап отуруп калдым. Ал чупурокту кайра мага берип:
-жигит жумуш издеп келсен жумуш берейин. Сен мынтип менин убактымды алба. Саат алтыда жыйналыщым бар.
-байке мага жумушунуздун кереги жок.
-ке анда убактымды албай кетебер. Ал жиндене баштады. Мен эмне болсо ошол болсун дедимда ,бирда токтобой:
-мен сейил бактан бул чупурокту таап алдым,уйг апарып ачсам ичинде кат бар экен. Катта бир кыздын арманы айтылат. Ал кызды издеп журуп акыры Таласка уйуно барып таап ага жолуктум. Ал суйгоунун кутуп дагы деле турмушка чыга элек. Ал аны катуу суйот. Айылдагылар эр албас деп шылдындашат. Бирок ошол кыз азыр кырк жаштагы эже. Болгондо дагы сиздин Акылкарачачыныз.
Бердибек кашын бириктирип мага карап:
— Акылкарачач?
-ооба байке ,мен болгону ошону айтып коёюн дегем.
-ал каерде Абдурашид?
-оой байке Таласта дебедимби?
-Талас? Мени алып барчы ал жака.
-байке сиз ишинизди кылыныз андан коро. Кечинде жыйналышыныз бар ,анан уйдо аялынызда кутуп жаткандыр.
Бердибек башын кайра-кайра ийип:
-балким бул Акылкарачачты суйгонумдондур. Мен ага болгон таза сезимимди булгабаш учун керек болсо аркы дуйнодо тартуулайм деп эчкимге уйлонгон эмесмин.
Уландысы бар…









